Президенттик аппараттын экс-жетекчиси Каныбек Жороев “Элгезит” электрондук гезитин ачып, жетектөөдө

2010-жылы апрелдеги  кандуу мамлекеттик куралдуу төңкөрүштүн алдында КР Президентинин аппарат жетекчиси болуп иштеп турган Каныбек Жороев төңкөрүштөн кийин атамбаевчилердин жалган жалаасына кабылып, бир нече жыл абакта да жатып чыкты.

Ага чейин Кыргыз мамлекеттик университетин кызыл диплом менен бүтүргөн Каныбек Жороев  мектепте мугалим, директор болуп иштеп баштап, мамлекеттик кызматка өтүп, тепкичтен-тепкичке көтөрүлүп жүрүп олтургандыгы менен белгилүү.

Билимдүү адам жерде калбайт дегендей азыркы күндө Каныбек Жороев “Элгезит” аттуу электрондук гезит ачып, аны жетектеп жатканын уктук. Гезитин барактап көрсөк кыргыз жана орус тилдеринде сапаттуу маалыматтарды таратып жатканын көрүп көзүбүз кубанды. “Элгезитке” ийгилик каалайбыз.

Булак: Кyrgyztoday.кg

1 комментарий

  • Sulayman Kayıpov:

    Абдан туура кылыптыр. Ал сайт калыс, керектүү аналитикалык материалдарды берип, окурмандардын ой-пикирин ушак-тешек ойлордон арылтат ко деп ойлойм. Себеби, аны жараткан Каныбек Жороев өзү — кыргыздын мыкты, ителлектуал жигиттеринин эң алдыңкысы. Ал ак жерден отуруп чыкты. Муну элдин баары билет. Өлкө башына адилет, чечкиндүү бирөө келсе, эң алды менен, К.Жороев, Э.Сатыбалдыев ж.б. сыяктуу ак жерден караланган чыгаан жигиттердин акталып, соттуулугу жоюлуп, өлкөнүн эң жооптуу жерлеринде кымат өтөөлөрүнө жол ачуучу укуктук негизди түзөт деп ишенем. Ал күн да келет. Канчалык тез келсе, ошончолук жакшы болот. «ELGEZİT»тин боосу бек болсун!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *