Мамлекеттик теле жана радио кызматкерлерин Өкмөт сыйлыктар менен сыйлады

Кесиптик милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:

— Алымбаев Эрнис Темирканович, «Sputnik-Кыргызстан» маалымат жана радио агенттигинин атайын долбоорунун продюссери;

— Асымова Дамира Эсенгуловна, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын режиссеру;

— Жумабекова Нургүл Жумабековна, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Ала-Тоо 24» телеканалынын атайын кабарчысы;

— Мурзалиев Кылычбек Мураждинович, Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директорунун орун басары;

— Черникова Вера Михайловна, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Ала-Тоо 24» телеканалынын баяндамачысы.

Буга катар Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөндөгүлөргө алкыш жарыяланды:

— Бараканова Айгерим Калысбековна, Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кабарчысы;

— Баялиев Мырзабек Алымкулович, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жогорку категориядагы оператору;

— Калдыбаева Салтанат Ишеновна, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосунун» өз кабарчысы;

— Нусубалиева Замира Асылбековна, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосунун» жооптуу редактору;

— Орозматов Акылбек Адылбекович, Коомдук аймактык «Ынтымак» телерадиокомпаниясынын программалык директору;

— Рахманов Кулчун Баратбаевич, Кыргыз Республикасынын Нарын облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын редактор-баяндамачысы;

— Султанов Нуркул Сатыбалдиевич, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Республикалык радиотелеборбор» мамлекеттик ишканасынын атайын жарыктандыруу цехинин экинчи категориядагы инженери;

— Сырдыбаева Кундуз Сагалыевна, Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын аймактык кабарчысы;

— Төлөнова Гүлмира Аманкуловна, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Республикалык радиотелеборбор» мамлекеттик ишканасынын башкы экономисти;

— Хакимова Гүлбахар Рахимжановна, «Марал» телерадиокомпаниясынын кабарчысы;

— Шакенова Аида Жумагазиевна, Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын журналисти;

— Яценко Юлия Сергеевна, Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын продюсери.

 

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *