Канатбек Исаев кантип темир торго отуруп калды?

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев 12 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылды. Соттун чечиминин негизинде ага амнистия колдонулуп, жаза мөөнөтүнүн төрттөн бир бөлүгү кыскарды. Мына ушундай жаңылык маалымат айдыңында жаңы жылдан кийин желдей жортуп тарады.

Исаев КРнын Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин («Кор­рупция») 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылганын эскерте кетели. УКМКнын 11-майдагы маалыматына ылайык, Канатбек мырза Токмок шаарын жетектеген кезинде муниципалдык менчиктеги жер тилкесин жеке менчик компанияга соода борборун куруу үчүн мыйзамсыз берген.

Мындан сырткары, тергөөнүн версиясына ылайык, К.Исаев мэриянын бөлөк жетекчилик кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп, калаа бийлигинин бюджетинин эсебинен курулуучу автостанциянын курулушун жүргүзүүнү алар тарабынан көзөмөлдөнгөн компанияга мыйзамсыз ыйгарган. Мында да ага 303-берененин l-бөлүгүнүн неги­зинде айып тагылган.

Сот тергөөнүн далилдерин негиздүү деп таап, катаал өкүмүн окуду. Бирок, Кыргызстанда көндүм болуп калгандай Исаевдин тарапташтары, оппозициялык маанайдагы ишмерлер дароо экс-мэр күнөөсүз экенин, ал саясый куугунтуктун курмандыгына айланганын айтып чыгышты.

Түпкүлүгүндө мындай «шоу» күтүлгөн эле нерсе болчу. Кезинде тийиштүү органдар иликтей баштаганда Канатбек Исаев дароо жүзүн өзгөртүп, далай жолу оппозиция жээгине өтө качканын жамы журт көргөн. А чындыгында ал саясый туруктуулук жактан өзүнүн өзгөчөлүгүн ага чейин эгерим көрсөтө алган эмес. Буга ал мүчө болгон фракциялардын коалициянын курамында жүргөнү, ара чолодо коалициялык көпчүлүктү жетектеп калганы тирүү мисал.

Мынча болду Канатбек Исаевге карата козголгон кылмыш ишинин таржымалына көз чаптырып көрөлү.

Өткөн күндөр эске түшөт… 2011-жылы агездеги башпрокурор Кубатбек Байболов отставкага кетирилген эле. Ошондо ал өзүнүн кызматтан түшүп атканын бир ка­тар чуулгандуу кылмыш иштерине байлап, алардын арасында Канатбек Исаевге байланыштуу да иштер бар экенин белгилеп, анын дарегине олуттуу дооматтарды койгон.

Апрель окуясынан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөттүн тушунда К.Исаевге карата эки кылмыш иши ачылган эле. Башкы прокуратура Канатбек Исаев Токмок шаарын жетектеген мезгилинде (2008-2010-жылдары) «Ак-Була» ишканасынын жатаканасын итбекер пулдап, китепкананы мыйзамсыз менчиктештиргени боюнча айып таккан. Агезде бул кылмыш иштери аягына чыкпай, иш сотко жеткен эмес.

ЖоКенин бакыйган депутатына айланган Исаев ар кыл манипуляциялардын негизинде Байболовду «Мегаком» компаниясындагы кыңыр иштерден өзүн обочолотуу максатында ушундай ыкмаларды колдонуп атканын жар салган. Мындай доомат негизсиз экенине карабастан өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева Байболовду отставкага айдаган. Натыйжада Канатбек Исаев тергөөдөн кутулуп, иш токтотулган.

Бирок тергөөчүлөр ишти уланта беришкен. Себеби, иш убактылуу гана токтотулган, ал эми экс-мэрге карата тагылган айыптар өтө оор болгон, баардык далилдер жетиштүү болгон.

Табиятынан шүк жүрө албаган К.Исаев башкы «ата мекенчи» Өмүрбек Текебаевдин кол баласына айланып, өзүнүн жолбашчысы Өмүрбек Бабановду өкмөт башчылыктан оодарып түшүүгө опол тоодой салым кошкону бар. Албетте, бекер эмес. Саясый салмагы артып турган Өмүрбек Текебаевдин колдоосун алыш үчүн ушундай кадамга барганы бешиктеги балага деле түшүнүктүү болуп турбайбы. Арийне, мындай «аруу махабат» узакка созулбады. 2015-жылдагы шайлоодон кийин келген 6-чакырылыштын курамында тымызын антитекебаевдик позицияны ээлөөгө өттү. Алгач 2016-жылы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин колдоп, кийинчерээк кайсы «кара теке сүзгөнү» белгисиз, кайрадан талтайган позицияны карманып кирди.

Көпчүлүк муну Текебаевдин кезектеги оюну катары баалашты. Бал­ким, «Ата Мекендин» лидеринде Исаевди мурдунан чүлүктөп алчу компроматтар жетиштүү болгондур. «Сыйкыр таяктын» кереметин карагыла: Исаев коомчулук алдында оппозиционердин образын жаратып жатып калды.

Албетте, Исаевдин спикер болуу тилеги таш каап, андан соң коалицияны жетектөө максаты жүзөгө ашпай, баштан ашкан амбициясы канааттандырылбай калганы мын­дай кадамга барууга түрткү болгону да талашсыз. Эгер ал парламент төрагалыгына шайланса козголгон кылмыш иштеринин «жаназасын» биротоло окутуп, «суудан кургак чыгууга» шарт түзүлмөк.

Айныгыс далилдер менен бекемделген кылмыш ишинен качып кутулуш өтө кыйын эмеспи. Өзүн өзү сактоо үчүн түрдүү саясый комбинацияларды колдонуп, позициясын уламдан улам алмаштыргандан пайда чыккан жок. Райондук сот тергөөнүн дооматын жана далилдерин негиздүү деп тапкан чечимин чыгарды.

Канатбек Исаевге карата козгол­гон кылмыш ишинде саясый боек бар дегенге бир жагынан кошулса болот. Анткени, коррупцияга каршы күрөш — мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү болуп саналат. Мамлекет жетекчинин саясый эркинин аркасында гана коррупцияга каршы аеосуз күрөш жүрөт. Мындай болуп келген жана мындан ары да боло берет.

Каныбек Кадыралиев

Булак: Де-Факто

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *