Каныбек Осмоналиев, профессор: «Уурулук менен алектенген билермандардын абийрлери ачылып жатпайбы»

Азыркы учурда ар тараптуу ашмалтайы чыккан Кыргызстан бир кезде дүйнөгө “демократия аралчасы” катары атагы чыккан болсо, соңку 15-20 жылда киши башына эсептегенде ЖОЖдордун саны жана аларды “ийгиликтүү бүтүрүп” чыгышкан “өтө жогорку” билимдүү адистердин саны быкпырдай кайнап, “илим менен билимдин аралчасына” айланды. Калкы 5 эсе көп болгон дубалдаш кошунабыз Өзбекстанда жогорку окуу жайлардын саны бизден 2 эсе аз болуп, кесиптик орто окуу жайлардын саны 4 эсеге көп. Мунун өзү кыкеңдер жогорку билимге ээ болуп, май көчүктөрүн жоорутуп, креслолордо отуруп доор сүрөбүз дешсе, кошуналарыбыз учурга, өлкөгө керектүү адистиктерге ээ болуп, мекенибизди гүлдөтөбүз деген максат менен жашашууда. Бул нерсе алар үчүн мамлекеттик саясаттын негизги багыты. Ошондуктан, алар мезгил менен кадамдаш болуп, санды эмес, сапатты көздөшүп, алдыга озуп кетишти. Өлкөбүздөгү ЖОЖдордун кейиштүү акыбалы, андан чыгуунун жолдору боюнча пикирин сурап, кабарчыбыз мурдакы Билим берүү министри жана жогорку Кеңештин депутаты, профессор Каныбек ОСМОНАЛИЕВди кепке тарткан.

— Бир нече жыл мурда, Улуттук университетти гуманитарий маскарапоз башкарып турганда, айылдан бир чал келет дейт ректордун кабылдамасына кой жетелеп. Койду жакшы көргөн ректор тартуу мага келди го деген түшүнүктө түлкүдөй жойпуланып: “байке, бул не кылыгыңыз?” десе, тигил айтат дейт: “ 92-жылдан тартып Орусияда көчө шыпырган уулум 15 жылдан бери ушу силерде юрфакта сырттан окуйт. Лаборантыңар балаңыз жок дегенде быйыл өзү келип, мамлекеттик экзаменде көз көрсөтүп, дипломун алып кетсин деп телефон чалганынан, уулум келбей, ушул койду жетелеп келгеним. Ансыз да ушунча жылдан бери койлорум окуп келди эле. Өзү келсин дегенинен, койдун өзүн жетелеп келбедимби” деген экен…

— Элге кеңири тараган бул анекдотту мен да көп уккам. Мындай абал жогорку билим берүүдөгү биздин чоң трагедиябыз. Университеттин босогосун аттабай, “өтө жогорку билимге” ээ болуунун учурларын элдин баары билет эмеспи…

— Өткөн сапар сиз менен өлкөдөгү мектептердин акыбалы тууралуу сөз кылдык эле. Эмки сөз, ирети менен дегендей, кесиптик-техникалык, атайын орто жана жогорку билим берүү тармагы тууралуу болсо…

— 9-классты же орто мектепти аяктагандар кааласа билим алуусун анда ары улантышат эмеспи. Кыргызстанда быйыл 9-классты 89 000 окуучу аяктаса, 11-классты 53 400 бүтүрүүчү аяктаган. Алгач кесиптик билим берүүнүн түрлөрүн тактап алсак. Нормативдик-укуктук базабызга ылайык жогорку, атайын орто жана кесиптик-техникалык окуу жайлары деп, үчкө бөлүнөт.

— ЖОЖдордун саны боюнча дүйнөнүн чемпиону аталган Кыргызстандагы бул тармактын акыбалы тууралуу пикир бөлүшө кетсеңиз…

— Ушул тапта Кыргызстанда, 52 жогорку окуу жайы бар. Өлкөнүн булуң-бурчтарына чейин ачылып кеткен филиалдары менен эсептесек бул цифра 100дөн ашат. Алардын 31и мамлекеттик, 29у мамлекеттик эмес деп аталат. Мындан тышкары бизде Россиянын 6 ЖОЖдорунун филиалдары расмий ачылган. Учурда, чет өлкөлөрдө окуган 2 миңдей студенттерибизди кошпогондо, студенттердин саны 230 миң деп жүрүшөт. Алардын 85%ы ЖОЖдор менен түзүлгөн келишимдин негизинде акча төлөп окушат. Жылына 40 миңден кем эмес студент 200дөн ашуун багыт боюнча бүтүрүү дипломдоруна ээ болушат. Бул базарлардагы соода орундарынан башка жумуш орун “камсыз” кыла албаган кичинекей Кыргызстан үчүн жумушсуздардын санына “береке” кошо турган мамлекеттик саясаттын натыйжасы.

Союз кездеги өнүккөн өнөр-жайы тээ Майрам Акаеванын доорунда биротоло талкаланган, учурда коррупцияга белчесинен эмес, чокусуна чейин баткан Кыргызстан эч кимге кереги жок студенттердин контракттык төлөмдөрүнүн эсебинен эптеп-септеп өзүн кармап, бюджетин толтурумуш болуп, кыбырып-сыбырап келет. Билим берүү тармагындагы бул саясат — ​кыйраткыч саясат.

Ушундай эле трагедиялуу акыбалды атайын орто кесиптик билим берүү тармагы боюнча айтсак да болот. Расмий маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министрлигине караштуу 26 бюджеттик жана 1 коммерциялык колледждер бар. Алар айыл чарбасы, билим берүү, транспорт, архитектура, курулуш, экономика, тоо-кен жана башка тармактар боюнча адистерди даярдашат. Мындан тышкары бюджеттик негизде Саламаттыкты сактоо (11) , Транспорт жана коммуникация (1) , Маданият (8) министрликтерине жана Спорт агенттигине (1) караштуу колледждер бар.

Дагы бир айта турган нерсе — ​2000-жылдан тартып мамлекеттик ЖОЖдор массалык түрдө коммерциялык колледждерди ачып алышкан. Алардын саны — ​36. Мамлекеттик эмес ЖОЖдордуку 18. Мындан тышкары, ээн жердин бөрүсү дегендей, ак үй-көк үй коррупционерлеринин демилгелери менен дагы 21 орто колледждер да ачылган. Натыйжада колледждердин жалпы саны 123тү түзүп, аларда 28 700 студент катталган.

— Эмне үчүн аларда баланча студент окуйт дебестен, катталган дейсиз?

— ЖОЖдордогу бир далай студенттер сыяктуу эле алардын канчасы Казакстан менен Россияда нан издеп жүргөндүгүн айтыш кыйын…

— Сиз айткан санга кесиптик-техникалык орто окуу жайлары киреби?

— Жок, кирбейт. Азыр башталгыч кесиптик-техникалык окуу жайы делбестен, кесиптик лицейлер деп аталып калган. Учурда алардын саны, 2016-жылкы маалыматка караганда, 109 болуп, 24 800дөй окуучу билим алат. Алардын дээрлик бардыгы бюджеттен каржыланып, окуучулар стипендия, тамак-аш, кийим-кече, жатакана менен камсыз кылынган. Жогорку окуу жайдын 1 студентине караганда кесиптик лицейдин 1 окуучусуна бюджеттен 2 эсе каражат көп чыгымдалат.  Өлкөбүздү “гүлдөтүп” башкарып келаткан “акылман жетекчилерибиздин” ушунчалык эбегейсиз көп сандагы студенттердин жана кесиптик окуучулардын кереги барбы деген суроону ойлонушпагандыгы өкүнүчтүү. Мамлекетти коррупционерлер эмес, бекем билимге, жетиштүү тажрыйбага ээ болгон, колу булганбаган, жанкүйөр мекенчилдер башкарууга тийиш…

— Каныбек агай, жогорку билим берүү тармагын беш колдой билген кишисиз. Ушунчалык сандагы ЖОЖдордун саны зарылбы?

— Албетте, мен балдар бакчаларынан тартып ЖОЖдорго чейинки тармактагы кырдаалды, андагы көйгөйлөрдү жакшы эле билемин. Кайсыл тармак болбосун, биз адистерди реалдуу зарылчылыктарды эске алуу менен даярдап чыгарышыбыз керек эле. Мамлекет жетекчилери, анын ичинде Билим берүү министрлиги да, бүгүнкү күндүн эмес, каракурсактарынын кызыкчылыгы менен жашап, мунун натыйжасында келечекке көз көрүнө балта чабылууда.

Союз убагында Кыргыз ССРинде 9 ЖОЖ болуп, алар эл чарбасынын бардык тармактарын керектүү адистер менен камсыз кылышчу. Азыр деле 10–12 ЖОЖ жетиштүү болоор эле. Бул тармактагы кырдаал — ​маскарачылыктын, талап-тоноонун кырдаалы. Эмне, жогорку билим бербей эле, диплом сатуу менен алектенген университеттер жокпу? Толуп жатат! Кереги жок адистерди даярдагандыктарычы. Мисалы, бир катар университеттерде ОДД (жол кыймылын уюштуруу) боюнча адистер даярдалат. Иш жүзүндө бул адистикти алгандарга бул заманда жумуш оруну жок. Бул адистикке чакырган окутуучу-далдалчылар элди аралап: “балдарыңарды ОДДыга окууга өткөрөм. Окууну бүтсө ГАИде иштеп, көп акча таап, силерди багат!..” деп, көчөмө-көчө кыйкырып жүргөндүктөрү сейрек эмес.

— ОДД адистиги да эл чарбасына керек да?

— Керек. Бирок, Россиядан атайын ГАИнин окуу жайын аяктап келгендерге орун табылбай жаткан кезде, бизден эптемей менен диплом алган оддычыларга 3–5 миң долларсыз ГАИден орун табылабы? Же болбосо бажы адистигин алалы. Долларга эсептегенде 20 миңдеп пара берип, коррупционерлер өз кишисин орноштура албай жаткан кезде, кыргыз ЖОЖунун бажы адистиги боюнча факультеттерин бүтүрүп келген немелерге кайдагы кызмат?..

— Ошондуктан, бир катар адистиктерди мамлекеттер аралык келишимдин негизинде Россиядан эле даярдатып келүүбүз керек. Мисалы, УКМКанын болочок адистерин Россия ФСБысынын академиясынан даярдаткандай эле, учкучтарды, бажычыларды, чек арачыларды, ГАИлерди ошол жактан окутууга неге болбосун?

— ГАИ деп эле калдык. Убагында Башпрокурор Салянова, андан кийинкилери, учурдагы Башпрокурор Жамшитов тынбай эле кыргыз ГАИси дүйнөдөгү эң коррупциялашкан тармак деп сайрашууда. ЖОЖдордогу коррупция ГАИден кем калышпайт го?..

 Ооба. Ашса ашат, кем калбайт. Ысыгында айтып кете турган болсок — ​ГАИ кызматкери бир алганда 2 доллар алаар, прокуратура кызматкери бир чапчыганда 200 миң доллар алып жатпайбы? Кыргызстандын “даңкын” кыргыз ГАИси чыгарып жатабы же прокурорубу? Же, муну түшүнбөй калгыдай, кыргыз келесоо эмес да?

Ал эми ЖОЖдордогу паракорчулуктун абалына келе турган болсок, бул тармактагы итчилик ГАИникинен эчак ашып кеткен. Кыргызстандын медицина, ЖОЖ, прокуратура жана сот тармактарындагы ырайымсыз коррупция дүйнө боюнча алдыларына эч кимди чыгара койбостугуна ишеничим чоң. ЖОЖдордун базасында түзүлгөн даяр диплом, дипломдук иш, курстук иш сатылчу адистешкен базарлар эчак ачыкка чыгышкандыгын ким танат? “Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман” демекчи, ушуларды бетке айта берип, акыркы учурларда кайра мен өзүм жалган жалаа менен күнөөлөнүп жүрөм! Озунуп кетишти!

Калыстык үчүн айтып кете турган нерсе — ​Кыргызстанда сейрек болсо да окутуучулары пара албаган Ала-Тоо — ​Ататүрк, Манас университеттери бар.

— ЖОЖдордогу сан жана сапат маселесине кайрадан кайрылсак…

— Биздеги ЖОЖдордо сан жана сапатка байланыштуу түзүлгөн кырдаал өтө актуалдуу, ажал сыяктуу эле коркунучтуу. ЖОЖдордун материалдык-техникалык, профессордук-окутуучулук базаларынын ашып кетсе 10%ы гана Кыргызстандын стандартынын талабына гана жооп бериши мүмкүн. Биздин университеттер жылдан-жылга начарлап кетип бара жатышат.

— Интернет булактарына караганда Россиянын 2 ЖОЖу дүйнөнүн эң мыкты 100 ЖОЖунун тизмесине киргизилиптир…

— Интернеттен мен да окуп калдым. Сөз Москвадагы Ломоносов атындагы университет менен Физико-техникалык институт тууралуу болуп жатат. Мен Европанын, анын ичинде Россиянын ЖОЖдорун да жакшы билемин. Кеп бул жерде дүйнөнүн 100 мыкты ЖОЖдорунун тизмеси тууралуу эмес, так илимдер боюнча алдыңкы 100 ЖОЖдун тизмеси жөнүндө болуп жатат. Ошондуктан, жогорудагы 2 окуу жайдын дүйнөнүн 100 классикалык мыкты ЖОЖунун тизмесине кирди деген маалымат чындыктан алыс.

Эгер биз катуу чыгынып, саясий эркке ээ болуп туруп, ЖОЖдорду 75-80%га азайта турган болсок, материалдык-техникалык базаны, профессордук-окутуучулук потенциалды 60–70 жерге чачпастан, 10–12 жерге чогулта алсак гана, ошол эле учурда иштин сапатына тийиштүү көзөмөлдү камсыз кыла алсак гана, анда келечекти көздөй ишенимдүү, адашпай алгачкы кадамды таштаган болоор элек.

— Ушул учурда ЖОЖдордогу карапайым окутуучунун айлыгы канча?

— 8–10 миң сом болушу мүмкүн.

— ЖОЖдун профессору катары сиз канча аласыз?

— 17 миң сом. Салыштыруу үчүн айтып кете турган нерсе — ​СССР кезинде Эстонияда мени менен чогуу илимдин кандидаттыгын коргоп, кийинчерээк Германияга көчүп кеткен профессор досум 27 000 евро, кыргызча айтканда 195 000 сом айлык алат: менден 147 эсе көп алат.

— ЖОЖдордун санын кыскартуу менен биз контракттык негизде студенттерден алынган жүздөгөн миллион сомдук бюджеттик салымдардан ажырап калып жатпайбызбы?

— Туура. Ал жагы ошондой эле болот. Бирок, биз качанга чейин өзүбүздү, элибизди алдап, мышык-чычкан ойной беребиз? Качан чындыкты бетке кармайбыз? Эмне, казынаны байкуш студенттин окууга төлөгөн каражаты менен толтурат белек? Бажы, салык кирешелери кана? Кен-байлыктардын пайдасын көрүп жатабызбы? Уурулук менен алектенген билермандардын абийирлери ачылып жатат, го, азыркы күндөрү! Базар экономикасы эч качан кыргызды башынан сылап койбойт. Бул жаатта кошуна мамлекеттердин иш тажрыйбасын өздөштүрсөк деле жаман болбос эле.

 Биздин ЖОЖдордогу профессордук-окутуучулук курамдын сапаты тууралуу учкай айтып кеттиңиз…

— Бул тема — ​өзүнчө чоң сөз кылууга арзый турган, актуалдуу тема. Буюрса, бул багытта да сөз кылууга, өз ара пикир алмашууга мүмкүнчүлүк болоор…

Маектешкен Номанжан АРКАБАЕВ

Булак: “Жаңы Ордо”

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *