Экс-вице-премьер Тайырбек Сарпашевге каршы козголуп, Атамбаев токтотуп койгон кылмыш иши кайра жанданды

Өткөн 2017-жылдын 30-мартында Башкы прокуратуранын прокурору А. Мамыров тарабынан мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жана Мамлекеттик каттоо кызматынын башка кызматтагы адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгү («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш иши козголгон эле. Сарпашевге карата тергөө аракеттери анын буйругу менен «Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам» бузулганына байланыштуу болгон. Бул кылмыш иши кандай факты менен козголду эле? 2013-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы «Учкун» ААКсынан (директору Рыскелди Момбеков) туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн 40 миң даанасынын жараксыз бланкасын алган. Ага жалпысынан мамлекеттен 560 миң сом сарпталган. 2013-жылдын 28-мартында Мамлекеттик каттоо кызматы туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн бланкасын сатып алууга 8 млн сомго тендер өткөргөн. Ага «Триада-Принт» ЖЧКсы жана «Учкун» ААКсы катышкан. Жыйынтыгында «Триада-Принт» ЖЧКсы жеңишке ээ болгон. Бул ЖЧК 7 млн 46 миң 400 сомго ишти жасамак болгон. Ал эми «Учкун» 10 млн 342 миң 750 сом сунуштаган. Бирок, 2017-жылдын 25-апрелинде Т. Сарпашев өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып «Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамды» бузуу менен, мамлекеттин кызыкчылыгын сактабастан тендерден утулган катышуучунун кызыкчылыгын коргоп, бланктарды «Учкундан» сатып алууга мыйзамсыз протоколдук буйрук берген. Ошентип, кымбат баа сунуштаганы аз келгенсип, бланктардын 40 миңин да жараксыз кылып басып коет «Учкун» ААКсы. Анан ал жараксыз бланктар жер-жерлердеги жарандык абалдын актыларын каттоо Департаментинин бөлүмдөрүнө таратылып кеткен. Жыйынтыгында мунун баары жарандарга жана мамлекетке өтө чоң зыян алып келген. «Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн» бланкасынын кичитекстинде «Никеге туруу боюнча күбөлүк» деп жазылып калган. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда бул күбөлүктөр тапшырылгандан кийин Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарына 11 миң 690 жарандан даттанган арыздар келип түшкөн. Себеби, алар мындай күбөлүк менен балдары менен чогуу чет мамлекеттерге чыгууда тоскоолдуктарга кабылышкан. Тактап айтсак, мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө кайра аркага кайтарылышкан. Натыйжада миңдеген жарандарыбыздын чөнтөгүнө зыян келген. Ал эми мамлекетке келген зыяндын суммасын жогоруда айттык. Ошентип 2015-жылдын 29-октябрында Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы А. Мамыров тарабынан бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 306-беренеси (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына каршы келген ммамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү, контракт түзүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок, 2016-жылдын 29-январында жоопкерчиликтүү жак такталбагандыгы үчүн деп тергөөчүнүн тыянагы менен иш убактылуу токтотулган. 2017-жылдын 30-майында УКМКнын тергөөчүсү А. Шадыбеков Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Т. Сарпашевге карата ишти негиз жок деп токтотот. Биздин булактар билдиргендей, Сарпашевге каршы козголгон кылмыш ишин ошол кездеги президент Алмаз Атамбаев бир эле ишарааты менен токтотуп койгон. Бирок, бул иш үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрында кайрадан жанданды. Мурда Т. Сарпашевге карата негиз жок деп кылмыш ишин токтоткон токтом жараксыз деп табылды. Эми ага карата кылмыш иши кайра жанданганын түшүнө берсек болот. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Баса, ушул 40 миң күбөлүктү жараксыз кылып басып чыгарып, мамлекетке ири суммада зыян келтирген «Учкундун» ошол убактагы жетекчиси Рыскелди Момбеков дагы бул кылмыш ишинен четте калбайт болуш керек.

Андан сырткары Тайырбек Сарпашев Мамкаттоо кызматынын төрагасы болуп турганда ошол кездеги президент Алмаз Атамбаевдин буйругу менен кыргыз паспортторунан «улуту» деген графаны алып таштаганы жана азыр бир да кыргыз өзүнүн улуттук паспортуна «кыргыз» деп жаздыра албай калганы үчүн  коомчулуктун сынына, карылардын каргышына кабылып келатат.

Бакытбек Эргешов

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *