Памир кыргыздарынын кыз узаткандагы өлөңдөрү

Сары-Кол, Ооган. кыргыздарында күйөөгө чыгып жаткан кызды көчүрүүгө даярдашат. Бул үчүн атайын ырлар кошулат. Өзүнүн үйү, туугандары менен ажырашып ыйлай баштаган кызды сооротуу үчүн бир эркек ырчы. бир келин болуп бара турган айылдын, үйдүн абалын кошуп ырдай баштайт. Биз ошол той ырларынын бир вариантын Деми Дордун жазып алуусунда беребиз.

Тойкананын эшигин о тойлой келдик.
Алтын сака колго алып о ойной келдик,
Тойкананын эшиги о тойдур бүгүн.
Душман кетип о дос келер күндүр бүгүн.
Ол куданын казынасы эл көзүнчө,
Бул куданын казынасы ким көзүнчө,
Келин өлөн айталы го бирдей болуп.
Сабагынан ачылган о гүлдөй болуп.
Самарканда келер о сапар табак,
Мен бир өлөң айтайын о сабак-сабак.
Айт-айт десең өлөндү бир деп айтайын.
Жылганда сүйлөгөн о пир деп айтайын.
Атаң менен энеңди о мактап айтайын,
Азирети пирибиз о Махаматты,
Ич кайгыга мен кошбой о айтайын.
Торгой оту чыккан жер о төгүн эмес.
Пөпөлөбөй карчыгаң о жемин жебес.
Бели айдай бети айдай о сулуулардын,
Ак бетинен бир өпсөң о өлдүм дебес.
Карчыганын тууру о кайын жыгач,
Кандай байдын кызысың о кашың кыйгач.
Айт-айт десең өлөңдү бир айтайын,
Атаң мене энеңди о мактап айтайын.
Азирети пирибиз Махаматты.
Ич кайгыга мен кошбой о айтайын.
Дайым менин мингеним о селтен сары,
Сепкили жок сулуулар кимдин жары.
Сулуу болсо жигиттин о сүйгөн жары.
Суктанышып ойнор о теңтуштары.

Дайым менин мингеним о чабдарым бар.
Жаныбарым жоргосу о чапканча бар.
Байлар өлсө о бир базар алганча бар.
Кыз да өлсө солгонго бар.
Жигит өлсө кыямат о болгончо бар.
Жалгыз өлсө шам чырак о өчкөнчө бар.
Ыйлаба кыз, ыйлаба о той сеники.
Жибек менен чырмаган о чий сеники,
Ак өргөдөн тигилген о үй сеники.
Анда барсаң кайын энең орун басар,
Ыйлаба кыз ыйлаба той сеники.
Мында келсең өз энең чачың сылаар,
Ыйлаба кыз ыйлаба той сеники.
Анда барсаң кайын атаң орун басар,
Мында келсең өз атаң чачың сылаар.
Ыйлаба кыз ыйлаба той сеники.
Кайрылгырдын энеси о кайрылсаңчы,
Кара чачым кетти деп о жыгылсаңчы.
Бурулгурдун энеси о бурулсаңчы ,
Бурма чачым кетти деп о жыгылсаңчы.
Ак көйнөгүң түймөсүн о чечти кызың,
Ак сүтүңө пейили болуп кетти кызың.
Көк көйнөгүң түймөсүн о чечти кызың,
Көк сүтүңө пейили о толсун дедиң.
Көк көйнөгүн түймөсүн о чечсин дедиң.
Ак сүтүңө пейили болуп кетсин деген,
Көк көйнөгүн түймөсүн о чечсин деген.
Көп сүтүнө пейил болуп о кетсин деген..

Бул ырды аткарып жаткан ырчы кыз алдына өз чөнтөгүнө жараша акча же башка белегин таштайт. Эгерде кыздын көзүнөн бул учурда жаш чыкпаса, тойдо катышып отургандар жактырышпайт. Бул каада аткарылып буткен соң, кыз келин болуп барчу айылына көчөт да, жаш жубайлар үчүн өзүнчө тигилген боз үйгө киргизилет.

Айтып берген: Мамыт уулу Мыйманбай кары, Kөөнө-Kopгон кыштагы

Өлөң

Өлөң-өлөң дегениң, өз эмеспи.
Кош оромол дегениң бөз эмеспи.
Өлөң айттым, өлөңчү -дейди мени,
Кубан карга дегениң, Кубан карга,
Кубалашып коноду дубалдарга.
Ай тагында бир жылдыз балбылдайды.
Кыз койнунда саратан жазылдайды.
Ай тагында бир жылдыз Чолпончо бар.
Жигит өлсө кыямат болгончо бар.
Кош арыктан аттаган койдун изи,
Кош оромол салынган байдын кызы.
Кош оромол ичинде куйдум тарык,
Кандай байдын Кызысын өңу сарык.
Сен бир бойдок кыз бала, мен да бойдок.
Экөөбүздүн ортобуз. кунан мойнок.
Сен да сарсаң кыз бала, мен да сарсаң.
Жалгыз жатсан койнуңа түндө барам.

Мака жолу Мадина нары — дейди,
Кыз эмчеги жигитке дари-дейди.
Алты кыргыздын ичинде атың базар,
Тал-тал кара чачиңди тарак жазар.
Алты кыздын ичинде атың Зайнап,
Ашык болуп күйөмүн ичим кайнап.
Жигирмага кирипмин жин ургандай.
Сакал мурут чыгыптыр, мык ургандай.
Өлөң сары -дегениң, өлөң сары,
Өлөң айтып келди кыздын жары.
Өлөң айтип, келгенде кыздын жары,
Коргошундай эрийди бадандари.

Айтып берген: Жаанбай Жолдошбаев, Көөнө-Коргон кыштагы

Өлөң

Меп бир өлөң айтайын мындай кылып,
Тегирменден чыгарылган ундай кылып.
Айтайн мен өлөңдү келиштирип,
Өткөн, кеткен сөздөрдөн териштирип.
Ыйлаба кыз, ыйлаба той сеники,
Кош арыктан аттаган кой сеники.
Тойуң болду өлөңдү мен айтайын,
Өлөң айтуу жакшы салт бул элдики.
Жибек менен чырмалган чий сеники.
Бахмал менен капталган үй сеники.
Алган жарың түбөлүк ушул жигит.
Турмушуңа дайыма күй сеники.
Алты кыздын ичинде атын Анар,
Анар десе бетиңден нуруң тамар.
Ашык болуп эгер сүйүп калса,
Анда жигит адашпай өзүң табар.

Өлөң-өлөң — деген менен өзүң эмеспи,
Дасоромол — дегениң боз эмеспи.
Дасоромол ичине түйдүм тарык,
Кандай чалдын кызысың өнү сарык.
Кыз он бешке чыкканда сулуу болот.
Сүйүп калса. жигигти алар ойлойт.
Шайыр кыздар жакшына узун чачтуу.
Чачыңарга чырмалып жатам ойноп.
Топ-топ болуп адырда аркар жүрөт.
Сулууларды жактырып баары сүйөт.
Ал сулууга жетпеген арман кылат.
Ичтеринен сызылып неге күйөт?
Сен да сарсаң кыз, мен да сарсаң.
Айлуу түндө суу бойлоп бирге бассам.
Сен да бойдок кыз, бала мен да бойдок.
Жата албайт түндөсү сени ойлоп.

«ПАМИР КЫРГЫЗДАРЫ» — 2003,

А.Сапарбаев, К.Темиркулов.

Булак: sary-kol.ru

 

1 комментарий

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *