Оомат оогондо… Алмазбек Атамбаевдин “банкрот” болушу же КСДПдан оомат кеттиби?

«Той да болот, тойдун эртеси да болот», — ​демекчи, ошентип 31-мартта көптөн бери аркы жээк менен берки жээктин, оппозиция менен бу-позициянын бүйүрүн бирдей кызыткан бийликтеги КСДП партиясынын курултайы болуп, лидерлигине экс-президент Алмазбек Атамбаев бир добуштан шайланды.

Бирок илгери, СССРдин тушунда КПССтин генералдык катчылыгына алжып калганга чейин кызматта отуруп, ал өлгөн соң кезектеги докладды эжелеп араң окуган абышканы бир добуштан шайлаган съездди элестеткен КСДПнын курултайы алдын ала түзүлгөн сценарий боюнча башталган менен аягы өздөрү күтпөгөн, анткен менен эл күткөндөй жыйынтыкталды. Эң оболу бир-эки күн калганда бул партиянын көптөн бери ысыгына күйүп, суугуна тоңуп келген Асылбек Жээнбеков, Жанар Акаев, анан эмнегедир эски бийликтин “клоуну” аталган Мээрбек Мискенбаевдердин делегат катары чакырылбай калгандыгы күтүлгөн-күтүлбөстүк болду. Демек, көптөн бери эл оозунда имиш деңгээлинде айтылып келаткан жаңы президент менен эски президенттин ортосундагы тымызын тирешүү чындык экендиги ачыкка чыкты. Айрыкча курултай башталар алдында Фарид Ниязовдун парламенттеги КСДПнын чукул чакырылган, жабык жыйынына катышып, анда негизги маселе — ​А. Жээнбековду мандатынан ажыратуу маселеси каралмак болуп, тилекке каршы айрым депутаттар партия лидеринин мындай чечимине каршы болушкандыгынан улам “фарс” болгондугу да ырасталып калды.

Бир эле журналисттер эмес, бүтүндөй коомчулук алты жыл мамлекетти башкарган адамдын кайрадан саясатка кайтып келишинин себебин билүүгө өтө кызыгып атышкан. Бирок ал кандай керемет иштерди жасап же саясат жүргүзөт деп эмес, дагы эмне балакетти баштап, ызы-чуу салат деп. Анткени А. Атамбаев өзүнүн саясый карьерасын эч качан түзүүчүлүк, реформаторлук иштер менен эмес, бүлүндүргүч катары гана жасап келатат. Эгер туңгуч президент А. Акаевдин сөзүнө ишенсек, ал алгач Жазуучулар союзунун төрагасы, залкар инсан Ч. Айтматовдун жардамчысы боло калып, жазуучуларга Москвадан көп кабаттуу үй салуу үчүн бөлүнгөн бир нече миллион рублдин “эсебин таап”, андан соң ал акчага “Кыргызавтомаш” баш болгон беш заводду менчиктештирип алган. Бирок табиятынан бир да жаратмандык иш жасаган жөндөмү болбогондуктан, ал заводдордун тетиктерин Кытай менен Түркияга сатып, ал эми имаратын болсо азыркыга чейин ижарага берип гана акча жасап келет.

Канткен менен кыргыз эли айкөл, кечиримдүү, кеңпейил эмеспизби. Ошол эле учурда өз элине кыянатчылык кылган, эч нерсе жасабаган жана өзүнүн тегерегиндеги бир ууч топту гана байытып, марыткан жетекчи-президенттерди кечирбей тургандыгы, керек болсо кубалап жиберерин Акаев, Бакиевдин мисалы далилдеп турат. Ал эми Атамбаевге кандай баа берүүгө болот? Бирок анын бийлигине, жасаган ишине ар качандан бир качан өзү “мага алгачкы төрт жыл тынчтык беришпеди, иштетпей коюшту, акыркы эки жыл эле иштедим”, — ​деп айтып жүргөнү менен чыныгы бааны эл, карт тарых гана берет. Эгер биздин оозубуз эмес, эл аралык уюмдар жана цифралардын тили менен айта турган болсок, Кыргызстандын тышкы карызы Акаев, Бакиевдин тушундагы 20 жылда 2,5 млрд доллар болсо, акыркы 6 жылда 5 млрд долларга жетти. Коррупциянын деңгээли боюнча дүйнөдөгү 176 мамлекеттин ичинен 136-орунга түштүк. Ал эми коррупцияга каршы күрөш жалаң гана кыргыздын өзүнө жана “мураскорлоруна” атаандаш боло турган Ө. Текебаев, С. Жапаров, Б. Асанов, Б. Талгарбеков, К. Кадыров, К. Исаев, К. Самаков сыяктуу эр азамат жигиттерге болор-болбос далили жок айыптар тагылып, алды алты, арты 12 жылдан камалып кетти. Бул айткандарыбызга анын ошол “репрессиялык” өзүнүн жана тегерегиндегилердин гана жолун ачуу максатында жасаган саясатын ишке ашырган УКМКнын төрагасы А. Сегизбаев ыктыярдуу түрдө отставкага кетүүсү, Башкы прокурор Президенттин сунушу менен “Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” чечимдерин аткарбагандыгы үчүн Парламент тарабынан (105 добуш “макул”, экөө гана “каршы”) кызматтан алынышы далил болот. Баарынан кызыгы, Башпрокурорду кызматттан алууга алгач жол салгандар Парламенттеги “Республика-Ата-Журт” жана “Ата Мекен” фракциялары болду. Аталган эки фракциянын депутаттары Башпрокурордун ишмердүүлүгүнө “2” деген баа коюшту. Бул оппозициялык, лидерлери камалып, куугунтукталып, соттолуп аткан фракциялардын “реванш” алып, ал эми ак да, көк да деп пикирин билдирбеген бийликтин КСДП фракциясынын Акаевдин “Алга, Кыргызстан” жана Бакиевдин “Ак жол” партияларынын кейпин кийип, күнү бүтүп калгандыгынын белгиси эмеспи?

Айтор 2011–2017-жылдар Кыргызстандын тарыхында сталиндик репрессиянын 1937-жылын элестетип калды. Бир да завод, фабрика курулбай, жумушсуздук мурдагыдан да күч алды. Эми мамлекетти ушундай кыйроонун чегине жеткирген президенттин кайрадан саясатка келишинен эмнени күтүүгө болот эле?

Бирок КСДПнын курултайы жабык-жашыруун өтөрү, ага журналисттер киргизилбей тургандыгы белгилүү болгондо, такыр эле элден бөлүнүп калган бир ууч бай-манаптардын катмарына айланып кеткендигин түшүндүк. Булар алты жылда карапайым эл канчалык деградацияланып, жакырчылыктын чегине жетсе, өздөрү ошончолук акчага маарып, А. Атамбаев өзү айткандай, “ажыдаарга” айланып калгандыгын да көрсөтүшүүдө. Болбосо, элден жашырынып, качпаса, курултайды ачык өткөрүп, бүтүндөй элге көрсөтсө болот эле да.

Канткен менен КСДПнын ичиндеги интригалар мурда эле белгилүү болчу. А. Атамбаев өзү чоң ишеним артып мандат берген жаш депутат Ж. Акаев партия менен экс-президент бийликте турганда жүргүзгөн адилетсиз, өкүмзордук башкаруусуна каршылык көрсөтүп, бөлүнүп кетпедиби. Сыягы, курултайга жакын бир кезде А. Атамбаевдин жакын адамы катары саналган жарчы-депутат Ырыскелди Момбеков да “тойдум байдын кызына” деген сыяктуу. Анткени ал акыркы кезде парламенттик болобу, комитеттик отурумдарда болобу, бийликти безге сайгандай сындап келүүдө. Айрыкча өкмөт төрт барак отчет менен келгенде аябай туздаган.

Кийин Кытайдан КСДПга келген бир миллион сомдун учугун да ушул депутат ачыкка чыгарып жиберди. Бул Ырысыя-депутаттын бийликке, эң оболу “аташканын” туура эмес жүргүзгөн бийлигине каршылыгы эмеспи? Айткандай эле курултайда анын карааны көрүнбөдү. Мындан тышкары ажы-депутат Төрөбай Зулпукаров да көзгө илинген жок. Экс-спикер Чыныбай Турсунбеков да кайда экендиги белгисиз. Андыктан КСДПнын лидерлеринин ич ара мамилеси бузулуп, экиге, үчкө бөлүнүп кетти деген сөздөр чын окшойт.

Эгер эсиңиздерде болсо, 1990-жылдары СССРдин кулашы КПССтин акыркы съездинде Балтика өлкөлөрүнүн делегаттары чыгып кеткенден башталган. КСДПнын курултайында да ушундай көрүнүш болду. Аңгыча эле ичкери киргизилбей, сыртта калем, кагаз, диктофондорун найзадай сунуп, жабалактап турган журналисттердин алдына “таарынган” Оштон келген 15 делегат чыга калса болобу. Албетте, алар бешбармак жетпей калгандыгына таарынышкан жок. Булардын тобун баштаган Кушбак Тезекбаев партиянын жүргүзгөн туура эмес саясатына, эч кимге сөз берилбеген диктатурага жана учурдагы президентти сындагандыгына нааразы болушкандыгын айтып берди. “Биз көп жылдардан бери КСДПнын Ош облусундагы бөлүмүндө иштеп, партияга көп салым коштук жана шайлоолордо добуштарды алып берип жүрдүк. Бирок бүгүн биз да өз оюбузду айталы десек, сөз берилген жок. Мындай мамилени туура эмес деп эсептегендиктен чыгып кеттик…”, — ​деди ал. Бул бийлик партиясынын “элиталарынын” ортосунда эле эмес, катардагы мүчөлөрүнүн да жетекчиликке нааразычылыгын жараткандыгынын далили. Болгондо да эң көп мүчөлөрү менен шайлоочулары бар аймактан айрылуу партия үчүн “банкроттук” абал болуп саналат.

Ал эми партия лидерлигине кайра шайланган А. Атамбаев курултайдан кийин өткөргөн пресс-конференцияда негизинен досу, жаңы президент С. Жээнбековдун дарегине бир топ таарынычтарын айтты. Көрсө, дос-президенттердин курултайга жакын Ала-Арча резиденциясында жолуккандыгы чын экен. Болгондо да алар төрт саат сүйлөшүшүптүр. “Мен досум С. Жээнбековго ачуу чындыкты бетине айтам, мен айтпасам, ким айтат эле? Кадр маселесин да каалаганыңдай чече бер дедим. Албетте, иниси Асылбек Жээнбековдун КСДПга кошкон салымы чоң. Бирок бир тууганынын депутат болуп отурушунун аягы жакшылыкка алып барбайт…”, — ​деп жыландын башын кылтыйтты. Тилекке каршы А. Атамбаев, Ф. Ниязов жана башка эски бийликтин пиар командасынын Жээнбековдорду Бакиевдерге окшоштуруп, элге жек көрсөтөбүз деген арам ою ишке ашкан жок. А. Жээнбековдун мандатын тапшырууга мажбурлап, президенттин Парламент тарабынан колдоосун алсыратабыз деген кытмыр планды жөнөкөй адам деле сезип турат.

А. Атамбаев Бишкек ЖЭБи боюнча суроолорго жооп берип жатып, андагы аварияга ошол учурда премьер-министрлик милдетти аткарган азыркы президентке оодара салышы өтө эле осол көрүнүш болду. Ошол эле учурда өзүнүн “баласы”, премьер-министр С. Исаковду “ооба, анча-мынча ката кетирип жатат, мисалы, “Акылдуу шаар” боюнча шашылыш чечим кабыл алынган”, — ​деп, каратып туруп эле өзүнүн кекчилдигин, адилетсиздигин көрсөтүп койду.

Айтор, курултайдан кийин жарым армиясынан айрылып, элине да жек көрүнүп калган полководецтей жайдак калган А. Атамбаевдин мындан аркы саясый өмүрүн өзү “банкроттукка” жеткирип койду. Ал арада 8-апрелде жубайы менен Кытайга учуп кеткендиги белгилүү болду. Бирок кайда, кандай иштер менен барып, ким менен жолугары тууралуу эч кандай маалымат айтыла элек. Эл болсо анын кеткенине сүйүнгөн менен кайра кантип келеринен чочулап турушат…

Балким, ал ачкөздөнүп саясатка кайра келип, аталык болом дебей Р. Отунбаевага окшоп өзүнүн атына кайрымдуулук фондун уюштуруп, жарды-жалчыларга көмөк көрсөтсө (акчасы деги бар, чет өлкөдө бай достору да көп экен) же гитарасын колго алып, ырдап жүрө берсе, эл Кой-Ташка, Ала-Арча резиденциясына салып алган эки хансарайына деле кайыл болуп, сыйлап калар беле…

Булак: «Жаңы ордо«

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *