Күйдүм чок

(Философиялык  бөртүмдөр)

Саясаттын  да ɵзүнүн нугу, философиясы, бет алган  багыты, кɵздɵгɵн максаты болот. Дарыянын  нугун кайсы жакка бурсаң ошол жакка  күргүштɵп аккандай саясаттын да бет алдырган тарапка жүрүп бермеги бар. Эң эле башкысы   бет алган   багыт  туура болуп, үзүрүн  берип, мамлекет элин ыраазы кылып,  келечекке айкын  жол кɵрсɵтүп майнабын арттырып турса болгону.  Мамлекетибиздин  жер  шарында ɵз ордун бекемдеп, бүтүндүгү   менен  эгемендүүлүгүн  чыңдап, дүйнɵ мамлекеттери менен  ар кандай  маселелерди  чечүүдɵ теңтайлаш мамиле күтүп турганы ошол.Өлкөбүздүн өркөнү өсүп, эл-журтубуз бактылуу-таалайлуу   турмуш кечире берсе экен деп  тилек кылабыз.

Биздин мамлекетте  саясатты  кимдер жүргүзүүдɵ?  Кандай жүргүзүп  жатышат? Эл кɵрүп турат. Былк эткен  иш дүйнɵгɵ шардана. Мезгил ɵзү тараза. Албетте, дурусу да, бурушу да бар. Эл оозунда  ушул кеп. Сɵз оролу да  кыскача ушулар туурасында.

-Биз түркүн кен байлыктардын, сымап менен  нефтинин, күмүш менен   алтындын (Дмитрий Менделеевдин мезгилдик системасындагы элементтердин  бардыгы бар) үстүндɵ жашап турабыз. Кудай биздин  ырыскыбызга  берип  коюптур. Ушундай байлыктардын ээси болуп туруп, ошондой артыкчылыктарыбызды толук пайдалана албай кɵрүнгɵн чет элдиктерге жем кылып кайсалактап турганыбызды карабайсыңбы. Сырткы карыздарыбыз аябай кɵбɵйүп кетти. Биз карыз албай, башка ɵлкɵлɵргɵ  карыз бере турган  мамлекет болсок жарашат эле, ага  толук мүмкүнчүлүктɵрүбүз бар эле,-деп бир курдай ак сакалчан карыянын оор күрсүнгɵнүн  эстедим. Бул  эми  элибизди күйдүм чок кылган көйгөй да.

Кыргыз  мамлекетин башкарып кеткен биринчи жана экинчи президенттин  жоруктарын айтпасак да эл  жакшы билет. Элди күйдүм чок кылган кɵкɵй кести  кɵйгɵйдү калтырып, качып кетишти. Алардын кесепеттерин айта берсек сɵз кɵбɵйɵт, кайсы бирин айталы.

… Байыркы ата-бабаларыбыз Ата-Журтунун  укум жерин душманга алдырбай, кыз-келиндерин  тɵргɵ ɵткɵрүп,  кор кылбай күтүп,  намыс үчүн кыл чайнап, кɵзүн кызартып кол  салып кирип келген душмандар   менен  жан аянбай кырчылдашып кармашып, улуттун сыймыгын  коргоп келишкен. А бизчи?!…

Бул жерде тунгуч ажобуз Аскар Акаевдин: «Кыргызстан– жалпыбыздын үйүбүз»,- деп жол ачып койгону аргасыздан  эске түшɵт экен жанды  ачытып. Бул эми акылгɵйлүк эмес, жаңылып жаза басып алгандык эмес, дароо эле байкала бербеген  көйгөй   да. Ɵз үйүңдүн эшигин меймандарыңа кенен  ача бер, тɵрүңɵ ɵткɵрɵ бер. Ал эми мамлекеттикине  тийишпе, анын ээси   кыргыз эли, кыргызстандыктар, мунун  ɵзүнүн жол-жобосу жана мыйзамы бар. Кɵрүнгɵн эле  чет элдик  каалаганындай кирип чыгып ɵз билгенин кылып, тайралаңдай берсе мамлекетибиз эмне болуп кетет. Алар биздин ɵлкɵнүн мыйзамын, салт-санаасын  сыйласын, ошого жетишүүбүз зарыл. Буга мамлекеттик ɵзгɵчɵ  тыкыр  кɵзɵмɵл киргизип, катуу талап коюу керек болуп калды. Кыргыз жери ири  алды  кыргыз элине, кыргыз мамлекетине гана  таандык экенин  унутпашыбыз керек. Мамлекетибиздин бүтүндүгүн күчтүү мыйзамдар менен  коргошубуз керек.

Кытайлыктар менен  түрк жарандары  биздин ɵлкɵдɵ  кенен  кесир, ээн-эркин жүрүп, ишкердик  менен  каалаганындай  алектенип жатышат. Ишкана менен завод курган болуп, ортоктошо коюп иш кылып, менчиктеп ала коюп, айтор ээлик кылууларын арттырышууда.  (Биздин азаматтар  айтылган мамлекеттерге  баарып ээн-эркин  иш кылып кɵрүшсүнчү. Жакын  жуутпай, кастарын тигип турушаар. Аны ишкердик  кылып баргандардан  жакшы билгендер жоктур. Бул эми  кɵйгɵйү кɵп ɵзүнчɵ   узак сɵз). Бул кɵкɵй кескен маселенин  бери  эле  жагы. Ошол эле  кытай жана  түрк  жарандарынын биздин жерде   кенен  кесир иш кылып жүргɵнү аз келгенсип  кыргыз  кыз-келиндерине ээн-жайкын үйлɵнүп, каалаганындай сайран куруп, биротоло отурукташып алуу ниети менен    мурдун балта кеспей  жүргɵндɵрүнɵ эмне дейбиз. 20 миң чамалуу кытай жээн неберелер бар экени маалым. Кыз-келиндерибизге камкордук көрүү маселеси да көкөй кескен көйгөй болуп келет. Бул көйгөйдү ыкчамдатып чечүү үчүн мекенчилдик менен батыл чечүүчү мезгил келди.

Кыргыз кыз-келиндери  ар кандай себептер менен кытайларга, түрктɵргɵ, ж.б. чет элдик  жарандарга  турмушка чыгып жатышат. Кыз-келиндерибиз  улутубуздун байлыгы,генофондубуздун түзүүчүлɵрү экендиги айтпасак да түшүнүктүү. Бир нерсе дейин десең тил кыска, толгон  токой эл аралык жол-жоболор саймедиреп турат.  Ичиң туз куйгандай  ачышкан менен не демексиң.  Бизден да кемчиликтер кетип жатат. Кɵрүнгɵн чет элдиктердин кɵзүн каратпай  кыз-келиндерибизге камкордук кɵрүп, жумуш орундарын түзүп берип, үйү жок  жүргɵндɵргɵ бир, эки бɵлмɵлүү бардык  шарты бар жатакана түрүндɵгүүйлɵрдүкуруп  берип койсок, жумушка орношууларына жардам берсек жакшылыгыбызга  огожо  болмок.  Азыр бул маселеге кɵңүл бурган мекеме же ишкана жокко эсе. Арийне, бул мамлекеттик эң ири  маселелердин катарына  кирет эмеспи. “Тойкана кура бергенден көрө  ишкана курганга өтсөк жакшы болот эле”, —  деп өткөндө  мамлекет жетекчибиз  таамай  айтты.

Ошондуктан  биз  мамлекетибиздин бүтүндүгүн ɵзүбүздүн мыйзамдарыбыз менен бекемдешибиз керек. Чет элдиктердин  кыргыздын кыз-келиндери менен  каалагандай оюн-зоок куруп, кээде  укугун басмырлап, кордук-зордук кɵрсɵтүп, кааласа четинен  тандап чекесине чертип  ээн-жайкын турмуш кура беришине  чукул арада кандайдыр бир чектɵɵлɵрдү  киргизүү зарыл. Ушул багытта   кыргыз элинин  намысын, менталитетин, генофондун, келечегин коргогон мыйзамдарды  кабыл алуу милдети курч турат. Улуттун бүтүндүгүн, саламаттыгын, генофондун  коргоо  жɵнɵкɵй маселе эмес. Чет элдиктерге кааласаңар келип үйлɵнɵ  бергиле деп ооз ачып карап тура беришибиз керекпи. Кыз-келиндерибиз улутубуздун негизги  байлыгы, бардык дɵɵлɵттɵрүнүн кут жылдызы  деп айтсак болот. (Анткени алар эртеңки энелер, эненин таманы турган  жер бейиш  экендигин, бардыгы энеден  башталып тураарын унутпасак). Ошолор менен  ɵнүп-ɵсүп жатпайбызбы, элбиздин саны кɵбɵйүп турбайбы. Эмне үчүн биздин кыз-келиндер аз санда болсо да биздин мамлекетте башка элдин, маселен кытайды айтпаган күндɵ да  корейлер менен түрктɵрдүн санын  кɵбɵйтүп турушу  керек.  Кыздарыбыздын бир тобу куураткан   куу турмуштун  айынан  бакыт, байлык, жыргал турмуш издеп кетип  жатканы жалганбы? Ээй, кыргыздын   кыйын чыкма эр азаматтары бул   эмне намыстана турган  кɵрүнүш эмеспи. Ойдогудай жашоо шарты болбосо,турмушу болбосо аялзаты кетет дегендей болуп жатат. Колунда бийлиги бар, байлыгы бар, мыйзам чыгаруу укугу бар  кыргыздын эр-азаматтары силер ойлонуп бир иш кылбасаңар бул абалды ким оңдойт да , ким жɵндɵйт?  Анчалык этибарга албай, кенебей жүрɵ берсек  кандай туңгуюкка барып кептелээр экенбиз. Бул көйгөйдү ар дайым  кайталап эске салып, намыстанып иш кылганыбыз абзел, бир боорум.

Кудай да сактанганды  сактайм дейт. Глобалдашуу деген  балээ да ɵзүнүн жолу менен кетет. Баарын эле каптап  кетпейт. (Буйругу болсо, сактанган  сакталып  калат).  Ошондой болот экен деп ойлонуштун деле кереги жок.  Жаман ойду кууп салган жакшы болот.  Ар бир элдин ɵзүнүн  тагдыры бар.  Мамлекетибиздин бүтүндүгүн, улутубуздун жүзүн, эгемендүүлүгүбүздү кɵздүн  карегиндей  сактап чекте туруучу, сактап алуучу эң жооптуу мезгил келди.  «Желмогуздун»  карааны  уламдан  улам жакындап  жылып  келатат. Анын коюу туманында адашып, кокустан  жаза  басып мүдүрүлүп, какап-чакап калбайлы. Кудай сактасын.

Эл ɵкүлдɵрүбүз  глобалдашуу апаатын утурлап, бажы биримдигинин  заманында  мамлекетибиздин  кызыкчылыктарын коргоп, эл аралык мамилелерде  ар  кандай деңгээлдерде теңтайлаша ала турган мыйзамдардын жыйындысын кабыл  алышы керек. Мыкты  камылга зарыл. Мамлекет  бардыгыбыздын жүрɵгүбүздɵ, жан дүйнɵбүздɵ  турган ыйык үйүбүз. Анын бүтүндүгү,  бакубат турушу үчүн  бардыгыбыз күйүп-бышып, ойлонуп, намыстанып, коргонуп, бир бүтүнгɵ айланып турушубуз керек.  Жакшылык менен  жамандыктын ортосу бир эле кадам болот, каш менен кабак арасында дегендей. Сактанып, жети ɵлчɵп бир кесип турган жакшы болот. Бул ойду турмуш ɵзү айттырып жатат. От дегенден ооз күйбɵйт. Сиз да айтыңыз. Айтып турбаса болбойт.  Бетке айткан сɵздүн заары жок. А балким эми түшɵр, дарысы  ушудур.

Мамлекетибиздин бүтүндүгүн, эгемендүүлүгүбүздү, улуттук жүзүбүздү  сактоо мейкиндеринде  бирибизге бирибиз тыңсынып,  ɵɵдɵсүнүп, менин  даражам бийик, сен ким элең деп  тирешип  туруу болбогон  текеберчилик, абсурд.  Бул жерде, Ата-Журт  тагдыры  чечилип турган   кезеңде  керт баштын кызыкчылыгын ойлогон  амбиция шоона  эшпей каларын билгиле.  Бул  маселеде меники, сеники деген  нерсе  болбошу керек. Себеби, түшүнүктүү эле,  баарыбыз бир кемеде сүзүп баратабыз. Баарыбыздын бир эле  Ата-Журтубуз бар. Демек, Айкɵл Манас  айткандай баарыбыздын  дилибизде Ата-Журтка жан курман деген урааныбыз болушу керек.

Ар бир адам ыйык. Анын укуктарын коргоо  мамлекеттик да, пенделик да  иш. Ал үчүн тынымсыз кармаш жүрүп турат. Ошол  күрɵштɵ кимдин ким экендигине карабастан  адилеттик  үчүн калыс сɵз айтылып турбаса  болбойт. Ага да  ар ким эле даай бербейт. Кɵпчүлүк эч кимге жаман кɵрүнбɵйүн, сен мага тийбе, мен сага тийбейин дегендей ɵңдү кɵрдү жүз тайды  ɵңүт менен  жашайт. Анан  жанын оозуна тиштеп калыс сɵзүн айтып турчу азамат, патриоттордун  тизгинин  кагып, сес кɵрсɵтүп, оозун кемечтеп, колун байлап коюудан таюу тартпаган мыйзамдын кабыл алынынышына  эч качан жол бербеш керек.

Кыргызстанда иштеп жүргɵн чет элдик жарандарга турак жай жана жер тилкесин,  деги эле мүлк сатып алууга кескин тыюу салган мыйзамды тез арада  кабыл алуу зарыл. Бул  мамлекетибиздин түпкү таламдарын, элибиздин  кызыкчылыгын кɵздɵйт. Анткен менен  жеке кызыкчылыкты ала чапкан эл ɵкүлдɵрү да бар. Дегиси, бул жакшы жышаан  эмес. Ɵткɵндɵ  бир жолу  чет элдиктерге турак жайларды сатууну  кɵздɵгɵн мыйзам долбоору  демилгеленип элибиздин  үрɵйүн учурганы эстен  чыга элек. Улуу   муундагылардын бир тобу  кезере кезек күтүп,  үй ала албай, же кура  албай жатканы аз келгенсип, жаштарыбыз кыркалакей тартып турак жайга муктаж болуп турган кезде чет элдик жарандарга  мүлк сатуу  демилгесин таптакыр эле тыйып коюуну кыргыз эли,  улуттук кызыкчылыктарыбыз талап кылып  турат. Ушундай шартта бюджетке акча түшүрмɵк элек деген болуп жерибизди  чет элдиктердин   толуп  кетишине жол ачып    бербейли.  Каражатты башка жактан издесе деле  табылат. Ɵзүбүзгɵ  ɵзүбүз душман болбойлу. Элдин каарын келтирбейли.

Жеке  кызыкчылыктарды кɵздɵп, чет элдиктерди тɵргɵ ɵткɵрүүчү  мыйзамдарды кабыл албоону эл талап кылып турат. Кɵкɵй кести  күйдүм чок кылган кɵрүнүштɵр кɵп.  Кайсы убакка чейин  сугалактык кылып  ɵз кɵмɵчүбүзгɵ күл тарта беребиз бурадарлар, аттуу баштуу  атка минерлер. Кыргыз  элин азапка салып, мамлекетибиздин экономикасын сазга  батырган  дал ушул  ичим таптык, обурун ажыдаардай ачкан желмогуздай жегичтик илдет экендиги  турмушубуздан кашкайып  эле кɵрүнүп турат.  Ɵзүнүн маселесин  жакшы  чечкен, кээде  кɵзүн май басып ɵзүн ɵзгɵчɵ зор сезип алган айрым  бир  депутаттар эл ɵкүлү деген  мандатты башкача ɵңүттɵн түшүнүп жүрүшкɵндɵй. Депутаттык деген мансап эмес, мамлекеттин, элдин түпкү таламдары менен  кызыкчалыктарын коргоп берүүчү  мыйзам чыгаруучу, ал үчүн жоопкерчиликтүү инсан.

Коррупцияга каршы күрɵш жарыяланганы менен шектүү деп  кармалган жегичтердин  «акулалары»  менен  «киттери»  четинен биринин  артынан  бири «ачык деңизге  сүзүп»  чыгып кетишти. Эмнеге деп  күйдүм чок болгон эл, журтту кɵрүп ал. Эмнеси артык эле деп, эми ал айтпаса да түшүнүктүү болуп турбайбы. Алардын  бирин экини эле темир тор артында калды.  Алар да  мурункулардын изине салып чыгып  кетиштин  амалын издеп  турушат. Азыр кылтакка  илинип жаткандары « чабактары» эле болсо керек. Бей- бечара болсо  тоок же токту уурдаса деле капканы катуу чаап чыгарбай калмак.   Ак  жеринен  күйүп, акыйкат  издеп  сыздап жүргɵндɵр  канча.  Абакта тоңуп жаткандары канча. Мыйзамдын күчү кембагалдарга эле чыгып турабы. Анан  ошол жерде ɵктɵмдүк менен  ɵкүмчүлдүктүн күч алып турганын  кɵрɵ  бериңиз. Акыбал ушундай достум, башкасын айтып не кылабыз.

Сɵз соңунда айтарыбыз: Ата-Журтубуздун кадырын  кɵтɵрүп, улутубуздун  кызыкчылыгын кɵздɵп, коргоп алуучу эң жоопту мезгилде жашап турабыз. Мамлекетибиздин  келечеги, түбɵлүктүүлүгү, урпактарыбыздын бактысы да ушул маселенин мекенчилдик  жана  батылдык менен ийгиликтүү чечилишине  байланыштуу болмокчу.

Ааламдашуу деген жараяндын  карааны  калдайып жылып келип калды. Ал бешенебизден сылап, ысык токочун суна коет экен деп ойлобой  эле коелу. Кудай билет. Бара кɵрɵөрбүз. Күлүп сүйлɵгɵндүн баары эле дос  боло бербейт. Кандай маселеде болсо да  «сактыкка кордук  жок» деген эл накылын унутпайлы. Ошондуктан жеке кызыкчылыктардын артынан  түшүп, кɵкүрɵк каккан  амбицияга алдырып, ɵз ара тирешип, душманга колтук ача бербей, ынтымакты арттырып, чечим  кабыл  алууда кыраакы болуп, мамлекетибиздин бүтүндүгүн ɵзүбүздүн мыйзамдар менен  бекемдеп, эл аралык мамилелерде  кайсы маселе болбосун ар кандай  деңгээлде теңтайлаша ала турган мыйзамдарыбызды сунуштап, кыраандык менен иштейли,боордоштор!

Меңдибек  Асылбеков   

Булак: Фабула 

 

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *