Кеңешбек Дүйшөбаев, УКМКнын экс-төрагасы: «Аскар Шадиевдин банк эсебинен $7 миллион накта акча чыкты, жалпы мүлкү $2 миллиард экени эсептелип чыгарылды»

«Шадиевдин банк эсебинен 7 миллион доллар накталай акча чыгып жатат. Бул эмне болгон акча? Ага жооп жок. Анын мүлкүнүн эсебин чыгарышканда 2 миллиард долларга жакын экен. Аны каяктан тапты?», — деп билдирди КР УКМКнын мурдагы жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев Азаттык радиосуна.

«Анын айланасында текшерүү башталып калганда ал козголгон жана азыр козголо баштаган чуулгандуу иштер боюнча жоопко тартыларын билген. Ошондуктан каридология борборунан түз эле Баткенге кетип, ал жактан качып жатпайбы. Ага байланыштуу текшерүү жүрүп жаткан соң, УКМК артынан байкоо салышы керек эле. Бирок мекеменин качканын башында жокко чыгарып, бир айдан кийин гана бул тууралуу үн катканы бул маселеде алдын ала сүйлөшүү болгонун тастыктап турат», — дейт Кеңешбек Дүйшөбаев.

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *