Равшан Жээнбеков «Форумдун» короосуна өттү

2-ноябрь күнү Равшан Жээнбеков «Форум» имаратына кадам салып, Алмазбек Атамбаев менен кенен маектешип чыкты. Бул жолку сүйлөшүүсүндө Равшан мырза толук кандуу КСДПга оогону, келечекке карай бул жээкте чогуу саясатты жүргүзүүгө убадалашканы да угулду. Эски таарынычтарды байкеси экөө кечиришип, кийинки жылга карай саясый кырдаалды өзгөртүүгө бел байлашканы да жашыруун эмес. Жаңы жылга карай Равшан мырза «Форумдан» кабинет алып, радикалдуу оппозиционерге айланып кетсе таңгалбай эле койгула. Себеби, анын иш орду ошол жерде чечиле баштады өңдөнөт… Келечеги бар үчүн шынаарлап атат да, жылмаң-жылмаң этип… Ошентип, Равшан байкебиз Атамбаевдин аянтына толук кандуу кирип алып, эми бул жактан да ойт берип кетпесе болду.

Кубат Карачев

Булак: «Азия ньюс»

1 комментарий

  • Ж.Равшан Атамбаевке отслеживать,эмнени кыйратмак эле-озу деле кыйын
    Саясатчы эместигин корсотту,себеби 6 жылда Эл
    Учун биртыйын пайдаалып келбеген адам менен суйлошкону бул анын Пастыгы!!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *