Кыргызстан Өзбекстанга электр энергиясын сата баштады

Кыргызстан жай мезгилинде Өзбекстанга электр энергиясын сатууну улантат. Бул тууралуу “Электр Станциялар” ишканасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган ишкана менен “Өзбекэнерго” ишканасынын ортосундагы келишимдин негизинде электр энергиясынын экспорту 8-июндан тарта башталды.

Август айына чейин 500 миллион кВт. саат энергия сатылмакчы. 1 киловатт саат электр энергиянын баасы 2 цент деп аныкталган.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү коңшу өлкөгө электр жарыгын сатууга мүмкүнчүлүк берерин кыргыз энергетиктери билдирип жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *