Коррупция — коомдун илдети

Атактуу италиялык дипломат, философ, саясат таануучу жана саясий технологиялардын негиздөөчүсү Николло Макиавеллинин аныктамасы боюнча: “Коррупция-бул коомдук функцияны, ыйгарылган укук-милдетти жеке кызыкчылыкка колдонуу”. Коомдук функциялар болсо мамлекет тарабынан адискөй адамдарга ыйгарылып, алар коомчулукка керек болгон ишти аткарганы үчүн акы алат. Муну менен кошо, иштин аткарылышы мамлекеттик кызматчыга кандайдыр бир деңгээлдеги укук жана бийлик да ыйгарылат. Ушул бийликти колдонуу ыкмасы — эң кызыктуу маселе жана бул маселе байыркы замандан бери ар бир коомдо чоң маселе болуп келе жатат. Байыркы падышалыктарбы, азыркы учурдагы демократиялык делген мамлекеттерби — калктын турмушунун деңгээли так ошол жеке адамга ыйгарылган бийликтин пайдаланышына жараша болуп келүүдө.

Дүйнө жүзүндө эң алгач жазылган мыйзам катары эсептелген байыркы Вавилондун падышасы Хаммурапинин мыйзамдары эң алгач адамдын мүлкүн, ээлигин коргоого багытталып, кай жерде мамлекеттики ( падыша менен диний уюмдардыкы), кай жерде жеке менчик экенин так жазып, мүлккө карата мамилелерди теске салып келген. Ошондой эле, эң катуу көңүлдү соттун адилеттүүлүгүнө бөлүп, сот эч качан чыгарган чечиминен кайтпастыгын регламенттеген. Хаммурапинин кодексинин бешинчи параграфында белгиленет: “Эгерде сот иш боюнча чечим чыгарып, даяр документке мөөр басып, бирок андан кийин чечимин өзгөртүп салса, анда доо арызда көрсөтүлгөн кунду 12 эсе кылып төлөп берип, калыстардын арасынан чыгарылып, соттук отурумга катышпашы керек”.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында Байыркы дүйнөдө Хаммурапинин кодексинен күчтүү мыйзамдар жазылган эмес, андан кийин күчү, таасири, тереңдиги боюнча Римдик укук гана ашып түшө алды. Бул эки кодекстин окшоштугу — экөө тең коомдук турмушту укуктук теске салуу боюнча ойлонуп жасалгандыгы жана таасирлүүлүгү. Хаммурапинин мыйзамдары Байыркы Чыгыштын укуктук маданиятын түптөсө, Римдик укук азыркы учурга чейин таасирин жоготкон жок. Себеби — бул мыйзамдар адамдын жеке менчикке, андан улам жекече эркиндикке, өнүгүүгө болгон табигый укугун коргоо үчүн жаратылган.

Студент кезибизде “легендарлуу” парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов бизге лекция окуп калып, бир ирет “Хаммурапинин мыйзамдарын — ушунча терең, ойлонуп жазылган, бардыгын эң туура теске салган мыйзамдар катары кабыл алам!”- деп айткан эле. Андан улам, бир доордун адамдары өзүн байыркы доордун адамдарынан кандайдыр бир караңгы, аң-сезими төмөн кишилер катары кабыл алганы бекер. Ар бир доордо технологиялык өсүш, маалыматты таратууга коммуникациялык каражаттар өнүгүшү аркылуу байланыш, маалыматтын жеткирилиши гана ылдамдайт, бирок эзелтен келе жаткан маселелер чечилбей, муундан муунга өтүп кала берет.

Мисалы, коррупция менен салгылашкан мамлекеттик ишмер катары мындан төрт миң жыл мурда жашаган шумерлердин Лагаш мамлекетинин падышасы Урукагин эсептелет. Мында кызыгы, бул киши (болжол менен б.з.ч. 2319-жылдын кайсы айы экени- март, апрель же башкасыбы — белгисиз) элдик көтөрүлүштөн кийин бийликке келет. Ага чейинки башкаруучу-нун тактыдан кулаганыны себеби — өзүнүн жана айланасындагылардын коррупцияга батып, элдин эсебинен байлык топтоп, бул максатта бийликти кыянаттык менен колдонгону. Мурдагы бийликти кууп жибергенден кийин, ак-сөөк адамдын уулу Урукагин башкаруучу болуп шайланып, реформаларды баштайт.

Бардык реформалар алгач коррупциялык схемалардын бетин ачуу, мамлекеттик кызматты шылуундардан тазалоо менен башталат. Урукагин деле ушундай жол менен барып, анын аракеттери бул эң татаал иш экенин тастыктайт. Бизге жеткен документтер боюнча, ал балыкчылар, кайыкчылар, малчылар жана башка ишкердик кылган адамдардын үстүндө турган мамлекеттик “көзөмөлдөөчүлөргө”, азыркы тил менен айтканда салык инспекторлоруна, уруксат берүүчү чиновниктерге мыйзам боюнча салынга салыктардан тышкары пул чогултканга тыюу салган. Анын максаты -байларга да, кедейлерге да бирдей адилеттүү мамиле кылган мамлекетти түзүү болучу. Адаттагыдай эле, ар дайыма элдин эсебинен жашап келген бюрократиялык система Урукагиндин аракеттерин колдон келишинче четке кагып, акыры ички башаламандыктан алсыраган мамлекет коңшу падышалыкка жем болду.

Тарыхты иликтеп келгенде, ар бир заманда коррупция миңдеген адамдардын тагдыры менен ойноп, аларды өлүмгө чалдыктырган мисалдар абдан көп. VI  кылымда Византия император Юстиниандын учурундагы коррупция тууралуу маалыматтар арбын. Анын айланасында бийик кызматты ээлеп, императордун колу коюлуп, мөөрү басылган бланктарды, керектүү соттук чечимдерди саткандар, мамлекеттик резервди өз кызыкчылыгына колдонгондор адамдар тууралуу көп документтер сакталып калган. Алардын бири- борбор калаа Костантинопольдун претору (мэри) Каппадокиялык Иоанн “далайларды тоноп, эч кимди көзгө илген эмес” деп жазылат. Эң белгилүү кылыгы — Түндүк Африкага жоортулга кеткен армияга көгөрүп кеткен буудайды сатканы болгон. Анын жыйынтыгында армияда ачарчылык башталып, миңдеген аскер өлүп калган.

Бул адамдын ордуна турган “коллегасы” Петр Барсима ба-зарда акча алмаштырып, азыркы тил менен айтканда акчаны кыйын “сындырганы” менен атактуу болуптур. Кантип жолугуп калганы белгисиз, бирок бул “өнөрү”император Юстинианга жагып калып, ал Барсиманы буга чейин айтылган Иоанндын ордуна префект (мэр) кылып коёт. Андан соң, кече базарда отурган “валютчик” финансы министрине чейин көтөрүлөт. Тарыхий булактар боюнча, Петр Барсима Иоанндын кылганынан да ашып түшүп, көгөргөн буудайды сатканы аз келгенсип, нан, жибек жана башка товарлардын бааларын секиртип, манипуляция, спекуляциядан чоң акча жасачу. Булардын кылыктарынан тажаган эл эки жолу 532 жана 545-жылдарда көтөрүлүш чыгарып, кылмышкерлердин жазаланышын талап кылат. Бирок император аларды жазалагандын ордуна, башка жумушка которуп коюп, кийин эл тынчыгандан кийин кайра ордуна коюп коёт. Азыркы менен эч кандай окшоштук сезилбейби?

Орто кылымдарда Европада коррупция абдан терең тамыр жайып, аны жайылткан Католик чиркөөсү болгон. Диний кызматтарды сатуу, аза чечишүү жана баша коррупцияны жолдогон иштер кадимки көрүнүш болуп, бардыгын акча чеччү. Кудай деген адамдар сатылган болгон болсо башка чиновниктерге ээ бермек беле? Кызыктуу окуя Бельгиянын 1498-жылы Брюгге шаарында болгон. Бийликтер соттордун, чиновниктердин коррупцияга матырылганына каршы искусствонун күчүн колдонуп, Герард Давид аттуу сүрөтчүгө атактуу тарыхчы Геродоттун “Тарых” эмгегиндеги бир окуяны боз кендирге түшүргөндү суранышат.

Ал окуя боюнча байыркы перс мамлекеттинде сшсамна аттуу сот таптакыр адилетсиз чечим чыгарат. Муну билип калган падыша Камбис Сисамнынын терисин сыйрытып, анысы менен соттун отургучун тарттырат. Сисамнанын ордуна болсо анын уулу дайындалып, чечимдерди так ошол атасынын териси тартылган отургучта отуруп чыгарат. Сүрөтчү жараткан диптих (эки бөлүктөн турган сүрөт) — бирөө “Кабистин соту”, экинчиси “Саткын соттун терисин сыйруу” деп аталып — Брюггенин ратушасынын соттук залына илинет. Аны ар дайым көрүп турган соттор, чиновниктер чынында эле сескенип, ошол учурдагы документтер боюнча адилетсиз чечимдер, коррупциялык көрүнүштөр кыйла тартылып калыптыр. Бирок, кийин сүрөт алынгандан кийин иштер бара-бара баягы эле тас кейпин кийген экен.

Негизинен Европа башкалардан анча деле айырмаланган эмес. Орто кылымдардан калган документтер, күбөлүктөрдү изилдеп чыкканда, иштин жайы буга чейин айтылган Байыркы дүйнөдөн кыйла айырмаланбайт. Ошол эле жоопту адамдардын үстөмдүгү, акчага сатылан сот, паракордук, уурдоо менен жан баккан чиновниктер, губернатор-администраторлор. Мисалы, Нидерландга таандык Ява аралынын (азыркы Индонезия) генерал-губернаторунун айлыгы жылына 700 гулденди түзсө, ал үйүнө “олжолуу” кайтып, акырында 10 млн. гулден алып келиптир.

1789-жылкы Улуу Француз революциясынын башчыларынын бири Мирабо азыркыга чейин адамзаттын эң маанилүү документтеринин бири катары эсептелген, азыркы учурда француз конституциялык укугунун негизин түзгөн “Адам укугунун Декларациясынын” автору. Бул саясий ишмер жаштайынан эле эркиндикти сүйгөн, зомбулуктун бардык түрлөрүн жек көргөн адам болгон. Анын ээн баштыгынан, улууларды сыйлабаганынан бир топ адам, алардын ичинде өзүнүн атасы бир топ эле жапа чегишкен. Революция башталган кезде ал элдик көтөрүлүштүн башында туруп, көрүнүктүү ишмерлердин бири болчу. Тарыхта француз элинин трибуну деп таанылган. 1791-жылдын апрелинде оорудан каза болуп, чыгаан инсан катары сөөгү Франциянын атакгуу адамдарынын жайы болгон Пантеонго коюлат.

Кызык жери болсо, адам укугунун, эркиндигинин эң көрүнүктүү тарапкери болгону менен, Мирабо мамлекеттик түзүлүштүн мыктысы деп конституциялык монархияны эсептеген. Анын оюу боюнча, кололдун бийлиги чектелгенден кийин, мамлекет бардык тармактарды теске салып, башкаруу ишин туура алып барат деген пикирде болучу. Мындан улам, революциянын учурунда тактыдан кулаган Людовик ХУ1ны сактап калуу аракеттерин көрүп, андан 200 миң франк алат жана андан тышкары король ага 6000 ливр төлөп берүүгө милдеттенет. Мирабо каза болгондон кийин бул кылыгы билинип калып, кыжыры кайнаган эл анын сөөгүн Пантеондон алып, Сен-Марсодогу көрүстөнүнө көмүп салган. Бул жерге контрреволюциячыл деп даргага асылгандардын сөөктөрү жаткан.

1793-жылдын 21-январында Людовик ХУ1нын башы алынат. Революциянын башында тургандардын бири Дантон бакылдап, юстиция министри катары роялисттерди (корольдун жактоочуларын) куугунтукка алып, өз ишин кыла берет. Бирок, бир жылдан кийин (“ар бир революция өз балдарын жутат” демекчи) ал камакка алынып, дагы бир кыраан-революциячыл лидер Робеспьер аны гильотинага жиберет. Өлүмгө бара жаткан кезде Дантонду кокусунан Робеспьердин үйүнүн жанынан өтүп калып:” Робеспьер, мени сени күтөм, жолугушканга чейин!”-деп кыйкырган экен. (Эки-үч ай өтпөй Робеспьер өзү тергөө-соту жок эле гильотинага кабылат.) Бул жердеги кызык нерсе — кийин Дантон Людовик XVI га өмүрүн сактап калууга убада берип, пара алганы белгилүү болгону. Дантон менен Мирабонун мисалы кандай гана чыгаан инсан болбосун баары бир адам өз кулкусун толтурууну артык көрөт жана бул үчүн жадагалса өзүнүн идеалдарынан да баш тартууга даяр.

Николло Макиавелли, кыргызчага которгондо “Падыша” десе болот ко, фундаменталдуу “Государь” атту эмгегинде: “Адамдар жаңы башкаруучу эскиден жакшы болуп кетет деген үмүт менен эскиге каршы көтөрүлүш чыгарышат, бирок жакынкы эле арада алданып калышканын сезишет, анткени жаңы башкаруучу эскиден начар болуп чыгат”, — деп айткан. Улуу француз революциясыбы, же башкаларыбы, бири да адилеттүү, таза бийликти тургузуу максатына жеткен эмес. Себеби — башкаруучулар, мамлекеттик түзүлүш, коомдук-экономикалык формация алмашканы менен, коррупция атадан-балага өткөн ДНК сыяктуу эскилерден жаңыларга өтүп келген.

Уландысы бар…

Нурлан Жоодатов

Булак: «Багыт»

 

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *