Кыргыз-түрк мамилеси жанданабы же күзүндө Ражап Тайип Эрдоган Кыргызстанга кантип келет?

Жалпы журтка анча билинбеген менен акыркы алты жылда экс-президент А. Атамбаев атайлаппы же дипломатиялык саясатты жүргүзүүдөн оолак болгондуктанбы, карапайым калкка гана эмес, бүтүндөй мамлекетибиздин тышкы саясатына, кошуна, боордош мамлекеттер менен болгон мамилеге бир топ эле кыянатчылык кылып кетти.

Атамбаевдин Назарбаевде эмне өчү бар эле?

Президенттик шайлоодо талапкерлердин бирине жан тартып койгондугун шылтоолоп, каны, жаны бир, бир атадан тараган, эгиз козудай боордош казак элинин Элбасы Нурсултан Назарбаевди бир айтып бир койбой, эки айтып эки койбой, БУУнун Нью-Йорктогу Башкы ассамблеясында 40 минута сүйлөгөн сөзүнүн жарым убактысында “шыбап” огородуна ойда таш ыргытты. Андан кийин деле студенттерге стипендия же маданият кызматкерлерине сыйлык-наам таратканда түз келатып эле жолунан мүдүрүлгөн букадай казак бийлигин, президентин капталдан “сүзүп”, элинин “жакыр жашоосу” менен пенсионерлердин “жарыбаган” пенсиясынан кеп кылууну адатка айландырып албады беле. Биз ошондо АШАнын кезектеги “балп этмеси да” деп анча маани бербегенибиз менен бул атайын алдын ала ойлонулган, ал тургай кайсы бир сырткы таасирден улам жасалган “диверсия” болчу. Андан мурда А. Атамбаев казак президентин колтуктап эле жыл сайын Ысык-Көлгө эс алууга келгенде Тамчы аэропортуна чуркап барып, самолеттон өзү тосуп алып, “кыргыз элинин трагедиясы — ​Нуракедей президентинин жоктугу…”, — ​дегендигин баарыбыз эле укпадык беле. Анан эле көп өтпөй теңирден тескери бурулуп, өзүнө-өзү каршы чыккандыгынын себеби да бар…

Дегеле саясатта мамлекет башчыны мындай кой, катардагы кызматкердин башка мамлекеттин ички ишине, мамлекет башчысына сын айтуусу этикага ылайык келбейт жана осол көрүнүш болуп эсептелет. Бирок казак бийлиги деле бул Бишкектен бомбадай атылып, Акордону “талкалаган ракеталарга” жооп катары биздин аярлуу жерибиз болгон чек араны жаап коюп, күркүрөгөн күздө Казакстан, Россияга экспорттолгон жүздөгөн машина жашылча-жемиштерибиз Кордайдан Бишкекке чейин тизилип калбадыбы. Көпчүлүгү чирип, дыйкандардын жайы бою таман акы, маңдай тери менен тапкан мээнети чирип кетти. Анткен менен кыргызда “жиндиден соо адам качып кутулат” демекчи, мөөнөтү бүтүп, кетерине аз калган экс-президенттин бул заар тилинин бомбадай тийген запкысына чыдап бердик. Ал эми өзү “саясатчынын бети пилдин терисиндей калың болуш керек”, — ​деген Н. Назарбаев дүйнөлүк деңгээлдеги аброюн төмөндөтүп, АШАга теңелген жок.

Балким, А. Атамбаев жогоруда айтылган бир эл болгон кыргыздар менен казактардын ортосуна чок таштоону да көздөгөндүр. Бактыга жараша анын бул тескери ою да таш каап, кеменгер элибиз көңүл бурган жок. Ооба, ал ошол эле учурда Ташкентке байма-бай каттап, чегарабызды ачып берди. Мындан биз экономикалык жактан эч кандай утушка ээ болбой, өзбек тарап гана Кыргызстандан арзаныраак өз продукцияларына рынок таап, эли мандикерлик кылып болсо да пахта талааларыбызда, курулушта иштеп, ансыз деле көйгөйлүү социалдык маселелерибизди ого бетер оорлотуп жатат. Себеби Кыргызстан Өзбекстанга эч нерсе сата албайт. Акыл-эси бар, өз эли менен мамлекетин ойлогон жетекчилер эң оболу ички рынокту коргойт. Баарынан да “Мындан ары ГЭСтерди Өзбекстан менен макулдашып курабыз…”, — ​деп убада берип коюшу өтө чоң катачылык болгон. Себеби ГЭСтер стратегиялык маанидеги объект болуп саналат. Андыктан ички ишибизге кошуналарды аралаштыра берген туура эмес, мамлекеттин коопсуздугуна келтирилген чоң коркунуч катары саналууга тийиш. Демек, эл аралык дипломатия, кошуналар менен болгон мамиле өтө кылдат жасалыш керек.

Түркиянын таарынычы жазылабы?

Көрсө, “А. Атамбаев кыргыз элине миң жылда бир келген кесепет…”,   ​деген сөзү үчүн гана “төңкөрүш жасоого аракет кылды” деген жалаа жабылып, азыр түрмөдө жаткан экс-вице-премьер-министр Б. Талгарбеков туура эле айткан тура. Себеби Ошко же 40 адамдын өмүрү кыйылган Дача-СУга караганда Анкарага түрк президенттери шайлоодо жеңсе деле, баласын үйлөп той өткөрсө деле заматта учуп барып, “аби эле аби” деп балкондо жанына тура калчу АША “жылан чакпай, жылкы теппей” Р. Эрдоган менен да касташып, боордош түрк эли менен да мамилебиз бир аз сууй түшкөн болчу.

Ага карабай Түркия бийлиги элибизге болгон боордоштук мамилесин өзгөртпөгөн менен (Түркияда эки миңге жакын кыргыз студенттер, мигранттар окуп, иштешет. Бир гана Кыргызстандын жарандары бул өлкөгө визасыз кирип, 90 күн жүрө алышат) расмий Анкара менен Бишкектин ортосу сууй түшкөн. Ал тургай мамлекеттик деңгээлде шайлоолордун жыйынтыгы чыкканда бир барак куттуктоо жиберилбей калган учурга жеткен.

Кыргыз-түрк мамилесинин ал кезде сууй түшкөндүгүнүн башкы себеби айланып келип эле кыргыз бийлигинин эки жыл мурда ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинин уюштуруучусу деп айыпталган түркиялык динаятчы, учурда АКШда баш калкалап жүргөн Фетхуллах Гүлендин Кыргызстандагы билим берүү мекемелери менен бизнесин ооздуктабай, “бул биздин ички ишибиз, өзүбүз билебиз…” деп моюн толгоп койгондугу болуп саналат. Ошол эле учурда Казакстан, Түркмөнстан (Өзбекстан 1990-жылдары эле “Себат” билим берүү мекемесин жапкан) жана башка мамлекеттер расмий Анкаранын өтүнүчүн кабыл алып, аткарган. Себеби бизде А. Атамбаевдин өзүн билбейбиз, анын тегерегиндегилердин көпчүлүгү гүленчилер болчу. Алар азыр деле жаңы бийликти чырмооктой чырмап алып, чоң кызматтарда иштеп атышат…

Ал эми С. Жээнбековдун алгачкы КМШ аймагынан тышкары чет мамлекетке расмий сапарынын Түркияга жасалышы өтө туура болду. Анкара да кыргыз президентин өтө жогорку деңгээлде тосуп алып, бир топ эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Бирок түрк президенти С. Жээнбеков менен болгон жолугушууда гүленчилер маселесин козгоп, “алар эртеби, кечпи силерге да коркунуч жаратат…”, деп түз эле айтты. Азырынча кыргыз бийлиги бул суроого ак да, көк да деп жооп кайтара элек. Ал арада жакында Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Балыкчыда мурдагы “Себат”, азыркы “Сапат” мектебинин ачылышы эки өлкөнүн мамилесине залака кетирерин айтып, нааразычылыгын билдирди.

Ошол эле жолугушууда Р. Эрдоган күзүндө Бүткүл дүйнөлүк III көчмөндөр оюну менен Түрк кызматташтык кеңешинин Кыргызстанда өтө турган жыйынына катышарын жар салган. Баса, Түрк кызматташтык кеңешинин бул саммити мурдагы кыргыз бийлигинин Анкара менен араздашуусунун кесепетинен же Р. Эрдоган келбей тургандыктан гана эки жылдан бери өтпөй келатат.

Эми Р. Эрдогандын сентябрда катары менен өтүүчү Кыргызстандагы эки чоң иш чарага катышары же келери жогорудагы гүленчилер боюнча айтылган талаптарынын аткарылышына жараша болушу мүмкүн. Баарынан да өткөн жумада өзү кайра шайланып, Түркияны парламенттик башкаруудан президенттик бийликке өзгөртүп түзгөн, өзүнүн АК партиясы парламенттеги мандаттын жарымына жакынын (600дөн 295) алып, эки колуна тең бийлик чылбырын кармаган Р. Эрдогандын Кыргызстанга келиши алардын өзүнөн да биз үчүн чоң жаңылык жана олжо болгону турат. Олжо демекчи, акыркы алты жылда, эски бийликтин тушунда эч бир чет мамлекеттин президенти тургай, тышкы иштер министри келип койбогон Кыргызстандын эл аралык деңгээлде кадыр-баркы жогорулайт. Андан тышкары дагы 10 жылдын аралыгында дүйнөнүн алдыңкы 10 мамлекетинин катарына кошулууга умтулуп, Жакынкы Чыгыштагы чоң “оюнчуга” айланган, экономикасы дүркүрөп өнүгүп бараткан Түркиядан Кыргызстанга ири инвестиция, грант, кредиттердин жыты келүүдө.

Чындыгында Түркия бийлиги Кыргызстанды бир тууган, боордош деген менен 50 млн доллар карызыбызды кечкенден тышкары экономикабыз үчүн чоң салым кошо элек. Туура, жакында 1,5 млрд сомду дайынсыз жоготкон Мамлекеттик тарых музейине, Президентке караштуу “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондуна аз эмес гранттык каражат берип, Бишкекте заманбап шарты менен оорукана куруп берди. Бирок бул жардамдар бизге көп көрүнгөнү менен ТИКА аркылуу эле дүйнөнүн 137 мамлекетине көмөк көрсөткөн Түркия үчүн аз эле акча болуп саналат. Андыктан биздин бир тууган, боордош эл экендигибизди эске алганда жана түрктөр кыргыздарды түпкү теги катары санай тургандыгын кошкондо, миллиарддаган долларларды алсак болмок.

Мындай жагдайдын түзүлүшүнө боордоштор эмес, өзүбүздүн бийликтин иштин көзүн билбегендиги жана туура эмес жүргүзгөн саясаты кедерги болуп келди. Ал эми Бишкектеги анча-мынча дүкөн, кафе, курулуш ишканалары гүленчилердин бизнеси болуп саналат. Бирок ал акчаларды алуу айланып келип эле жогорудагы саясый маселелердин кандай аткарылышына барып такалат…

А. Жакыпов

Булак: “Жаңы Ордо”

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *