Молдомуса Коңгайтиев акталды, эми Болот Шер $150 миң долларды кайтарабы?

Кечээ, 6-июлда КР УКМК мурунку Ички иштер министри, генерал Молдомуса Коңгайтиевге 2010-жылы апрелде Убактылуу өкмөт козгогон кылмыш ишин анын ал кездеги иш-аракеттеринде кылмыштын составы болгон эмес деп жапкандыгын расмий билдирди. Ошондо генерал Молдомуса Коңгайтиев төңкөрүшчүлөр жапкан жалаадан толук акталды.

2010-жылы 7-апрелде Таласта жаалданган митингичилер Молдомуса Коңгайтиевди мына ушул жалаанын негизинде көгала койдой сабашып, барымтага алышкан.

Кийин ММКларда жазылгандай Молдомуса Коңгайтиевдин агасы Камбаралы Коңгайтиев 7-апрелде Убактылуу өкмөт тарабынан КР Ички иштер министри болуп дайындалган милициянын отставкадагы капитаны Болот Шерниязовго жалынып барып, инисин Таластан барымтадан аман алып чыгып берүүсүн суранган. Болот Шерниязов ал кызматын $150 миң долларга баалаган. Акчасы жок Коңгайтиевдер өздөрү жашап жаткан квартирасын күрөөгө коюп, Өмүрбек Бабановдун банкынан $150 миң доллар карыз алышкан. Ошондон кийин гана министр Болот Шерниязовдун жигиттери Молдомуса Коңгайтиевди Таластан Бишкекке аман-эсен жеткирип берген. Кийин Коңгайтиевдер квартирасын сатышып, Өмүрбек Бабановдун карызынан кутулуп жана ошол, 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо Бабановдун «Республика» партиясына иштеп беришкен.

Эми генерал Молдомуса Коңгайтиевди расмий бийликтер толук актагандан кийин анын жазыксыз сабалганы жана 8 жылдан бери кызматсыз жүргөнү үчүн бийлик компенсация төлөп, ошол кездеги Ички иштер министри Болот Шерниязов $150 миң долларын кайтарып береби?

Баса, ошол 2010-жылы 7-апрелде Таласта айтылуу Акылбек Жапаровду барымтага алышканда аны бошотуу $200 миң долларга бааланып, ал акчаны Жапаровдун туугандарынан Болот Шерниязовдун жан сакчысы Нияз деген жигит келип алып кеткени, ошол акчанын айынан Болот Шерниязов менен жан сакчы Нияз баштаган жигиттердин ортосунда чыр чыгып, Нияз кызматын таштап кетип калганы да айтылбады беле. Ал чырдын аягы эмне менен бүттү?

Булак: Кyrgyztoday.кg

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *