Коррупцияга айыпталган Ахмат Келдибеков менен Раим Матраимов “Орион” мейманканасына кайсы төбөлдү туулган күнү менен куттуктап барышты?

Коррупциялык кылмыштар менен айыпталып атагы чыккан Ахмат Келдибеков 28-сентябрь күнү уулун үйлөп той берип, “Ала-Тоо” ресторанында атактуу “Раим-миллионду” уул-келинине өкүл-ата жарыялап, аны да элге жаманатты кылып, эртеси, 29-сентябрда жаңы тууганы “Раим-миллионду” ээрчитип алып, Бишкектеги “Орион” мейманканасынын ресторанына “день рожденияга” тойлоп келген.

Ал күнү “Ориондо” коррупцияга айыпталган Ахмат Келдибековдун жакын аке досу Мыктыбек Абдылдаев туулган күнүн өткөрүп жаткан. Мыктыбек Абдылдаев ким?  Анын акыркы 8 жылдагы карьерасы Ахмат Келдибеков менен тыгыз байланышта. Эмесе, сөз башынан болсун.

Арстанбек Дүйшеев этабы

Метистер акылдуу болушат деген теория чын — дунган менен кыргыздын канынан жаралган Мыктыбек Юсупович жанда жок акылдуу экени анык. Ошондуктан жаш кезинен тың чыгып, комсомолдук кызматка кирип, карьерасын баштаган. Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы Арстанбек Дүйшеевдин кызына үйлөнүп, комсомолдук жана милиция кызматтарында ийгиликтүү секириктерди жасаган. Комсомолдун Ысык-Көл облустук комитетинин биринчи секретары, милициянын Ысык-Көл облустук башкармалыгынын начальнигинин саясый иштер боюнча орун басары кызматына жетип, карьерасы токтоп калган. Ошондо кызматынан түшүп калган Дүйшеевдин кызы менен ажырашып, Санкт-Петербургдук орус туугандардан төшөк жаңырткан.

Чолпон Баекова этабы

Мыктыбек Абдылдаевдин карьерасынын экинчи этабы Кыргызстан көз карандысыздык алган 1991-жылдан башталып, ошол кездеги таасирдүү саясатчы Чолпон Баекованын сүрөмөлөөсү менен 1991-2000-жылдарда Ысык-Көл облустук милициянын начальниги, КР Ички иштер министринин орун басары, биринчи орун басары кызматтарын аркалаган.

Аскар Акаев этабы

Чолпон Баекова аркылуу президент Аскар Акаевдин ишенимине кирип, 2002-жылы КР Генпрокурору болуп  дайындалат да 2005-жылдын 23-мартына чейин генпрокурор болуп иштеп келген. Ошол жылдагы март революциясына 1 күн калганда кызматынан кетип, оппозициячыл Курманбек Бакиевдин короосуна кире качат.

Курманбек Бакиев этабы

Курманбек Бакиев 2005-жылы 24-марттагы революциядан кийин премьер-министр болуп шайланары менен, 27-мартта Мыктыбек Абдылдаевди КР Ички иштер министри кылып дайындайт.  Мыктыбек Абдылдаев да жөн жатпай  “Курманбек Салиевич, экөөбүз бажабыз, менин аялым да орус, сиздики да орус” деп ичи-коюнга кирип жүрүп, кыргыз тарыхында болбогон милициянын генерал-лейтенанты деген наамга указ чыгартып алат. Анан июндагы президенттик шайлоодон кийин Курманбек Бакиев бажасы Мыктыбек Абдылдаевди өзүнүн президенттик администрациясынын жетекчиси кылып дайындайт. Мыктыбек Юсупович буту колуна тийбей Бакиевге 2007-жылга чейин кызмат кылат.  Анан Феликс Кулов 2007-жылы апрелде “Элдик фронт” түзүп, Бакиевди бийликтен кулатам деп чамынып, он миңдеген митингичилер менен Ак үйдү курчай баштаганда Мыктыбек Абдылдаев кызматын таштап, отставкага кетип, Феликс Куловдун короосуна кире качат. Бирок шайтан басып, Феликс Кулов жеңилип калып, Мыктыбек Абдылдаев кызматсыз калат.

Ахматбек Келдибеков этабы

2010-жылы апрелде мамлекеттик төнкөрүш болуп, Бакиев бийликтен куулуп, күзүндө парламенттик шайлоо башталарда Идеалисттик “Ата-Журт” партиясын шайлоого алып чыккан Ахматбек Келдибеков түштүкчүл партиялык тизменин башына түндүктөн бир генералды коюу үчүн Өмүрбек Суваналиевди чакырат. Суваналиев сүйлөшүүлөрдөн кийин коррупционерлер партиясы деп имидж таап калган “Ата-Журттун” тизмесине кирүүдөн баш тартып кетип калат.  Ошондо гана Ахматбек Келдибеков “Ата-Журттун” тизмесиндеги биринчи орунга Мыктыбек Абдылдаевди чакырат, ага түндүктүк аксакал, калыс кишинин ролун ойноо тапшырылат. Дунган уулу болгондуктан Кыргызстандагы дунган диаспорасынын электораты менен иштөө да жүктөлөт. Бирок эки участокто тең жакшы добуш алалбай региондордун тең салмактуулугу деген түшүнүктүн негизинде депутаттык мандатка жетет. Бирок парламентте “Ата-Журтту” коргоого аракет кылымыш болуп жүрдү. Акырында “Ата-Журт” ыдырап жок болуп, 2015-жылдагы шайлоодо “Республика” партиясына кошулуп кетти. Абдылдаевдин алкоого арзый турган эмгеги өз ата-журтуна ак эмгек кылып, «Дунгантар тарыхы» китебине спонсор болуп чыгарып берди.

2015-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында Ахматбек Келдибеков “Бир бол” партиясына куда түшүп, Мыктыбек Абдылдаевди тизмеге алгыла, мен себин төлөйм – шайлоонун партиялык фондуна Абдылдаевдин ордуна $100.000. взносту мен тапшырам деп киргизет да анан төлөбөй качып кетет.

Бабанов менен президенттик шайлоодогу соодасы

2017-жылдагы президенттик шайлоонун алдында Мыктыбек Абдылдаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго жолугуп  “мен сага иштеп берейин, президент болгонуңда менин кадрым Нурлан Жээналиевди генпрокурор кылып дайындап бересиң” деп макулдашып, Бабановго иштеп берет. Бирок тилеги таш каап Бабанов жеңилип калат да Жээналиев жумушсуз калат.

Сооронбай Жээнбеков

Сооронбай Жээнбеков айкөлдүгүн көрсөтүп, шайлоодо өзүнө каршы иштеген саясатчы Мыктыбек Абдылдаевди 65 жылдык юбилейи үчүн “Манас” ордени менен сыйлады. Эгер Абдылдаевдин юбилейи Атамбаевдин дооруна туш келгенде орден тургай ташжалак да жок болмок.

2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярдык

Канткен күндө да юбилейлинде Мыктыбек Абдылдаевге үкө достору Ахматбек Келдибеков жана Раим Матраимовдор менен акыретке чейин чоогу болууну тилейбиз. Ылайым өмүрлөрү узун болуп, азууларын айга жанып турсун.

Ахмат Келдибеков азыр 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярданып, өзүн «серый кардинал» сезип, акчалууларды өзүнө тартуу аракети менен алек. Раим Матраимовду уулуна өкүл ата кылып, туугандашып, 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо Раимдин каржылык жана электоралдык ресурстары менен «Ата-Журт» партиясын кайрадан жеңишке алып келем деп үмүттөнүүдө. Раим Матраимовдун 350 миң калкы бар Кара-Суу районундагы электораты жана Кыргызстандагы ачык доллардык миллионер статусу Келдибековду жөн уктатпай калды.  Андан сырткары Келдибеков курулуш бизнесинде мамлекеттик заказдарды алып, миллиондорду уурдап байыган бизнесмендерди да өзүнө тартууда. Кыскасы, 2020-жылдагы шайлоодо будуң-чаң кылып, бийликтин электоратын бөлүп-жарып, бийликти аны менен соодалашууга аргасыз кылып, жарга такайм деп жанталашууда.

Булак: Кyrgyztoday.кg

 

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *