Президент Сооронбай Жээнбеков Путиндин чакыруусу менен Москвада 14-июнда футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышат

Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 14-июнунда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча иш сапар менен Россиянын Москва шаарына барат. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Москвада 14-июнда футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Россиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулаган эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө.

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *