Дастан Сарыгулов, экс-Мамлекеттик катчы: «Темир Сариев жалгыз келип, жекеме-жекеге мени менен чыксын, коркпосо келсин»

— Дастан Исламович, 28-январь күнү өткөн жыйында “Кумтөр” келишимдерин денонсациялоо же болбосо улутташтыруу жөнүндө сөз болуп, аны А. Бекназаров, М. Шеримкулов, А. Матубраимов, О. Дүйшеев, Б. Мамбетов, М. Абылов жана башкалар колдошту. Сиз бөлөк жолду айтып, алардын сунушун колдобой койдуңуз. Эмне үчүн? Кенди өзүбүзгө өткөрүп алсак эмнеси жаман?

— Кыргызстанда деңиз жок. Демек, суу астында атом кыймылдаткыч менен жүргөн аскер кемени эч ким көргөн эмес. Ал жөнүндө кыргыз уккан, сүрөтүн көргөн, бирок ичине түшүп башкарган эмес. 25 жыл бою ошол кеме жөнүндө саясатчылар, депутаттар, серепчилер, министрлер, адис сөрөйлөр “кеме жаман экен, андай-мындай экен” деп келатышат. “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” деп илгери эле бабаларыбыз билип айтыптыр да. Бирок, “Кумтөр” бөдөнө эмес, өлкөнүн өнөр жай тармагын 40 пайыз, ички дүң продукциянын 4–5 пайызын берген өндүрүш. Ошол үчүн “Кумтөр” дайыма чоң саясат болуп келген. Бүгүн да чоң саясат болуп турат. Далай кишилер “Кумтөргө” асылып байышты, депутат болушту, орден алышты… Балдарына 10–20 миллион доллар байлык калтырышты… Бирок, көп учурда ошол саясат элдин кызыкчылыгын көздөбөй, чакан топтун, тар чөйрөнүн, жеке бирөөнүн пайдасы үчүн жүргүзүлүп келди. Бул өтө өкүнүчтүү көрүнүш болду.

— Сиз айткан адамдар министр, депутат, спикер болуп иштегендер, юрист, тоо-кен инженери дагы бар. Алар адис да?

— Илгери атактуу, кырктан ашып калган Нурмолдо төкмө акын жаш бала Жеңижок менен айтышып, эки чай кайнатым убакта аалам, адам, дүйнө, аягында бийиш, тозокту айтып ырын токтоткондо, калыстар Жеңижокко “Баарын Нурмолдо айтып салды, сага сөз калбай калды, айтышпай эле ак жеңилдим де” дептир. Анда Жеңижок “Жапыраңдап ырдайсың, тозок менен бийиштин колуңда окшоп ачкычы… Өзүң өлүп көрбөсөң кайдан билдиң аларды?” деп баштаганда калың эл каткырып күлүп, калыстар “Балам, байге сеники” дептир. 25 жылдан бери “Кумтөргө” асылып, сындап, жамандагандар өздөрү алтын иштетиптирби? 190 барак Башкы келишимди (1994-жылдагы) окуптурбу? Окуса канчасын түшүнүптүр? Сиз адис деп аткан кишилер бир күн өндүрүштө иштеп, завод, фабриканы жетектептирби? Же айлап, жылдап батыштын юристтери, ири банктын адистери менен талашып, тартышып, кредит алып, “Кумтөрдү” куруп, аны ийгиликтүү иштетип, өлкө өнөр жайдын 40 пайызын бердирген тажрыйбалуу, такшалган чарбакерлерби? Калыстык башынан башталсын да.

— Кечээки жыйында сунушталган негиздемени жетишсиз деп ойлойсузбу?

— Алар жазган негиздеме юридикалык документ болуп эсептелбейт. Ал саясый баяндама.

— Анда, сиздин оюңуз боюнча негиздеме кандай болушу керек?

— Өнөктөш (партнер) келишимдин түкүнчө, бастанча, баланча беренелерин бузду. Аны далилдеген түкүнчө документ жалпы көлөмү бастанча барак тиркелет. Келишимдин түкүнчө, баланча, бастанча беренелерине таянып, Кыргызстан келишимден чыгар жана Кыргызстанга келтирилген баланча миллион доллар зыянды төлөп берүүнү өнөктөштөн Кыргызстан талап кылат… Зыяндын эсеп-чоту, негиздемеси баланча документ, түкүнчө барак тиркелет деп жазылса, ал юридикалык негиздеме болот эле.

— Өнөктөш ага макул болобу же эл аралык арбитраждык сотко кайрылабы?

— Сөзсүз кайрылат. Өзүнүн дооматтарын келтирет. Ал сот бир-эки жыл созулат. Батыштын мыйзамдарын жакшы билбеген Кыргызстандын өкүлдөрү талаша албайт, же Акаев, Бакиев жана башкаларды сатып алган акчалуу өнөктөш Кыргызстандын өкүлдөрүн сатып алат (ар бирине 5–10 миллион доллар берип).

— Сиз айткан негиздемеси жок эле денонсация кылсак кандай болот?

— Анда ал юридикалык жактан денонсация эмес, экспроприация деп бааланат. “Центерранын” бир нече жүз миң акциясын сатып алган Канаданын жарандары “Кыргызстан биздин мүлкүбүздү тартып алды” деп Кыргызстанды сотко берет. Алар үчүн менчик мүлктү тартып алуу асман жерге кулап түшкөнгө тете… Кыргызстанга санкция киргизилет.

— Санкция киргизсе эмне болмок эле?

— Кыргызстан эли өзүнө керектүүнүн 70 пайызын сырттан ташып келет. Санкция киргизилсе эл кыйналып, акыры толкуйт. Президентти кетирет…

— Национализация боюнча кандай ойдосуз?

— Ал менчик өндүрүштү мамлекеттин ээлигине алуу деп таанылат. Ага саясый негиздеме эле жетиштүү болот. Бирок, сырттан келген инвестиция кан буугандай токтойт. “Кумтөр” да токтошу мүмкүн. Аягы эл көтөрүлүп, президентти алмаштырат…

— Демилгечилер ушул айткандарыңызды билбейт деп ойлойсузбу?

— Булар Бишкекте тегерек столдо опурулуп, бакылдаганга эптүү. Батыштын юристтери желин заматта чыгарып, эки чайнап бир жутат. “Кыргызалтынды” жети жыл жетектеп, жылына 250 тонна алтын өндүргөн “Ньюмонт майнинг”, 65 тонна алтын өндүргөн “Норманди майнинг” компаниялардын юристтери менен далай жума талашып, тартышып, аларды “Кыргызалтындын” партнёру кылган адис катары айтып жатам.

— Андай кылсак да, мындай кылсак да болбосо, “Центеррага” өз ырыскыбызды жедирип жүрө беребизби?

— “Ар бир ишти көзүн таап кылсаң ийгилик коштойт” деп илгери эле бабаларыбыз айткан. Бул жолу да көзүн таап иш кылуу керек.

— Сиз көзүн таап, сунуш кылган үчүнчү жолду түшүндүрүп бериңизчи?

— Биринчи кадам: Союздан калган мүлктүн баары Жогорку Кеңештин чечими менен менчикке берилген. 1994-жылы кол коюлган Башкы келишимде “Кумтөрдүн” акциялары Жогорку Кеңештин макулдугу менен гана чыгарылат” деп жазылган. Конституцияда дагы ошентип көрсөтүлгөн. 2003, 2004, 2005-жылдары бул маселени Жогорку Кеңеш карап, 3 жолу каршы токтом кабыл алган.(Т. Сариев 3 жолу “Центеррага”
“Макул” деп добуш берген, Үзөңгү-Кууш Кытайга өтсүн деп да добушун берген). Сотко жарандар же коомдук уюмдар кайрылып, “Центерра” Кыргызстандын Конституциясына жана 1994-жылкы Келишимге каршы, демек мыйзамсыз түзүлгөн деп таанылышын талап кылуу керек. Сот “Комекону” чакырып, Жогорку Кеңештин макулдугун көрсөтүүнү сурайт. Андай уруксат жок болгон соң, сот “Центерра” мыйзамсыз түзүлгөн деген адилет чечим чыгарат.

Экинчи кадам: Соттун чечиминен кийин Башкы прокурор “Центерра” мыйзамсыз түзүлгөн факт боюнча кылмыш иш козгойт.

Үчүнчү кадам: Жогорку Кеңеш: 2003-жылы 31-декабрда Танаев кол койгон токтомду жокко чыгарат. Анткени, ал Конституцияга каршы жана “Өкмөт жөнүндө” мыйзамды бузуу жолу менен кабыл алынган (Өкмөттүн отуруму болгон эмес, протоколу жок жана Жогорку Кеңештин укугун мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алган деген негизде). “Центерра” мыйзамсыз түзүлгөндүн кесепетинен Кыргызстан зыянга учураган жоготуулардын көлөмүн далилдейт жана бекитет. Россиянын Госдумасына кайрылат да, өйдөдө кабыл алынган чечимдерди негиз катары тиркеп, Акаев менен Танаевди экстрадициялоону талап кылат. Канаданын парламентине кат жиберип, “Камеко” мыйзамсыз түзгөн “Центерра” Кыргызстанга канча зыян келтиргенин көрсөтүп, “Камеко” тараптан аны төлөп берүүгө жардам көрсөтүүнү суранат.

Төртүнчү кадам: Өкмөт Канаданын сотуна кайрылып, Канаданын баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамын “Камеко” одоно, орой бузганын таанууну суранат. 2003-жылы “Центерра” мыйзамсыз түзүлгөн деген соттун чечими чыгып, экинчи, үчүнчү кадамдан кийин, 2003-жылдагы коррупциялык келишим автоматтык түрдө жокко чыгат жана 1994-жылдагы Башкы келишим кайра күчүнө кирет. Маселенин башы ушу менен чечилет.

— 1994-жылдагы Башкы келишим да коррупциялык келишим болгон деп бир топ саясатчылар айтып жүрүшпөйбү?

— Алардын баары көп жыл алтын өндүрүштө иштеп, дасыккан, тажрыйбалуу адис болуп таанылабы? Жок, таанылбайт… Алардын айткандарынын баары негизсиз, далилсиз, “Кумтөргө” асылып жеке өзүнө пайда табуу үчүн айтылган сөздөр. Орустар мындай сөздү “Бред сивой кобылы”, кыргыздар галдирбай, дөөдүр сөз дейт.

— Бул айтканыңызды далилдеп бере аласызбы?

— Биринчи: 1992-жылдан баштап 1994-жылга чейин Башкы келишимдин
долбоору: 3 жолу Жогорку Кеңештин сессиясында (10.12.1992, 18. 12. 1993, 25.05. 1994), бир жолу Жогорку Кеңештин Презиунумунда (5.07.1993), бир жолу Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен отурумунда талкууланган. 7 жолу Өкмөттүн отурумдарында талкууланган (31.12.1993, 4.08.1993, 6.11.1993,
25.02.1994, 21.04.1994, 23.05.1994, 31.05.1994). Бул сессияларга, отурумдарга жалпы 335 депутат, 167 министр, комитет жетекчилери, орун басарлары, эксперттер, жалпы саны беш жүздөн ашык адам катышкан. Бүгүн 10–15 адам 500 адамды коррупционер, Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын саткан деп айтканга укугу барбы? Айтканын негиздеп, документтер менен далилдеп бере алабы? Бере албайт. “Жерүй”, “Талды-Булак”, “Штамберди” жана башка алтын кендери бир дагы жолу Жогорку Кеңеште, атүгүл Өкмөттө да каралбай бир адамдын буйругу менен чет өлкөлүктөргө берилгенин жакшы билип, аны эмне үчүн айтып чыгышпайт?
Анткени билишет, алардын үлүшүн алчулар алып койгон, эчтеке артпайт, айтсаң камайт…

Экинчи: Башкы келишим жакшы иштелип чыккан үчүн СССРдин күчү жетпеген комбинат 2 жыл 6 айдын ичинде курулуп бүтүп, ийгиликтүү иштеп, 2002-жылы алган кредит үстөгү менен 675 млн долларды кайтарып бербедиби!

— Комбинат 275 млн доллар менен курулуп бүтүш керек эле. Иш жүзүндө 175 млн доллар ашык каражат кетти, комбинат 450 млн доллар менен бүттү. Ушул 175 миллион долларды Сарыгулов жеп алды деп айтып жатышпайбы. Буга эмне деп жооп бересиз?

— КПССтин 26-съезди “Кумтөр” кенин иштетүү маселесин карап, СССР госпланы комбинаттын курулушуна 1 млрд рубль керек, анча каражат азыр жок, кийинки 5 жылдыкка калсын деген чечим кабыл алган (архивдеги документтер муну ырастап берет). Ал убакта 1 рубль 80 цент, 1 млрд рубль 1 млрд 200 млн долларга барабар болгон. Демек, эгемендүү Кыргызстан СССРдин күчү жетпеген комбинатты болгону 452 млн долларга куруп бүткөнү (1,2 млрд доллардан 2,6 эсе аз) коррупция болобу? “Макмалалтындын”
курулушу 1978-жылы башталып, 1988-жылы бүтүп, ага 168 млн рубль кеткен же 210 млн доллар. Болгону жылына 2 тонна алтын чыгарган. “Макмал” 1500 метр бийиктикте, “Кумтөр” 3500 метр бийиктикте, “Макмал” жылына 2 тонна, “Кумтөр” 20 тонна алтын чыгарса, “Макмалдын” комбинаты 210 млн доллар менен бүтсө, “Кумтөр” кантип 275 млн доллар менен бүтүшү мүмкүн эле? Мындай айтылган күнөөнү орус “Бред сивой кобылы” дейт, кыргыз дөөдүр сөз дейт.

— 275 млн доллар кандай чыкты жана 452 млн доллар кеткени текшерилгенби?

—275 млн доллар ТЭО (техника-экономикалык негиздеме) менен аныкталган (не на основании рабочих чертежей). ТЭО түзүлгөндө 20 тонна алтын өндүргөн башка комбинаттарга кеткен каражат эске алынат. Бул божомол, салыштырмалуу эсеп. Бирок, дүйнө жүзүндө 3500 метр бийиктикте 20 тонна алтын чыгарган комбинат жок экен да. 452 млн доллар банктын документтери менен далилденген. 1997-жылы 16-декабрда Өкмөт 15 министр, эксперттерден турган комиссия түзгөн № 737 токтому менен. Ал комиссия 7 ай иштеп 27 барактан турган корутунду жазган. Аны Өкмөт 15.03.1998-жылы өткөн отурумунда тулкуулап, № 47 токтом менен бекиткен. Чынымдын баары туура болгон деген бүтүмгө келген. Отурумга катышкан 38 адамдын баары коррупционер болгон деген сөз “бред сивой кобылы” болуп жатпайбы!

— Эмне себептен курулушка кеткен чыгым өсүп кеткен?

— 1994-жылдан баштап 1997-жылга чейин Россия-Казакстан темир жолдорунда тариф 1230 эсе өскөн. Россия-Казакстандын темир баасы 920 эсе көтөрүлгөн. Комбинаттын курулушуна 4700 тонна темир кеткен. Баалардын анча өсүшүн эч ким күткөн эмес. “Кумтөрдө” жер 50 метр тереңдикте муз болуп тоңгон. Фабриканын фундаменти нечен жүз сваядан болмок. Бирок, 20–30 жыл фабрика иштегенде жер ээрип, сваялар кармабай калат деген коркунуч болуп, фабриканын ордун өзгөртүп, асканын үстүнө которулган, бүт түтүкчөлөр 600 метр узарып кеткен. Уурдап жашап көнгөн кишинин ой жүгүртүүсү да уурулук болуп калат тарбайбы. Иликтебей, документтер менен таанышпай туруп, 175 млн долларды Сарыгулов уурдаган деп дөөрүп жатпайбы!

— “Рабочий чертеж” жок эле комбинат курулган деген айып коюлуп келатпайбы?

— “Макмал” 10 жыл курулган, Сары-Жаз ГОК 14 жыл курулуп бүтпөй калган. СССР убагында ири өндүрүш 2 кадам менен курулчу. Биринчи кадам — ​ТЭО, экинчи кадам “рабочий чертеждордун” негизинде. ТЭОго 1–2 жыл кетсе, “рабочий чертежго” 2–3 жыл кетчү. Анткени, банктан кредит алып, үстөгүн эч ким төлөчү эмес. Эгерде “рабочий чертеж” жасап, “Кумтөр” курулса анда курулуш 6–7 жылда бүтмөк. 31-май 1995-жылы Башкы келишимге кол коюлду, 1996-жылы ноябрда курулуш бүтүп, 1997-жылы майда алтын чыга баштады. “Кумтөр” 6–7 жыл курулса курулушка алган 400 млн доллар кредиттин үстөгү 275 млн доллар болбой, 580 млн доллар болмок. Сын айткандар муну билбеген үчүн дөөрүп жатышат. Алар кредит алып, үстөгү менен кайрып бергенди көрүптүрбү? Кыргызстанда бүгүн алган кредитин кайрып бере албаган 80 миң адам муну жакшы билет.

— “Кумтөр” салыктан бекер бошотулган, бул коррупция деген сөздөргө дагы каршысызбы?

— Салыктан 28-июнь 1991-жылы кабыл алынган № 536-XII мыйзамдын негизинде бошотулган. Таап окуп алышсын. Канча көп салык төлөсө, ошончо кеч “Кумтөр” алган кредиттен кутулмак, ошончо көп үстөгү төлөнмөк (275 млн доллар эмес, 380–450 млн доллар болмок). Бул Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербейт эле.

— Сизди 1992-жылы декабрда Жогорку Кеңештин сессиясында “Кумтөр” келишимине каршы сүйлөп, эртеси күнү пара алган үчүн колдоп чыккан деп күнөөлөп келишет. Ушундай окуя болгонбу?

— Мен “Кыргызалтынга” 15-октябрь 1992-жылы дайындалдым. Ал убакта “Кыргызалтында” бир барак Указ жана жалгыз мен болгом. 1993-жылы жазында адистер араң 40 пайыз эле жумушка алынган. Сессиянын алдында мага келишимди беришти. Окусам, көп кемчилиги бар экен. Орусча жазылганын англис тилиндегиге салыштырсам 5 беренеге кем экен. Каршы сүйлөгөн күнү Акаевге түшүндүрүп, келишим жарабаганын далилдеп бердим. “Анда керектүү толуктоолорду киргизе бер…” деген макулдугун берди. Эртеси күнү “Кумтөрдүн” курулушун жактап чыктым. Уурдап көнгөндөр дароо Сарыгулов пара алды деп ойлошту. Анткени, өздөрү сөзсүз ошондой кылышмак.

— Акаев келишимге толуктоолорду киргизгенге макулдугун берсе, “Кыргызалтын” канча толуктоо киргизди?

— 58 берене кошту. 31 барак болгон алгачкы келишим 117 баракка жетти. Чалгындоого СССР кетирген каражат 45 млн доллар деп бааланып, Кыргызстанга кайтарылмак болду. Менеджмент акысы 10 пайыздан 4,5 пайызга түштү. Бул Кыргызстандын пайдасына кошумча 120 млн доллар берди (10 эле жылдын ичинде).
Үлүштөр алгач 60–40 болсо, 67–33 болуп Кыргызстандын пайдасына өзгөрүлдү. Кыргызстандын жарандары “Кумтөрдө” иштегендердин мурда 60 пайызы болсо, 80 пайызга жетти. Эң маанилүүсү, Башкы келишим жаңы 39 берене менен толукталды. Ал мындай: “Камеко” обязуется оградить Кыргызскую Республику от любых убытков и ущерба (прямых или косвенных), если “Камеко” нарушит свои обязатульства по
Генеральному Соглашению.” Бул берене Кыргызстанга бүгүн кошумча 350–400 млн доллар “Центеррадан” кайтарып алганга шарт түзөт.

— 1994-жылы кол коюлган Башкы Келишим коррупциялык келишим дегендер менен түз эфирдеги теледебатка чыгасызбы?

— Мен интеллектуалдык жекеме-жекеге баарын телевизордун түз эфирине чакырам. Эл чындык, акыйкатты уксун. Ким-ким экенин билсин. Өзгөчө, мамкомиссияны жетектеген Т. Сариев, Ш. Мамбетов, О. Дүйшеев жалгыз келип, жекеме-жекеге мени менен чыксын, коркпосо келишсин.

— “Камеко” кредитти “Кумтөрдүн” алтынын күрөөгө коюп алды деген чынбы?

— Карандай калп. Жерде казылбаган алтынды күрөөгө коюп “Жерүйгө” эмне үчүн кредитти алышпайт?

— “Камеко” кредитти Өкмөттүн кепилдиги менен алган деп жатпайбы?

— Бул дагы карандай калп. Андай кепилдикти Өкмөт берген эмес.

— Анда кредитти “Камеко” кантип алган?

— “Камеко” дүйнө жүзүндө чыккан урандын 16 пайызын берет. Уран чыгарган заводдорун күрөөгө коюп, андан сырткары “Кумтөрдүн” курулушуна кайта кайтарылбаган 45 млн доллар өз акчасын берген үчүн кредит алган. Кредитти кайрып бере албаса заводдорун банк сатыкка коймок. Тобокел (риск) толук “Камеконун” мойнунда болгон.

— Эмне үчүн ал убакта өндүрүшкө кредит алуу кыйын болгон?

— СССР тарап, экономикасы кыйрап, Кыргызстандын Конституциясы, базар экономикага ылайык бир дагы мыйзамы жок болсо кайсы банк өндүрүшкө кредит бермек эле?! Ал эми Өкмөттүн кепилдиги менен 350 млн доллар кредит (Паромная переправа, цех детского питания, розлива воды “Гималай” и. т.д) 17 долбоордун бири дагы иштебей, кумга сиңген суудай жок болбодубу (негизинен уурдалды).

— “Центеррада” сиздин акцияларыңыз бар деген сөз тарабады беле?

— Мен “Кыргызалтынды” 1999-жылы өткөрүп бердим. “Центерра” 2003-жылы түзүлдү. Мага жалаа жаап, жамандагандар бир аз окшоштуруп туруп жамандаса болмок.

— Душмандарым ушунчалык көп деп ойлойсузбу?

— Далай саясатчылар “Кыргызалтынга” балдарын, туугандарын, жакындарын жумушка ал деп кайрылган. Ишти билбегендерди алсаң “Кыргызалтын” кыйрамак. Далайы кредит сураган, тетик, мунай жана башкаларды сатып ал деген (2–3 эсе кымбат баа менен). Жок десең жаман көрүп, душманга айланган. Ичи тар, көралбагандар да болгон…

— Акаев дагы акча бер деп сурады беле?

— Майрам Акаева 1 млн доллар накталай акча бересиң деген. Алтын элдики, мен жалданган кызматчымын. Элдин акчасын бере албайм дегем. “Анда ордуңа бөлөктү коёбуз, ал берет” деп мени иштен алышты. Тилин албаган үчүн мага негизсиз, мыйзамсыз кылмыш иш козгошту.

— Сиз “Кыргызалтынды” 7 жыл жетектеп турганда колуңуздан 31 млрд сом өтүптүр. Кантип эле колуңузга аз болсо да жугуп калган жок?

— Апам айткан (мен “Кыргызалтынга барганда) “Балам, алтын жалпы элге кызмат кылганда гана адал болот. Таза иште. Бизге арам жукпайт. Баары бир кусуп коёсуң” деп. Бул улуу акыйкат сөз экен. Таза иштедим, айлыктан эле төлөгөн салыгым 1 млн 800 миң сом болуптур (ал убакта 1 доллар 5 сом, кийин 12 сом эле).

— 1994-жылы кол коюлган Башкы Келишим “Центерраны” түзүүгө уруксат береби?

— Ага тыюу салбайт, бирок Жогорку Кеңештин макулдугу жана Кыргыз Республикасынын үлүшүн сактоо шарты менен гана. Келишим боюнча “Кумтөрдүн” курулушуна алынган кредит кайтарылгандан кийин “Кумтөр” комбинаты толук 100 пайыз Кыргызстандын ээлигине өтөт, башкаруу дагы Кыргызстанга өтөт, “Камеко” болгону тапкан пайданын (прибыль) 33 пайызын гана алып турат.

— Мөңгүлөрдүн үстүнө отвал төгүү боюнча келишимде кандай каралган?

— Келишимде атайын берене бар, “мөңгүлөрдүн үстүнө отвал төгүүгө уруксат жок” деген.

— “Центерраны” түзүп, “Камеконун” үлүшүн 67 пайыз, Кыргызстандын үлүшүн 33 пайыз кылуу кимдин кызыкчылыгы үчүн болгон?

— “Камеко”, Акаев, Танаев үчүн. “Кумтөрдү” Акаев “Камекого” сатып жиберген. Муну мен далай жолу айтып да, жазып да бергем. Анын далили жетиштүү, күмөнсүз, бышык, талашсыз.

—2005-жылы сиз Мамкатчы болгондо бул маселени эмне үчүн көтөргөн жоксуз?

— Көтөргөм. Бакиевге айтсам, “Экономикага сиз кийлигишпеңиз. Аны Кулов экөөбүз эле тейлейбиз” деп койгон.

— Бакиев 2009-жылы бекиткен келишим Кыргызстандын кызыкчылыгын сактады беле?

— Сактаган жок. Тескерисинче, 2003-жылы түзүлгөн “Центерранын” кесепетин ого бетер көбөйтүп, Кыргызстанды 600–800 млн доллар жоготууга учуратты.

— Кандайча жоготууга учуратты?

— 1994-жылы кол коюлган Башкы Келишимде “Камеко” “Кумтөр” долбоорунан Жогорку Кеңештин макулдугу менен гана чыга алат деп жазылган. 2003-жылдан баштап 2009-жылга чейин “Камеко” “Кумтөрдөн” мыйзамсыз 2 эсе көп пайда алган, экологияны бузган. Эч нерсеге жооп бербей, кетип калууну көздөгөн. “Камекону” “Кумтөр” долбоорунан кетирбеш керек эле.

— “Камеконун” чыгып кетишине ким жардам берди деп ойлойсуз?

— “Ак-жол” партиясынын депутаттары, Курманбек, Максим Бакиевдер, баарын уюштуруп, ишке ашырган Жогорку Кеңештин вице-спикери Кубанычбек Исабеков (ал убакта Курманбек Бакиевди Исабеков баласына өкүл-ата кылып алган). “Камеко” “Кумтөр” долбоорунан чыгаар замат өзүнө таандык акцияларын сатып, 823 млн доллар акчага байыган (анын канчасын Бакиевдерге, канчасын Исабековго бергенин тергөө гана
аныктай алат). 823 млн доллар акчанын үчтөн экиси Кыргызстанга таандык (эгерде “Центерра” түзүлбөсө). Бул 548 млн доллар. Мындан тышкары 2004–2009-жылдары “Камеко” “Центеррадан” алган пайданын үчтөн экиси да Кыргызстанга таандык (Эгерде “Центерра” түзүлбөсө. Бул дагы 980 млн доллар (Баары тактоого муктаж. Бул суммалар Т. Сариев жетектеген комиссиянын отчетунан алынды). Баары биригип бир жарым миллиард долларга жакын. Бул экологияга келтирилген зыяндан тышкары.

— 2013-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссия (Т. Сариев жетектеген) эмне үчүн ушунун баарын ачыкка чыгарып, Кыргызстандын пайдасына так иш-чараларды сунуштаган жок деп эсептейсиз?

— Комиссиянын максаты такыр бөлөк болгону кийин ачыкка чыкты. Комиссия берген маалыматтардын 40 пайызы чындыкка дал келбейт. 30 пайызы үстүртөн жазылган. Комиссия калыс, адилет иштеген эмес. Чыныгы максаты- саясый спектакль уюштуруп, элди алаксытуу. “Центерранын” жетекчилерин катуу коркутуп, кийин колдун келишинче көбүрөөк “базарлык” өндүрүп алуу болсо керек…

— Сариев Жогорку Кеңешке отчет берип жатканда, баарына жалгыз Сарыгулов күнөөлүү дегендей пикир жаратпады беле? Сиздин күнөөңүз барбы?

— Ырас, атайын тапшырманы аткарды. 1994-жылдагы Башкы Келишимге кол койгон 29 министрдин бирин дагы атын айтпай, Сарыгулов кол койду деди. 2003-жылы түзүлгөн “Центеррага” тийешеси бар 15 министрдин аттарын айткан жок. 2009-жылдагы келишимге тийешеси бар жетекчилердин бирин дагы айтпады. Баарына Сарыгулов гана күнөөлүү деген маанай жаратканга катуу аракеттенди (анткени элдин көңүлүн 2003, 2009-жылдардагы келишимдерден тескери буруп, ачуусун Сарыгуловго багыттоо тапшырманы алган). Комиссиянын отчету 488 беттен турган. Аны маселе Жогорку Кеңеште каралып жаткан учурда гана кечиктирип депутаттарга таратты. Отчетту түшүнүп, окуу үчүн эле бир жума убакыт керек. Демек, бул саясый спектакльде депутаттарды актер катары пайдаланды. Кыргызстандын кызыкчылыгы ошол бойдон чечилбей калды. Эл бир нерсени гана угуп, эстеп калды. “Сарыгулов акмак, ит турбайбы” дегенди.

— Т. Сариев ушул маалыматтарды элден жашырып койду деп так айта аласызбы?

— Өтө маанилүү далай маалыматтарды атайын айтпай, элден жашырды. Алар төмөнкү маалыматтар:
1. “Центерра” Конституцияга жана Башкы Келишимге каршы, Жогорку Кеңештин 3 жолу, 2003-жыл, 2004-жыл, 2005-жылы кабыл алган токтомдорун одоно бузуу жолу менен мыйзамсыз түзүлгөнүн айтпай койду;
2. “Камеко” Канаданын мыйзамдарын одоно бузуп, “Центерранын” акцияларын сатыкка чыгарган шылуундугун айтпай, элден жашырып койду;
3. 2003-жылы 31-декабрь күнү Танаев кол койгон токтом Конституцияга карама каршы жана Өкмөт жөнүндө мыйзамды бузуу жолу менен алынган, демек ал токтомдун юридикалык күчү жок, ал мыйзамсыз токтом экенин элден жаап, жашырды;

4. “Центерра” мыйзамсыз түзүлүп, Кыргызстанга 1 миллиард доллар зыян алып келгенин элге айтпай койду;
5. Келишимдин 3.9 беренесине ылайык, “Камеко” Кыргызстанга 218 млн доллар келтирилген зыянды төлөп бергенге милдеттүү экенин элге атайын атпай койду;
6. “Центерра” 2009, 2010, 2011, 2012-жылдары “Кумтөргө” 840 млн доллар капиталдык салым кылганы өтө күмөндүү, аны сөзсүз дыкат текшерүү керектигин элге айтпай койду.

— Бул маалыматтар кимдин кызыкчылыгы үчүн жаап-жашырылды деп ойлойсуз?

— Албетте, “Камеко” менен “Центерранын” пайдасы үчүн. Сариев бул маалыматтарды элден жашырбаса Жогорку Кеңештин кабыл алган чечими Кыргызстандын пайдасына болмок. Бул жаш балага да түшүнүктүү болуп турбайбы.

— Сариев ушул үчүн пайда көрдү дегени турасызбы?

— Пайда көргөнүн билбейм. Пайда көрдүбү же бирөөнүн буйругун аткардыбы, ал тергөөнүн иши… Бирок, “Камеко” менен “Центерранын” кызыкчылыгы үчүн кылганы талашсыз факт.

— Өз убагында эмне үчүн Сариевге, ошондогу премьер-министр Ж. Сатыбалдиевге ушунун баарын айтып берген жоксуз?

— Сатыбалдиев такыр кабыл албай койду (гезит аркылуу да кайрылгам). Сариев болсо жолуккусу да, уккусу да келбей койду. Аргасыздан 2012-жылы “Центеррага” байланыштуу 7 көлөмдүү макалаларды гезиттерге жарыяладым. Кийин түшүндүм, Кыргызстандын кызыкчылыгын талашып, аны коргоп калуу Сариевге такыр кереги жок экен. С. Жапаров жазып чыкты деп кийин уктум, Өкмөт канча пара алганын ушул үчүн. Эми аны териштиргенде гана бышык айтса болот да…

— 2000-жылдан бери бийлик “Камеконун” жактоочусу боло баштаганын эл билип калган. Т. Сариев да “Камеко” тарапка өтүп кетти деп эсептейсизби?

— Өттүбү, өткөн жокпу, аны айта албайм. Бирок, айтылган маалыматтарды элден жашырбаса Кыргызстан өз пайдасына бир топ маселелерди чечип алганга үлгүрүп калат эле. Муну бышык айтса болот. Буйрук  кишинин тапшырмасын жакшы аткарып берген үчүн премьер-министр болду да кийин…

— Сиз сунуштап жаткан планды ишке ашырып, “Центеррадан” 2 млрд доллар акчаны элибизге кайтарып бергенге кимдер каршы чыгат?

— Денонсация же национализациянын ийгилиги өтө күмөндүү, чыр-чатактуу, өтө опурталдуу жолду сунуштагандар каршы болот. Булардын саны анча деле арбын эмес. Эң зор каршы болуп, бирок тымызын катуу бут тоскондор — ​булар азыр да бийликте чоң кызматта турган 2003-жылы жана 2009-жылдагы келишимдерге тийешеси бар төбөлдөр (же алардын туугандары, балдары, достору). Мен сунуштаган план булар үчүн өтө коркунучтуу (эгерде аны ишке ашырса). Үчүнчү топ- 2012-жылдагы Мамкомиссиянын мүчөлөрү, анын төрагасы Сариев, ага ушундай кыласың деген буйрук берген адам.

— “Камеко” менен эле ишти алып барса болбойбу?

— Батыш кылмыштын 2 түрү менен гана дайыма аёсуз күрөшөт. Салыкты жашырып же толук төлөбөсө жана коррупция кылса. Бул жерде коррупция даана, талашсыз болуп турат. Ошол үчүн Батыш Кыргызстандын аракетин колдойт. Эгерде Кыргызстан "Центеррага" тийешелүү Акаев, Танаев жана башкаларды тим койсо, анда Батыш Кыргызстандын аракетин колдобойт, эки жүздүү саясат ачыкка чыгат. Демек, эки
маселе бул жерде катуу бири-бири менен чырмалышкан, аларды бирге гана чечсе болот, бөлсө чечилбейт.

— Сиздин планыңыздын ишке ашуусу же ашпай турганы президенттин чечимине байланыштуу турбайбы?

— Туура, 2 млрд долларды элибизге “Центеррадан” кайтарып алуу, Президенттин саясый эркине гана байланыштуу болуп турат. Бийлик бул пландан баш тартса, анда “Центерра” бийликтин көңүлүн таап алган дегенге эл ишенгенге аргасыз болот.

Маектешкен: Темирлан Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *