Чубак ажы Жалилов: “Биздеги “Сапат” мектептеринин уникалдуулугуна Гүлен менен жолукканымда да ынандым”

(Башы өткөн санда)

 — Чубак ажы, адамдардын ички дүйнөсүндөгү бушаймандык, жандүйнө кризиси, айтор, толгон токой турмуш запкыларын албайлы, алардын баарын жеңиш керек да. Көпчүлүк мекендештерибиздин жүрөгүн өйүгөн ар түрдүү көйгөйлөр бар. Эң оболу, ички дүйнөнүн тынчтыгын кантип орнотобуз? Алдыга жылууну эмнеден баштасак болот?

— Бисмиллаахир рохмаанир рохиим. Мамлекет жана мамлекеттик кызматтар жарандардын курсагын тойгузуу, чек ара маселелерин тактоо, алардын билим алууларууна көмөк көрсөтүү сыяктуу өтө зарыл маселелер менен алектенет. Ошол эле учурда “илгери идеология” деп аталган өңүттү унутта калтыргандай элес калтырат.

Жандүйнөнүн токтугу, ыймандын саламаттыгы , ички дүйнөнүн тынчтыгы адамдын бактылуу болуусун, ден соолугунун чың болуусун жана жашоосунун бакубат болуусун шарттайт. Пайгамбарыбыз Алайхис Салам Бухарий жана Муслим риваятындагы хадисте мындай дейт: “Билгиле! Адамдын денесинде бир үзүм эт бар! Эгер ошол бир үзүм эт оңолсо, дененин баары оңолот. Эгер ал бузулса, дененин баары бузулат. Билгиле! Ал бир үзүм эт – жүрөк”. Хадистен көрүнүп тургандай, пенденин аракеттеринин, ишмердүлүгүнүн, жашоосунун жана дене-боюнун соо жана саламат болуусу анын жүрөгүнүн жагдайына жараша болот. Жүрөктүн жакшыруусу жашоосунун, дүйнөсүнүн жана акыретинин жакшыруусуна алып келет. Андыктан жүрөктүн оңолуусуна аракет кылуубуз зарыл. Пайгамбарыбыз Алайхис Салам дуба кылганда: “Оо жараткан Кудайым! Өзүңдөн бүтүн (соо саламат) жүрөк сурайм!”, (Ахмад, Термизий, Насааий, Ибну Хиббан) деп мунажат кылуусу бекеринен эмес. Ал эле эмес пайгамбарыбыз Алайхис Салам: “Пенденин жүрөгү оңолмоюнча, анын ыйманы оңолбойт!”, (Ахмад) деп кесе айткан.

Азирети Хасан Басрий кайсы бир адамга төмөнкүдөй осуятын айтты: “Жүрөгүңдү дарыла! Анткени Алла Тааланын пенделеринен талап кылганы –алардын жүрөктөрүнүн таза болуусу, оңолуусу. Пенденин жүрөгү качан оңолот? Качан пенденин жүрөгү, жандүйнөсү Алла Тааланы таанууга, маарифатына мелт-калт толгондо, жалгыз Жараткандын улуулугу, махабаты, андан коркуу жана үмүт кылуу, ага тобокел кылуу журөктү өзүнө жай кылганда, жандүйнө менен жуурулушканда толот. Мына ушул таухиттин, “Кудайды жалгыз” деп билүүнүн акыйкаты! Мына ушул “Лаа илааха иллАллооху” деген келменин маңызы.

Пайгамбарыбыздын жолдоштору болгон кутман сахабалар айтышты: “Оо Жараткан улуу Кудайдын урматтуу пайгамбары! Биз жараткан Эгебиз жалгыз Кудайды теңдешсиз жакшы көрөбүз”. Мына ушул мезгилде Алла Таала пенделеринин өзүнө болгон махабат-сүйүүсүнө алаамат-белги койгусу келип, төмөндөгү аятты түшүрдү: “Айткын: эгер Алла Тааланы сүйсөңөр, мени (Мухаммад пайгамбарды) ээрчигиле, Алла Таала силерди жакшы көрөт!”. Ошондуктан бекеринен “Билгин! Сен Алла Тааланын ибаадатын, ага итаат кылып моюн сунууну жакшы көрмөйүнчө, Алла Тааланы жакшы көрө албайсың!” деп айтылган эмес.

Мамлекеттик саясат пенделердин ыймандуу, бүтүн жүрөктүү болуусуна аракеттенүүсү, кудайтаануу маселесине кам көрүүсү, сиз козгогон маселенин эң алгачкы жана эң негизги кыймылдаткычы болуусу кажет. Мындан башка жолду издөө курулай убаракерчилик.

Сиздин сурооңуздун жообу жетишээрлик берилди окшойт.

— Руханий ачкачылык боюнча ар багыттагы илимий чөйрөдөгү окумуштуулар акыл парасаттарына жараша жорумдарды айтып келишет. Сиздин оюңуз кандай, руханий ачкачылык эмнеден улам жаралат? Мындай бөксөлүктү кантип толтуруу керек?

— Эсил кайран совет доорун канчалык жамандаганыбыз менен, ал доордун өзүнө жараша жакшылыктары болгон. Мисалга алсак, орус жазуучусу Лев Толстойдун “Согуш жана тынчтык” (“Война и мир”) романы кыргыз тилине которулуп, эң жакшы мукаба менен басылган. Бул роман дүйнөлүк адабияттын негизги чыгармасы жана Толстойдун адабий жетишкендиги болуп саналат. Ошондой эле дүйнөлүк адабияттын дагы бир көрүнүктүү өкүлү Мигель де Сервантестин “Дон Кихот”, Теодор Драйзердин “Женни Герхардт”, Феодор Михайлович Достоевскийдин “Көк мээ” (“Идиот”) жана башка эмгектер кыргыз тилине оодарылып, окурмандарга сунушталган. Азыркы жаандан кийинки козу карындай жайнаган жарма жазуучулардын чала чыгармаларынан көрө, мына ошолорго басым коюп, кайра чыгарса жакшы болчудай. Өз учурунда мурунку президентибиз Алмазбек Шаршеновичке да айткан элем. Азыркы аппарат жетекчи Фарид Ниязов мырзага ошондо тапшырма бергендей болгон эле.

Андан сырткары, илим-билимге, билимдүү болууга, мугалимдик кесиптин кадыр-баркын көтөрүүгө аракеттердин болуусу милдеттүү. Интеллигент болуунун маани маңызын арзып түшүнүү кажет.

Финляндия өлкөсүнүн өнүгүү сырларын изилдеп, китеп жазган Григорий Петров өзүнүн китебинде Снелман баш болгон жаш финн интеллигенциясынын өкүлдөрү  жалпы элди агартуу майданына аттангандагы дайыма айтчу сөзүн төмөнкүдөй келтирген: “Интеллигент болуу заманга ылайык жашап, кырдуу шым, ак көйнөк кийүү дегенди эле билдирбейт. Билимдүү катмар жалпы элдин мээси сымал. Эл силерди “жакшы акча таап, кечкисин эс алуучу жайларга барып, шапар тепсин” деп жакшы билим берген жок. Андайларды “чыныгы интеллигент” дебей, “интеллигенциянын чириндиси” десек да болот. Силер улуттук аң-сезимди өнүктүрүүгө, улуттун рухун ойготууга, улуттук эркти күчөтүүгө милдеттүүсүңөр. Элдин аң-сезимин ойготуп, дыйкандарга, жумушчуларга, карапайым калктын төмөнкү катмарына канткенде жакшы жашоого жетүүгө болорун үйрөтүшүңөр керек. Аларга кантип иштеш керек экенин көргөзгүлө. Колундагы болгон кичинекей байлыгын канткенде дагы жакшыраак, пайдалуурак колдонууну көргөзгүлө. Өзүнүн жана бала-бакырасынын ден соолугун бекемдөөнүн, сактоонун жолун көргөзгүлө. Аларга үй-бүлөдөгү бакубатуулукка кантип жетүүнү, күйөөсү аялына, аялы эрине кандай мамиле кылуу керектигин, балдарга кантип жакшы тарбия берилерин үйрөткүлө. Элибизди тактыкка, тартипке көндүргүлө. Элди абийирдүүлүккө  көндүргүлө. Жалпы тартипти баалоого үйрөткүлө. Башкалардын да, өзүнүн да укугун сыйлоого көнүшсүн. Мына ушул жагынан жалпыга өрнөк болгула! Элди тартипке чакыруучу экениңерди сөзүңөр менен да, жасаган кыймыл-аракетиңер менен да көргөзгүлө. Аларды тарбиялоо, улуу, маданияттуу элдин катарына чыгаруу силердин милдетиңер. Элиңердин караңгылыгы, оройлугу, түркөйлүгү, уят-сыйытты билбеген аракечтиги, алсыздыгы, жакырлыгы – мына ушунун баары силерди уятка калтыра турган, күнөөкөр кыла турган нерсе…”. (Бир өлкөнүн өнүгүү сырлары,23-24 бб.)

Снелман жана анын командасынын ушул эле чакыруусун жалпы кыргыз интеллигенциясына багыттайт элем. Албетте, эгер алар бар болушкан болсо. Болбосо, жаңы интеллигенцияны түптөөбүз, даярдообуз зарыл. Айта кетчү нерсе, Петровтун “Бир өлкөнүн өнүгүү сырлары” (“Финляндия страна белых лилий”) китебин Кыргызстандын өнүгүүсүн каалаган ар бир жаран окуп чыгуусун милдеттүү (!) деп санайт элем.

— Кыргызстанда Гүлендин коммерциялык билим берүү системасы өнүгүүдө. “Сапат” (“Себат”), “Кембридж”, “Силк Роуд” сыяктуу баасы кымбат мектептерге оюңуз кандай? Бул окуу жайларда кедей-кембагалдардын идиректүү балдары билим алууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Мамлекетибиз шарт түзсө болбойбу?

— Билим берүү каражатты талап кылат. Булан институту мектептерге мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражат жана ата-энелерден акча чогултуу көйгөйү тууралуу иликтөөлөрүнүн биринде, көп жылдар бою мектеп директору болуп эмгектенген, андан кийин Нарын облустук билим берүү башкармалыгын жетектеп, билим берүү жана илим министрлигинде орто жана орто мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын да жетекчиси болуп эмгектенген, бул тармак боюнча орчундуу маселелерге арналган бир нече китептин автору Чолпонбек Тиленбаев агай менен баарлашканда, ал киши агартуу тармагындагы маркетингди туура колдонгон айрым тараптарды белгилеп, алардын катарына “Оксфорд”, “Кембридж”, “Сапат” деген мектептердин түзүлгөндүгүн айтат. Бул окуу жайлар элдин талабын эске алуу менен, окуу-тарбия иштерин жаңыча уюштурууда алдыңкы иштерди жүргүзгөндүгүн кеп салды. Албетте, “бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” дегендей, майдандын жоокери Чолпонбек агайдан кыйыныраак билгендер аз эле болсо керек.

Ата-эне балдарына татыктуу билим берүүнү жолго коюусу зарыл. Менин балдарымдын баары азыркы учурда “Сапат” мектептеринде билим алат. Менин жеке изилдөөм, Ислам илимдери боюнча адис катарында да, ата-эне катарында да бир канча жылдык изилдөөлөрдөн кийин ушул мектептерден балдарымды окутууну туура деп таптым. Аларда берилген билим берүүнүн сапаты, билимге айкалышкан туура тарбиянын уникалдуулугу, мугалимдердин өздөрүнүн тарбияга ээ болуусу, жана жалпы атмосферанын жагымдуулугу мени ушул нерсеге түрттү.

Америкага болгон илимий сапарымда Фетхулле Гүлен мырза менен болгон жолугушуум бул оюмдун туура экендигине дагы бир жолу ынандырды.

Туура, бул мектептерде балдарды окутуу бир канча каражатты талап кылат. Бирок, эске ала турган жагдай: балдарга берилген эң жакшы инвестиция — бул аларга татыктуу тарбия жана татыктуу билим берүү. Той-ашка кете турган чыгымдарды азайтсак, жылына жаңы кийим ала берүүнү токтотсок, үйдөгү эмеректерди жыл сайын модага ылайык алмаштырууну азайтсак, тамак-аштагы ысырапкерчиликке бөгөт койсок, менимче баардыгы ордуна ке лет.

Мен өз балдарымдын келечеги үчүн болгон мүмкүнчүлүгүмдү жумшайм. Эртеден кечке чейин кара жанымды карч уруп иштейм. “Балдарды окутам” деп азыркыга чейин үй той же уул той дегендерди берген жокпуз. Болгону, апам ыраматылык өткөндө Куран окутканга туура келди. Тойго чакырылганда ашкере чоң кошумчаларды алып баргандан сактанабыз. Кийимди да биротоло эскиргенге чейин кийгенге аракет кылабыз. Үйдө өтө зарыл болгон эмеректерди гана колдонобуз. “Чубак ажынын балдары экен” деп эле баарын бекер окутпайт экен алар. Баардык балдар окугандыгы жана жакшы окугандыгы үчүн жеңилдетүүлөрү бар албетте.

Жеке мектептердин пайда болуусу атаандаштыкты шарттайт. Бара-бара элдин баардык катмарынын балдары жакшы мектептерден билим алуусуна шарт түзүлөт деген ойдомун. Биринчи кадамды мамлекет эмес, ата-энелер баштоосу шарт.

— Ислам динин терең түшүнбөй туруп эле даават айткандарды сиз да байкайсызбы? Негизинен дааватты билимдүү аалымдар айтыш керекпи, же динди чала түшүнгөндөр деле урдура берсе болобу?

— Ооба, байкалат. Бекеринен “чала молдо дин бузар” деп айтылган эместир. Диндин терең маселелерин терең билимдүү адамдардын айтуусу милдеттүү. Ар ким эле каалагандай оозун чоё берген болбойт. Кимде ким диний маселени үйрөнбөй, билбей туруп эле сүйлөй берсе, кыяматта кылган ишине жооп берет.

А бирок эске ала кетчү жагдай, диний маселенин чоо-жайын түшүндүрбөй эле, жөн гана мечиттерге, Ислам жолуна, ыймандуулукка чакыруу – ар бир адамдын жумушу. Бул жумуш илимдүүлөргө гана милдеттүү болуп, калгандары бул иштен бошотулуп калган эмес. Даават дегендин мааниси – ыймандан кабары жокторду мечитке чакырып, илимдүү адамдын сөзүн угууга шарт түзүп берүү. Эч бир дааватчы илимден сөз козгогонун көргөн жокмун. Болгону ыймандуулуктун жакшы жактарын айтып, мусулман болуунун милдеттүүлүгүн жеткиришип, мечитте отурган аалымдарга аларды оро-пара кылуу алардын максаты. Ошол мечиттеги терең билимдүүлөрүбүз аларга каалашынча маселесин саймедиреп беришет.

— Түрмөлөрдө отургандардын 90 пайыздан ашыгы намаз окушат экен. Бирок, көп учурда динди жамынып алышып эле кайра кылмыш кылгандары айтылып келет. Бул жагынан оюңуз кандай?

— Түрмөгө бирөө жыргаганынан түшпөйт. Кээ бирлери чындап эле күнөөкөр болсо, башкалары жалгандан курулай доого жыгылып түшүп калган болот. Же саясый атаадаштыктын курмандыктары да болуп калуусу мүмкүн. Канткенде да алардын улуу Жаратуучуга кайрылгысы келет. Чыныгы күнөөкөрлөр тооба кылгысы келсе, курулай дооматка жыгылгандар, ак жеринен күйгөндөр арманын айткысы келет. Айтор, баардыгынын Кудай Таалам менен иши болот. “Башы оорубагандын Кудай менен иши жок” дегендей, ал жерде баардыгынын башы ооруп турат. Ошондуктан, намазга жыгылып, мусулманчылык милдетин аткаруу ал жерде көбүрөөк болот. Мен билген кээ бир саясатчылар түрмөгө түшүп чыккандан кийин  намаз окушуп, мурунку бейбаштыктарын аткарбай эле тартиптүү болуп жүрүшкөнүн көрүп жүрөм. Эң эле коркунучтуу нерсе – ошол түрмөгө түшкөндөн кийин да намаз окуганга мойну жар бербей жүргөндүк. “Эми аны түрмө оңдобосо, анда мүрзө эле оңдойт экен да” деп ойлоп кетем.

Учурдан пайдаланып, ошол жактын даамын татып жаткан Бектур Асанов, Өмүрбек Текебаев жана башка саясатчы мырзаларга “намаз окуңуздар, бул сиздерге берилген мүмкүнчүлүк” дейт элем. “Эр жигиттин башына күн түшсө өтүгү менен суу кечет, аргымактын башына күн түшсө, ооздугу менен суу ичет” деген кеп бар. “Төө мингенде жигитти тегеректеп эл жүрөт” дейт, тегеректегендер аз болгон учурда Кудай менен жакын болуп алсаңыздар акыры жакшы болот. Аккан арыктан суу агып, кайра эл тегеректеп калган учур келгенде, балким бул мүмкүнчүлүк алыстап кетип калаар…

Элибизден дагы бир кеменгер кеп: “Үйрөнгөн адат калабы, уйга да жүгөн салабы”. Анын сыңарындай, кээ бирлер намаз окуп деле кайра күнөөгө барып жатса, “Кой аксагы менен жүз”, “Бир карын майды бир кумалак чиритет” деп жооп беребиз.

Эми ошол түрмөдөн намаз окуп, кайра күнөөгө баргандын тарыхын карап көрсөк, намаз окуганга чейин он уурулук кылса, намаз окугандан кийин эки ирет уурулукка барган болот. Демек, намаз аны акырындык менен оңдоп жаткан турбайбы!?   Ынсаптуулук ар убакта бааланат.

— Биздин коомдо кара дуба окутуу менен өч алгандар кеп болуп жүрөт го? Кара дуба окуткан адамдардын тагдыры кантет анан? Жыргап эле жүрө беришеби? А запкысын көрүп, дубага “байлангандар” эмне болот?

— Кара дуба окутуу бул сыйкырчылык болуп эсептелет. Сыйкырчылык – арам. Баардык диндерде арам экендиги анык айтылган. Сыйкырчылыкты үйрөнүү да, аны үйрөтүү да арам. Аны үйрөнүү да, үйрөтүү да, ишке ашыруу да адамды динден чыгарат. Каапыр болуп саналат.

Имам Бухарий жана Муслимдин риваятында Пайгамбарыбыз Алайхис Саламдан мындай айтылат: “Жети жексен кылуучулардан (кыйратуучу) сактангыла! Алар:

  1. Алла Таалага шерик кошуп, ширк келтирүү (арбактарга, мазарларга, булактарга, ыйыктыктарга сыйынуу;
  2. Сыйкырчылык (үйрөтүү, үйрөнүү, амал кылуу);
  3. Бейкүнөө жанды өлтүрүү (бойдон алдыруу, жол эрежелерин сактабай автокырсыкка дуушар болуу ж.б.);
  4. Сүткорлук (процентке акча берүү, алуу, ортого далдалчы болуу);
  5. Жетимдердин акысын жеп коюу (мурастарын бербей коюу, балдар үйүнүн азыктарын уурдап үйүнө көтөрө кетүү, жалгандан документ топтоп мамлекетти алдап пособия алуу ж.б.);
  6. Душманга бет алып, кылчайнашкан согуш күнүндө Ата мекенди коркунучка калтырып, аркага качуу;
  7. Бейкапар жүргөн момун аялдарды зынакорлук менен айыптап сүйлөө.

Пайгамбарыбыздын хадисинен көрүнүп тургандай, кара дуба окуткандар жыргап кетпейт. Тозоктун отуну болгонго өздөрүн даярдашат.

Сыйкырланып калгандар такыба илимдүү адамдарга дем салдырып, өздөрү да намаз окуп, даарат менен жүрүүсү, таңкы жана кечки зикирлерди айтуусу жакшы натыйжаларды берет.

Ибн Аббстын риваятында айтылгандай, Пайгамбарыбыз Алайхис Салам Хасан менен Хусейинге “Аъуузу бикалимаатиллаахит тааммати мин кулли шайтаанин ва хаамматин ва мин кулли айнин лаамма” деген дубаны окучу. Дубанын мааниси: “Алланын кемчиликсиз сөздөрү менен баардык шайтандан, зыяндуу курт-кумурскалардан жана жаман көздөн силерге башпаанек тилейм”.

Абу Муса ал-Ашьаринин айтканына караганда, пайгамбарыбыз бир элдин зыянынан чочулаганда, мындай деп дуба кылчу: “Аллахумма иннаа нажьалука фии нухуурихим. Ва наьуузу бика мин шуруурихим”. Дубанын мааниси: “Оо, Жараткан Алла! Сенин коргооңду аларга каршы калканыч кылабыз. Алардан келе турган ар кандай жамандыктан сага  корголойбуз”. (Пайгамбарыбыздан дубалар, 44-45 бб.)

(Уландысы кийинки санда)

Асланбек САРТБАЕВ

Булак: Азия Ньюс 

 

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *