Фарид Ниязовго кулак кагыш: Ысык-Көлдө СДПК ыдырап, элдин колдоосу «Республика-Ата Журтка» өтүп кетти

СДПКнын ыдырашынан улам Ысык-Көлдө элдин колдоосу «Республика-Ата Журтка» өтүп кеткенин жашырууга мүмкүн эмес. Учурда СДПК партиясынын абалы Көлдө оор болуп турат. Аталган партияга эмгеги сиңген, берилип иштеген фанаттардын баарысын тазалашып, ордуна мурдагы ак жолчу-көкжолчуларды кошуп алышкан. Мындан улам партиянын таасири төмөндөп, акыркы кездердеги шайлоолордо жеңишке жетпей келгендиктери да ошондон. Эски партиялаштар облус координатору Анарбек деген жигитке, Жылкыбаевдин орунбасары Моңолдоровго, ЖК депутаты Данияр Аттокуровго нааразы экен. Мына ушул аты аталган жигиттер жең ичинен тон бычып, партиянын бетине көө жаап жатышыптыр. Фарид Ниязов чындыкты билгиси келсе же шайлоодо жеңишке жетишем десе тез аранын ичинде эски СДПКчылардын үнүн угуп койсо ашыкча болбос.

Булак: «Ачык саясат»

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *