Мектепке кам көрбөгөн мамлекеттин келечеги жок

Булан институтунун иликтөөсү боюнча учурда Кыргызстанда  2,222  орто мектеп бар. Алардын ичинен 193 мектеп учурда авариялык абалда.  Бул мектептердин ичинде 127 жыл илгери курулгандары да бар.   

Ош облусунун Сузак районунда жайгашкан  Багыш Сафаров айыл өкмөтүндөгү Базарбаев  атындагы орто мектеп 1890-жылы курулган экен.  Ал мектеп таптакыр жарактан чыккандыктан, окуучулар үч жыл мурда  мурунку балдар үйүндө үч сменде окушат.  Ошол эле учурда бул балдар үйүндө 56 жетим жана жарым жетим балдар да тарбияланышат.  2013-жылы  КР Билим берүү жана илим министрлиги жана КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен БУУ (ЮНИСЕФ) Балдар фондунун каржылоосу менен  Кыргызстандагы  кооптуу мектептерди иликтеп, аларга өз бааларын беришкен эле.  Ошол кезде  атайын түзүлгөн эксперттердин жыйынтыгы Кыргызстандагы мектептердин 80 %ы  кооптуу  деп таанылган.

Суукка чыдамкай нарындык окуучулар

Нарын районундагы Төш-Булак айылындагы жыйырма беш түтүндүн балдарынын мектепке жетиши азап. Айрыкча кыш чилдеде таңкы саат алтыда туруп, кийинип алып жөө-жалаңдап жолго чыгууга туура келет. Анткени алар жашаган айылдагы мектеп башталгыч класстар үчүн гана болгондуктан, 5-класстан баштап жети чакырым алыс жайгашкан коңшу Ийри-Суу айылына барып-келип окушат.Кыштын күнү таң атпай алтыда туруп барган балдар, мектепке барганда үшүгөндөн ручка кармап жаза албай калабыз дейт.  Айрымдары мектеби жакын башка айылдарга туугандарына бергенге аргасыз болушат. Эгерде айылда мектеп жок болсо, коңшу айылга балдарды окууга жеткирип турууга транспорт уюштуруу жергиликтүү бийликтин милдети болуп саналат. Бирок бул айылда айыл өкмөт бул маселени чечкен эмес.  Ушундай эле көйгөй Нарын районунун Оттук айылында да болгон. Айылдын четиндеги жыйырмага жакын үй-бүлөнүн балдары  төрт чакырым алыс жайгашкан мектепке токой аралап, кооптуу көпүрөдөн өтүп барышчу. Бирок  өткөн жылы айыл өкмөтү балдарды мектепке жеткирип туруу үчүн атайын кичи автобус алып берген экен.

Кожокелең менен Топ-Терек эстен кетпеди

Кара-Куу районунун Кожокелең айылындагы мектеп бир жагы урап иштен чыкканына бир нече жыл болду. Мурдагы жылы балдар боз үйдө окуп, бардык телеканалдарга чыккан. Бирок кырдаал өзгөргөн жок. Учурда айылда ижарага алынган үйлөрдө окуп жатышат. Урап калган мектептин эски имаратынын бир жагында аман калган төрт класста да сабактар өтүлгөн учурлар болот. Кожокелеңде мектеп качан курулуп бүтөт? Быйылкы тизмеге кирдиби? Бул суроолорго азырынча жооп жок. Ошондой эле Ош облусундагы Топ-Терек айылынын окуучулары да кыш чилдеде дайым эске түшөт. Айылда мектеп жоктугунан коңшу айылга барышат. Барганда да, жолдогу Машрап-Сай деген чоң сууну кечип өтүп, анан барышат. Көпүрө да жок. Айыл өкмөт жок дегенде көпүрө куралы деп, каражат таба алышпай кыйналышууда. Айылда аты барлар балдарын ат менен суудан өткөрүп, сабактан келатканда тосуп алып турушат. Аты жоктор болсо суу өтүк даярдап коюп, суунун жээгине катып коюшат. Мектептен келатып кайра өтүктү кийип сууну кечишет. Бирок ушул кычыраган кышта Топ-Теректин балдары кантти экен?

Сауд фонду  жаңы мектептерди куруп береби?

Кыргызстанда соңку жылдары мектеп курулушу жанданды. 2016-жылы 17 мектеп курулуп, анын 57си “Жерүй” кенин сатуудан түшкөн каражаттын эсебинен курулду. Бирок мамлекеттик бюджетте мектептерди капиталдык ремонттон өткөрүүгө же жаңы мектеп курууга каражат тартыш. Четтен келген инвесторлорго же кредитке үмүт артууга туура келет. Былтыр Сауд Аравиясы 16 мектеп салууга кредит берип жатканы тууралуу расмий маалымат тараган. Булан институтунун билдиргенге караганда, бул кредит 20 жылга бериле турган карыз акча. Бирок жакында эле кайрадан Билим берүү министрлиги Сауд Аравиясы Кыргызстанда 27 мектептин курулушуна финансылык жардам көрсөтөөрүн билдирди. Сауд фонду  27 мектептин курулушуна каражат бере турганын ЖК социалдык  маселелер жана билим, илим, маданият жана саламаттык боюнча комитетиндеги жыйында белгилүү болду. Вице-премьер  министр Чолпон Султанбекованын айтымында, курула турган 27 мектептин үчөө Бишкек шаарында салынат.  Бишкектеги № 5 гимназияга жана № 61 мектепке 575 орундуу дагы бир корпус салынат. Андан тышкары Арча-Бешик жаңы конушуна 500 орундуу мектеп курулат.

Сырттан инвесторлор мектеп курулушуна да тартылып жатканы жакшы, бирок чет өлкөдөн келе турган каражаттар өз дарегине так жетип, Кыргызстанда заманбап мектептер курулуп, курулуштун сапаты да тыкыр көзөмөлгө алынышы керек.

Ал эми Кыргызстанда дагы канча окуучу бир нече чакырымды жөө басып, мектепке барып-келип окуп жатты болду экен?! Негизи мектеби жок айылдарды кайра баштан анализ жасап, алардын картасын түзүп, элдин саны өстүбү, мектеп курса болобу же жокпу кайрадан карап чыгуу зарыл.  Дегеле мектеби жок айылдарды санап, тактап чыгуу керек. Бирок норма боюнча эгерде айылда элдин саны жетпесе мектеп курулбайт. Бирок жергиликтүү бийлик ал балдарды башка айылга барып окушу үчүн транспорт уюштуруп берүүгө милдеттүү. Жергиликтүү акимчилик жана айыл өкмөттөр  мектеби алыс окуучуларга кам көрбөсө, мектептин авариялык абалына мамлекет көңүл бөлбөсө, келечек муунга ким кам көрөт?

Назгүл Калмамбетова, Булан институту

Булак: Фабула 

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *