Дайырбек Орунбеков, журналист: «Бакиев балдарга берген тамакты, Атамбаев келип кайра алды…»

2006-жылы президент Курманбек Бакиев мектеп окуучуларына ысык тамак берүүнү ишке ашырып, ал ушул убакка чейин уланып келген. Ал мамлекеттин казынасынан каржыланган. Өткөн жылы мамлекет аны каржылай албай калып, Орусиядан жардам келип окуучулар ошонун эсебинен тамак ичкен. Эми, Атамбаевдин бийлиги тамак берүүнү токтотуу демилгесин көтөрдү. КСДП фракциясы «окуучулар тамак ичпейт экен», — деген шылтоо менен ысык тамак берүүгө кеткен каражатты токтотуп, башка багытка бура турганын жана окуучуларга тамак берүүнү токтотуу зарылчылыгы жаралганын айтышууда… Ошону менен катар эле «Референдумга жок» кыймылынын курултай өткөрүүгө бийлик тоскоолдук кылып, өткөрүүгө жай бербей жатканын Равшан Жээнбеков айтып, ал Бакиевдин убагында мындай кысым, курултай жана жыйындарга жай бербей койгон учур болбогонун айтты. Ошону менен катар, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бакиевдин убагында менчикке берилген батирине Атамбаев асылып жатканына нааразы болду. Ал, «Бакиев кылбаган жамандыкты, Атамбаев кылып жатат»,- деп айтты. Айтор, коомчулук күндөн күнгө Бакиевдин артыкчылыгын, жакшы жактарын, Атамбаевге салыштырмалуу түзүк болчу деген пикирлерин билдире башташты…

Дайырбек ОРУНБЕКОВ, журналист

3 комментария

  • Бакиевке жетиш кайдааан. Бакиевти кубалап жакшы турмуш курмак атка минерлерибиз бири бирин чукушуп отурушат го. Тамакты бул жака еле коелу,президентибиз суйлогон созун жондоп алсынчы сураныч.

  • Кыныр иш кырк жылда билинет дечу эле, мына кан койобербейт деген чын. Канчалаган энелердин коз жашы, эр азаматтардын бей ажал олуму булардын баары ошол бойунча кала бербейт Аллах баарын карап турат, кимдин ким экенин озу эле корсотуп койот. Мына бири биринин кылган кылмыштарын ачып жатышат, ошол 7-апрелде болгон окуяга да ушулар куноолу.

  • кыргыз:

    ТОЧ менен АША 7 апрелде курман болгондор ким тарабынан олтурулгонун айтышы эле калды, ошондо баарына чекит койулат .Ал эми Бакиев болуш баарынын колунан келе бербейт. Эл журт жон эле жогорудагылардын айтканына ишенишет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *