Уларбек Шаршеев ээрге көчүк баса элек жатып сын укту

Буга дейре мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп келген полковник Уларбек Шаршеев апта башында президент Атамбаевдин буйругу менен аталган ведомствонун төрагасы болуп дайындалды. 10-июль күнү президенттен ишеним алган полковник Уларбек Шаршеевди эртеси өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков чек ара кызматындагы коррупциялык көрүнүштөр жана офицерлердин ыраатсыз иш аракети үчүн сындап, бир сыйра  каарып алды. Аныгында мамлекеттик чек ара кызматындагы офицер, прапорщиктердин көпчүлүккө болгон ыраатсыз мамилеси, тарбия-таалим маселеси өздүк курам ичинде жакшы болбой жаткандыгын кайда катат элек? Мындай  шартта жаңы келген жетекчи тез арада чек арада кызмат өтөшкөн кол алдындагы кызматкерлеринин жүрүм-турум,  тарбия-таалим иштерине көңүл бурбаса болбойт го. Бир жагынан мамлекет да чек арачылардын айлыгын  чүйчүлүңдөтпөй кайрадан көтөрбөсө, тармактагы кризистик абал барган сайын жетээр чегине жетип, моралдык-психологиялык ажырым чыңала берет.

Булак: «Азия Ньюс»

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *