Мамлекеттик сырткы карыз жана элдик эсеп

Азыркы тапта коомдук-саясий турмуштун соңку кездерде ачык байкалбастан, а бирок өтө тездик менен өнүгө баштаган бир жагдайына өзгөчө көңүл буруу талап кылынууда. Ал жагдай — ​мамлекеттин сырткы карыздын тез ылдамдыкта жана кыска убакытта эле эбегейсиз чоң өлчөмгө чейин өсүп жетиши болуп калды. Коомчулукка кеңири белгилүү болгондой, “апрель революциячылары” бийликке келген соң, сырткы карыздын өлчөмү дээрлик 2.5 эседен ашуун көбөйүп кеткен.

Сырткы карыз маселесинин күчөшү ички социалдык-экономикалык оор кризистин фонунда болуп жатышы да абалды ого бетер оордотууда. Эртедир-кечтир дал ушундай болмок. Бул маселе алдыртадан, байкалбастан, терең суунун түбүндөгү иримдей болуп, аз-аздан курчуп жүрүп олтуруп, эми акырындап өзүнө “оп” тарта баштаганы таң калыштуу деле эмес. Ал тургай, ал бул дагы эчтеке эмес, же орустар айтмакчы, бул азырынча бар болгону гүлдөрү гана — ​ал эми “жемиштери” анан бышат деп айтууга болот. Тагыраак айтканда, 2023-жылдан баштап сырткы карызды төлөөнүн эң оор этабы башталганы турат. Алдыдан байкалбай аз-аздан жылып келе жаткан, тээ алыстан азыр карааны гана көрүнүп турган бул “жүктүн” оор көчкү сымал болгон оордугун өлкө бюджети, жалпы эле элибиз 2023-жылдан тартып, 2029-жылга чейин аргасыздан көтөрүүгө мажбур болот!..

“Отузунчу премьер-министр” болуп шайланган Мухаммедкалый Абылгазиев парламент алдында бул жүктү жеңилдетүү максатында, мамлекетке жардам берүүнү каалагандар үчүн атайын эсеп ачыларын билдирди. Бул аянычтуу, маскарачылык абалга жетүү (өз жарандарын коргоочу, камсыз кылуучу, ишеничи жана тиреги болуучу мамлекеттин өзүнүн өз жарандарына жардам сурап жалдырап, алакан жая тилемчи болуп турушу!) дүйнө жүзүндө глобалдык катастрофа жана өтө оор кесепеттүү табигый катаклизмдер соң гана орун алышы мүмкүн. Айталык, Түштүк Корея узакка созулган согуштан кийинки кризистен чыгуу максатында элине ушундай чакырык менен кайрылган. Корея мындан ары өз алдынча мамлекет болуп жашап кете алабы, же жокпу деген суроо кабыргасынан коюлган кезде, кореялык аялдар кулактарындагы алтын сөйкөлөрүнөн бери топтоп, мамлекет казынасына өткөрүшкөндүгү белгилүү жана да бул окуя жалпы элдик кайратман кыймылдын бийик үлгүсүнүн мисалы катары дүйнөгө таркаган…

Арийне, бизде түзүлгөн оор кырдаал жогорудагы “кореялык үлгүдөн” кескин айырмаланып турат. Бизде эч кандай согуш жана узак мөөнөттүү жарандык-куралдуу конфликттер (1990-жылы антикоммунисттик кыймылдар тарабынан атайын уюшулган Ош окуяларын, жана дагы өлкө түштүгүндө 2010-жылы белгилүү бир саясий күчтөр тарабынан өз кызыкчылыктарын көздөп тутандырылган этникалар аралык локалдуу конфликттерди эске албаганда) орун алган жок. Демек, ушундай оор абалга мамлекеттик жетекчиликтин социалдык-экономикалык саясатындагы алысты көрө албаган сокурдугу жана дагы жогорку эшелондогу мамлекеттик чиновниктердин атайылап эле мамлекеттик казынаны алдыртадан уурдап-тоноо сыяктуу коррупциялык аракеттери жеткиргендиги түшүнүктүү. Ушундан улам, мындай бир мыйзамченемдүү суроо өзүнөн-өзү туулбай койбойт: уурдап-тоногонун, мамлекеттик казынаны какшытканды башка бирөөлөр, болгондо да, жалпы элдин санына салыштырмалуу бир ууч гана болгон күчтөр жасап, эми ал карыздарды төлөө мөөнөтү келип, кекиртектен кысып калганда, анын оордугун жалпы эл тартышы керекпи?!

Ансыз деле, эл арасында бул күтүүсүздөн эле жарала калган маселе кызуу талкууларды жаратып, “халваны аким жейт, келтекти жетим жейт” — ​деген илгертен калган лакапты кыжырдануу менен эске салууда. Адатта, биздеги мамлекеттик чиновниктердин декларацияларын окусаң, бооруң ооруйт, ал тургай, айрым депутат-чиновниктер үй-жайлары да жок “бомждорго” да айланып, кубулуп, хамолендой болуп, башка жүздөрү менен чыга келишет. Анан эле, кандайдыр бир былыгы чыга калган кезде (баягы эле алдым-жуттумдуктун, ашкере ач көздүктүн айынан!), баягы “бечаралардын” маскасын кийип жүрүшкөндөрдүн баары подпольдук миллионерлер экендиктери билинет. Башкасын айтпай эле коелук, жакында эле АКШга качып кетти делген Аскарбек Шадиевдин массалык-маалымат каражаттарында жарыяланган мүлкүнө көз чаптырсак, банктардагы акчасы эле 2 млрд доллар, ал эми өлүү дүйнөсүнүн (имуществосунун) өлчөмү 7 млрд долларга барабар экен. Бул эми белгилүү болуп, азырынча ачыкка чыгып, табылып калганы гана экендиги түшүнүктүү.

Ал эми карызга баткан, жакыр Кыргызстандагы көптөгөн подполдук “мультимиллионерлердин” тереңге катылган, башка бирөөлөргө катталып калган, же оффшордук зоналарда козголбой “дымып” жаткан байлыктары жөнүндө сөз кыла турган болсок, мамлекет байлыгынан алда канча ашып түшөрү турган иш! Ошондуктан, мамлекеттик жөлөк-пул, көп балалуу үй-бүлөлөргө берилүүчү пособиелерди дагы бул үйдүн “телевизору бар экен”, “муздаткычы бар экен” деген сыяктуу шылтоолорду табуу жолу менен, эптеп кыскартып, бербей коюунун улам жаңы айла-амалдары ойлнуп-табыла калып жаткан жарандарыбызды дагы “мамилекеттик карыздан кутултууга” жардам беришеби деп үмүттөнүп, сурануу уятыздыктын эң жеткен чеги болду окшойт. Сөз жок, жеке инсандык психологиясы белгилүү бир коомдук шарттарга байланыштуу кыйшайып, тескери багытта өзгөрүп калган мамлекеттик чиновниктерге караганда, карапайым адамдардын катарында, жөнөкөй элдин арасында патриот жана жакыр мекенин чын дилинен сүйгөн инсандарыбыз алда канча көп.

Ошентсе да, коомчулуктун көңүл борборундагы эң орчундуу маселелердин бири, чынын айтканда, эч кандай күтүүсүз деле эмес, тескерисинче, тээ тереңде көптөн бери быкшып-кайнап жаткан маселе болчу. Белгилүү болгондой, ашыкча кайнай баштаган кезде толуп-ташыган бууну өз учурунда сыртка чыгарып жибербесе, анын кесепети азыркыдан дагы өтө оор жана алдын ала айтып бере алгыс нукка бурулуп кетиши да толук мүмкүн. Жалпы элдин эсебинен сырткы карызды төлөп кутулуу демилгеси учурдагы премьер-министр Мукаммедкалый Абылгазиев тарабынан биринчи жолу демилгеленип жаткан жери жок. Мындан он жылдан ашуун убакта — ​2007-жылы эле ошол кездеги премьер-министр (азыркы экс-президент) Алмазбек Атамбаев тарабынан дагы көтөрүлүп, ошол эле жылы июнь айында атайын эсеп ачылып, ал 2012-жылдын 24-июлунда жабылган экен. Аталган мезгил ичинде, ал эсепке бар болгону 803 миң 817,77 сом түшүптүр.

Ал эми валюталык элдик эсеп да ошол эле 2007-жылы ачылып, ага улуттук валютадан дагы аз акча — ​бар болгону 3 миң 350$ чогулуптур!.. Өзүнөн-өзү эле көрүнүп тургандай, жогорудагы цифралардан улам, карапайым калктын тыйындап, бир сомдон чогулткан акчаларынын эсебинен дээрлик миллион сомго жакын акча топтолуптур. Ал эми доллар боюнча топтолгон акчанын салыштырмалуу аз болуп калгандыгы деле оңой эле түшүнүктүү. 3 миң 350 доллардын басымдуу бөлүгүн чет жакта жүргөн мигранттарыбыз тарабынан которушкан сыяктанат. Бул ачылган эсеп тууралуу кайсыл бир жолдор аркылуу билип калышып, бешене-терлери менен тапкан каражаттарынан жыйырма-отуз, элүү-жүз доллардан болсо да ичтери оорубай которушуп, “Көп түкүрсө көл болот” деген элдик накылга бекем ишеним артышып, анан дагы жегичтердин жемине айланган жакыр мекенине ичтеринен сыздашып, эгерде Кыргызстан оңолуп, бутуна туруп кетсе, биз да ушинтип бөтөн эл-жерде кор болуп жүрбөйт элек деген илгери үмүт менен которушканы көрүнүп турат…

Тилекке каршы, жогоруда ачылган эсептердин “келечексиз” болуп, ошондон ары уланбай калышы деле табышмак эмес. Анткени, мындай изги демилге Кыргызстандагы байлар жана олигархтар, ишкер чөйрө жана акчалуу адамдар тарабынан кеңири масштабдуу колго алынбай, ара жолдо калган. Асыресе, азыр ошол терс тажрыйбаны эске алуу менен бирге, ошол боштукту жоюп, жаңыча аракеттерди жасоо ыңгайы түзүлүп калды. Айтайын дегеним, Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин демилгеси жөнүндө болууда. Кээде оргу-баргы, ойлонбой да сүйлөп койчу адаты бар популярдуу депутат, бул ирет жалпы эл тарабынан колдоо таба турган демилгеси менен чыкты. Адегенде, парламент трибунасынан эгерде атайын эсеп ачылса, өзү бир миллион которо тургандыгын жарыяласа, кийинчерээк кайсыл бир массалык-маалымат каражатына берген маегинде “керек болсо 10 миллион сом болсо да которууга даяр” экендигин билдирди. Ишкер-депутат Камчыбек Жолдошбаевдин бул кайрылуусун жалпы эле Кыргызстандык ишкерлерге-бизнесмендерге жана олигархтарга чакырык катары үлгү кылып, мамлекеттик деңгээлде жогоруда аталган контингент үчүн өзүнчө атайын эсеп ачуу зарыл. Жолдошбаев баштап берген бул коомдук-атуулдук иш-аракети мамлекеттин гана эмес, жалпы коомчулуктун, элдин көз алдында болуп, эсепке түшкөн ар бир каражат массалык-маалымат каражаттарында ачык жарыяланып турушу абзел.

2018-жылдын 30-мартына карата, мамлекеттин карызы $4 миллиард 435,49 миллион, же 305 миллиард 91,22 миллион сомго жетиптир. Ал эми сырткы карызды төлөө мөөнөтүнүн эң оор этабы 2023-жылдан 2029-жылга чейин созуларын эске ала турган болсок, бизге биринчи коңгуроо эбак эле кагылган. Азыр экинчи коңгуроонун дал алдында турабыз. Кыскасы, кечиктирилгиси аракеттерге барып, түзүлгөн оор кырдаалдан чыгуу үчүн чечкиндүү аракеттерге өтпөсөк, үчүнчү, — ​акыркы коңгуроонун урулушу мамлекеттик бүтүндүккө жана көз карандысыздыкка карата оор кесепеттерин тийгизиши да мүмкүн!..

Дал ошондуктан улам, бул атайын эсепти ачуунун биринчи демилгечиси болгон Алмазбек Атамбаев баш болуп, өлкөбүздөгү бардык бай адамдар өз өлкөсүн канчалык деңгээлде чындап сүйүшөрүн жана колдой алышарын ачык көрсөтө алышына шарт түзүп берүү керек. Анан калса, өзүнүн Кыргызстандагы эң алгачкы “мультимиллионерлердин бири” экендигин такай эске салганды жакшы көргөн, жана да барган жерлеринде, же сүйлөгөн сөздөрүндө да “инсандык бул компонентке” өзгөчө чоң маани берип жүргөн (“Нарындыктардын ичинде ашкан байлар өтө көп”, “Министр Калыкбек Султанов өзү дагы абдан бай адам” ж. б.д.у.с.) Алмазбек Атамбаев өзү баштап үлгү көрсөтүп, башкаларга мисал болуп берсе жакшы болмок. Анан калса, соңку кездерде коомчулук алдында аны биротоло дискредитациялап салган, коррупциялык кылмыштарга айыпталып жатышкан шакирттеринен айрымаланып, өзүнүн жүзү эл алдында жарык болушуна жетишмек.

УКМКнын билдирүүсүнө караганда, 2018-жылдын башынан бери аныкталган кылмыш иштери боюнча эле мамлекетке 1 миллиард 669,7 миллион сом зыян келтирилиптир. Ошондой эле, Антикоррупциялык кызмат тарабынан 117 кылмыш ичи ачылган. Айта кете турган нерсе, учурдагы кылмыш иштери менен эле чектелип калбай, тиешелүү мамлекеттик органдар жалпы эгемендик доорундагы менчиктештирүүдөн баштап, бардык шектүү экономикалык кылмыштарды кайрадан көтөрүп, мыйзам чегинде инвентаризациялап чыкканы максатка ылайыктуу болот. Азыркы олигархтар, бомж кейпин кийген подполдук миллионерлердин көбү ошол кездеги башаламандыктан пайдаланышып, уурулук-арамзалык жолдор менен байышканы белгилүү.

Талкаланган колхоз-совхоздорду айтпай эле коёлук, а бирок өзүн актап, киреше берип турган ишканалардын көбү дал жогорудагыдай ыкмалар менен менчиктештирилгени белгилүү. Алардын айрымдары — ​Бишкек арак заводу жана да “Эркин-Тоо” басма комплекси сыяктуу тарыхый маанидеги имарат деп эсептелген ишканалар деле Борбордун эң престиждүү, кымбат аймагындагы ээлеген өтө ири жерлери менен кошо менчиктештирилип кеткен. Албетте, реприватизация жөнүндө сөз болушу да мүмкүн эмес. Бирок, атайылап банкрот кылышып, өтө арзан баада сатып алышып, ал ишкананы кайра иштетпей, өзүнүн соода кызыкчылыгына гана пайдаланышкандарга чара көрүү зарыл. Рыноктук баадагы айрымачылыктарын кайра мамлекетке төгүп беришип, а эгерде кылмыш иштери ачылса — ​алардын баары сот жообуна тартылышы керек.

Ишенбек Муртазаев

Булак: “Жаңы Ордо”

1 комментарий

  • Пенсионер:

    Бир эле Шадиевдин байлыгын конфискациялап тышкы карызды бут жапса болот. Ал эми Атамбаевдин байлыгын конфискациялап Кыргызстанды гулдотсо болот.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *