Президенттикке талапкер болчу адамдардын дагы төртөө тизмеден чыгарылышы мүмкүн

Президенттикке талапкер болчу адамдардын дагы төртөө тизмеден чыгарылышы мүмкүн. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссисынан билдиришти.

«4 талапкерликке көргөзүлгөн адамдар 5 күндүн ичинде шайлоо фонддорун ачканга жетишишкен жок. Алар — Игорь Трофимов, Мирлан Шерикул уулу, Марта Кыдыралиева жана Муканбайжан Аманбаев»- деп билдиришти БШКдан.

Мурдараак БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоо фондунун мыйзамга карата ачылбай калышы талапкерликке катоого кабыл албай коюунун негизги себеби экенин айткан.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын расмий сайтында жарыяланган график боюнча Мирлан Шерикул уулу бүгүн, 4-августта кыргыз тилинен тест тапшыруусу керек.

Ал эми Игорь Трофимов болсо 3-августта тапшырмак, бирок келген жок.

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *