Президент С.Жээнбеков 551 адамды кыргыз жарандыгынан чыгаруу, 342 адамды КР жарандыгына кабыл алуу тууралу жарлыктарга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө  4 Жарлыкка кол койду. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Анын ичинен Кыргыз Республикасынын Президентинин 1 Жарлыгы 551 адамды (анын ичинен 422 — чоң адамдар жана 129- балдар)  Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 3 Жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына  342 адамды  кабыл алуу жөнүндө (анын ичинен 341 -чоң адамдар жана 45- балдар), алардын көпчүлүгү Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мурдагы жарандары, тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *