СДПКнын ичиндеги ыйкы-тыйкылык өтө олуттуу кризиске кептелип, мунун акыры СДПКнын гегемониясынын талкаланышы менен бүтөт

СДПКдагы жарака – ​жалпы саясий партиялардын оорусу.

Азыртан эле алдын ала жана да эч кандай көзү ачыктык кылбай эле айта турган болсок, учурда экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы жүрүп жаткан СДПК партиясынын ички ыйкы-тыйкылары өлкөнүн саясий турмушундагы жаңыланууга жана да саясий партиялардын өнүгүү жолундагы жаны баскычка алып келери күтүлөт. Себеби, конституцияга ылайык, парламенттик көпчүлүктү түзгөн партия күтүүсүздөн эле өтө олуттуу кризиске кептелип, мунун акыры бул башкаруучу партиянын гегемониясынын талкаланышы менен бүтөрүн болжолдоого болот.

Анткени, СДПК экиге бөлүнүп калганы эбак эле де-фактого айланган ачуу чындык. Биринчи иретте, албетте, бул партиянын лидерлери жана экс-президент Алмазбек Атамбаев үчүн ачуу чындык экендиги шексиз. Чын-чынына келгенде, азыркы олуттуу жана өз ара кайра келишкис чекке жеткен жарака өткөн жылкы президенттик шайлоо учурунда эле башталгандыгы маалым. Алмазбек Атамбаевдин азыркы “ярый оппозиционери” Сагынбек Абдрахманов ошол кезде бул партиянын атынан президенттикке талапкер болуп катталуу аракеттерин жарыялагандыгы белгилүү. Көп өтпөй эле, амбициялуу партфункционердин тизгини кагылып, анын өзүн партиянын ички чечимдерине каршы чыгып, партиялык жетекчиликке баш ийбегендиги үчүн бул партиядан чыгарып салышкандыгы аталган партиялык жетекчилик тарабынан жарыя кылынган!..

Ошону менен бул партиянын ичинде болгон кыска убакытка созулган мини-драма аягына чыккандай болгон. Кийинчерээк гана, Коопсуздук Кеңешинин чуулгандуу жыйыны өтүп, Бишкек ЖЭБине байланыштуу СДПК партиясынын ири мүчөлөрү биринин артынан экинчиси темир тор артынан орун ала башташканда, баягы эле президенттик кызмат орду үчүн шайлоого баруу тууралуу эл ичине тааныла түшкөн Сагынбек Абдырахманов саясий аренада кайра активдеше баштаган. Башкача айтканда, партия ичиндеги ички күрөш мини-драма эмес эле, нукура трагикомедияга айланган.

Жер-жерлерде аталган партиянын жергиликтүү уюмдарынын конференциялары өтө баштаган. Алардын баарында тең бир гана маселе — ​экс-президент Алмазбек Атамбаевди бул партиянын катарынан чыгаруу маселеси каралып, дээрлик бир добуштан, же бери эле болгондо көпчүлүк добуш менен бул “ички партиялык төңкөрүш” ийгиликтүү ишке ашып келген… Мына, эми биздин коомчулук ошол өз финалына жакындап калган реалдуу трагикомедиянын кезектеги этабын баштан кечирүүдө. Трагикомедия деп жатканыбыздын себеби, бул партиянын башкаруучу партия деңгээлине жеткенине карабастан, анын өнүгүү этаптарын жана кандай жолдорду басып өткөндөн кийин гана мындай денгээлге жеткендигин эстеп да койгон жан жоктой сезилет.

Дал ошондуктан улам, аталган партияны кээде “Атамбаевдин партиясы” деп аташып, анын жеке менчик саясий уюмундай кабылдашкандар да аз эмес. А иш жүзүндө бул партия тээ акаевдик доордо эле түзүлгөн. Саясий партиялардын ичинен эң тажрыйбалуу жана эскиси бизбиз деп алардын кээде мактана калмайлары дал ушундан улам.

Эгерде ар нерсени өз аты менен атай турган болсок, бул партия алгач коомчулукта “губернаторлор партиясы” деген кошумча аты менен таанылып, ошол кездеги жогорку бийликтин идеяларын калың элдин арасына жайылтууга көмөкчү болуучу “өткөргүчтүн” милдетин аткаруу вазийпасы жүктөлгөн. Ошол кезде коомчулукта жалпы эл арасында мурдатан урматталган баалуулуктардын баары катуу сын көз караштан өтүп, элдин атынан сүйлөшкөн аксакалдар “дежур чалдарга” айлана башташкан. Социалдык-экономикалык кризис курчуп турган чакта дал ошол функцияны колго алууга далалаттанган бул партия эл арасында дагы бир кошумча наамга ээ болуп, — “Акаевдин эң башкы кошоматчыларынын партиясы” катары аталып калган.

Балким, дал ошол негативдүү “этикеткадан” арылуу үчүнбү, же 200дөн саны ашып, ансыз да баркы кеткен саясий партиялар жана коомдук уюмдардын үнүн эч ким деле барк албай, укпай калгандан кийинби, айтор, партия лидерлери саналган жана теңтөрага болуп шайланышкандар (Ж. Сааданбеков, А. Тагаев, А. Эркебаев ж. б.) партиялык ишмердиктен бара-бара биротоло четте калышкан. Көп өтпөй эле, депутаттыкка өтпөй калып, ишкердик менен шугулданган Алмазбек Атамбаев аталган партиянын бирден-бир жалгыз лидери катары таанылган. Буга дагы бир жүйөөлүү себеп, — ​ким музыканы заказ берсе, дал ошол адам кызды бийлетет демекчи, аталган партиянын каржылоо булактары дагы бай жана ийгиликтүү ишкерге көз каранды болуп турган.

Демек, партиянын катарынан өз лидерин чыгарып салуу да бул партиянын ичинен чыккан оппортунисттер ойлошкондой, оңой эле чечиле калчу маселе эмес. Жогорку Кеңештеги бул партиянын фракциясынын катарынан өз көз караштарынын партиялык позицияга кайчы келгендигинен улам чыгып калгандар (Жанар Акаев) жана аз жерден чыгып кала жаздагандар (айрым мааламыттар боюнча, Рыскелди Момбеков, Иса Өмүркулов ж. б.) улам көбөйүп бара жатат. Тагыраак айтканда, партиянын ички структураларындагы саясий оору эбак эле өнөкөт ооруга айланып, бул илдет партиянын башкаруучу фракциясынын ичин да каптап кеткен деңгээлге чейин өсүп жеткен.

Ошондуктан, Жогорку Кеңештин депутаты (жана дагы жогоруда аталгандардын катарына жаңыдан кошулуп жаткан “кандидат”) Кожобек Рыспаев айткандай, партия мүчөлөрүнүн көпчүлүк бөлүгүнүн добуш берүүсү менен чечим кабыл алышса эле бүтүп калса, эч кандай деле маселе жоктой болуп калмак. Алар партия Кеңешинин башкы жыйынында көпчүлүк добуш менен бул чечимди кабыл алышкан учурда деле, бул ички таймашуу узак убакыт бою уланып жүрүп олтуруп, акыры бери эле болгондо бир партиянын экиге бөлүнүүсү менен аяктайт. Азыртан эле экс-президентти жана партия лидерин колдогондор дал ушул багытта ой жүгүртүп, ушундай кадамга барууга даяр экендиктерин көрсөтүп келе жатышат.

Бул эми, орустар айтмакчы, вопрос времени. Азырынча болсо, айыгышкан эки тарап тең компромисстерге барууга кеч болуп калганын жакшы түшүнүшсө да, бул саясий кризистен партияны экиге бөлбөй туруп жана да мүмкүн болушунча азыраак жоготууларга учуроо аркылуу чечүүгө жол издеп жатышкандай. Саясий аренадагы соңку кыймылдарга көз чаптыра турган болсок, саясий партиялардын өз ара атаандашуулары жана өз ичиндеги тиреши кайрадан жандана баштаганы дароо байкалууда. Бул саясий жанданууга СДПКдагы ички кризис да кыйыр таасир этип жаткандыгы түшүнүктүү. Кыргызстандагы 200дөн ашуун саясий партиялардын көбү кагаз жүзүндө гана жашап калышып, алардын чала өлүк болуп жаткан белгилүү бир бөлүгү парламенттик жана жергиликтүү шайлоолор учурунда гана “ойгонушары” белгилүү. Ушул фондон алып караганда, албетте, СДПК партиясы аздыр-көптүр активдешкен жана калк арасында таанымал партиялардын бири. Кандай болгон күндө да, бир талашсыз маселе бар. Партия экиге бөлүнгөн соң деле, мунун аягы баягы эле каржылоо маселесине барып такалат. Ошондой маселеге келгенде, экиге бөлүнүп кеткен партиянын ичинен (бир кездеги Кыргызстан коммунисттер партиясы Абсамат Масалиевдин партиясына жана оппортунистка Клара Ажыбекованын партиясына бөлүнгөн сымал) кайсынысы кубаттуураак болуп, эл арасындагы таасири күчтүү болуп кетерин айтуу деле кыйын эмес. Каржылоо кимде көбүрөөк болсо, ошонун сөзү өтүмдүүрөөк болуп, эл арасындагы таасири да күчтүүрөөк болот. Эл арасындагы “оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн” деген ирониялуу, какшыкчыл накыл кеп дал ошол Атамбаевдик СДПК бөлүгүнө тиешелүү болуп калышы да толук ыктымал. Демек, экс-президент жана анын партиясы дагы белгисиз узак убакыттарга чейин өз таасирлерин сактап кала берери күмөн туудурбайт.

Асыресе, жаман айтпай жакшы жок демекчи, — ​бизде олуттуу оппозициялык партиянын түзүлүшү алиге чейин чоң проблема бойдон калууда. Эгемендиктин 30 жылга жакын убактысында (КДК — ​али союздун соңку жылдарында түзүлгөнүн эске ала турган болсок) саясий партиялардын өсүп жетилүүсү өтө төмөнкү деңгээлде жүрүп олтурду. Ошонун натыйжасында, алардын эл турмушундагы таасирлери дагы өтө пассивдүү болуп келди. Цивилизация өлкөлөрдө жана өнүккөн коомчулукта идеялардын атаандашуусу болуп, партиялык программалардын конкуренциясы элдин алдында алаканга салгандай ачык көрүнүп турат. А бизде болсо, жогоруда айтылгандай, саны көп, сапаты жок партиялардын айрымдарынын атын шайлоо күнү добуш берүүчү бюллетенди колуңа алганда гана билесиң!..

Албетте, ички-тышкы саясаттын көшөгө артындагы кандайдыр бир оюндарынан соң, жана да, эң башкысы — ​элчиликтеги кандайдыр бир шектүү чырдан кийин “Мен президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигин тааныбайм” — ​деген сыяктуу билдирүү жасаган Кылычбек Султанов сыяктуу фигуралар эч качан олуттуу оппозицияга айлана алышпайт. Суроо туулат: Президент бийлигин тааныбаса, анда неге Корея мамлекетинин жетекчилигине анын атынан “Ишеним грамотасын” тапшырып, ушул убакытка чейин элчи болуп иштеп жүрдү? Өткөн жылкы президенттик шайлоодон кийин эле протест катары ишинен отставкага кетпейт беле?

Жакында эле Замандаш партиясынын программасын презентациялоо кыйла шаңдуу маанайда өттү. “Бийликтин партиясы болбойбуз” — ​деген партия лидери, жаш саясатчы Жеңиш Молдокматов эгемендик доорунда калыптанган жаш саясатчылардын муунуна кирет. Башкача айтканда, ак эткенден так этип, араң компартияга өтүшүп, андан оомат тайыган соң, аны дароо сатышып, утурумдук коньюнктурадан улам алдыга чыга калган демократтардын кыймылына өтүшүп, жаңы Акаевдик бийлик аларга да ишеним артпай койгон соң, социал-демократ болуп чыга келишкендерден айрымаланып, өзүнүн туруктуу дүйнөтаанымы, көз карашы жана позициясы калыптанган муундун өкүлү. Нукура элдик партия болуп, элдин калың катмарына сиңип, эл оозуна алынуу үчүн конкреттүү кадамдар, коомдун көйгөйлүү маселелерин чечүүгө багытталган чечкиндүү аракеттер зарыл.

Мурда бул партиянын лидеринин артында көмүскөдө азыркы СДПКчы — ​айрым бир басылмалар учурдагы бийликтин “серый кардиналынын” (же “Икрам Илмияновдун”) “вакансияда” калган ролун ыйгарып келе жатышкан Асылбек Жээнбеков турат деген пикирлер жайылган. Айтор, “Бакылдаган текени суу кечкенде көрөлүк, шакылдаган жеңени — ​үй чечкенде көрөлүк” демекчи, Жеңиш Модокматовдун чыныгы дарамети кийинки жакындап калган парламенттик шайлоо жараянында эле тастыкталары айкын.

“Балашка” атка конгон депутат Жанар Акаев да жаңы партия түзүп, кийинки парламенттик шайлоого өз алдынча күч катары катышаарын жарыя кылып жатат. Бул дымак адегенде мыйыгынан жалмаюуну пайда кылган менен, кайра эле анын артында да көмүскөдө турган, капчыктуу жана таасирдүү (айрыкча, түштүк жакта) жана өздөрү ар кандай себептерден улам ачыкка чыгууну каалашпаган кимдир бирөөлөр турса керек деген жоромолдор жаралат. Өткөн жолку президенттик шайлоодон кийин нокаут кеткен “Өнүгүү-прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев да өтө “оригиналдуу” идеясы менен чыгып, өзүнүн чоң саясатта дале болсо айта турган сөзү бар экендигин кайрадан эске салгансыды. Саясатчынын пикири боюнча, Кыргызстандыктардын калкынын санын 10 млн го жеткирсек эле көп маселелер чечилип калат экен!..

Бул “идея” жаңы деле эмес. Мындан он беш-жыйырма жылча илгери кайсыл бир азыр аты “архивге” кеткен партиялардын лидерлеринин бири Назарбек Нышанов да Кыргызстандыктардын калкынын санын 15 млнго жеткирүү зарыл деп, патриоттонуп чыккан. Анысы үчүн айрым олуттуу саясат таануучулар жана массалык-маалымат каражаттарында “Мейли, башка проблемаларды чечүүнү токтотуп, калктын санын ”көбөйтүп” жата бергиле!” дегендей мааниде өзү шылдың предметине айланган. Калктын санынын көбөйүшү учурдагы эң оор социалдык маселелерди — ​жумушсуздук, жакырчылык ж. б. дагы ого бетер күчөтөрү турган иш. Бирок, бул жөнүндө абстракттуу ой жүгүртүшүп, декларативдүү, жеңил баа, кызыл кулакчыл чакырыктарды жасаганды жакшы көрүшкөн саясатчылар ойлонуп да коюшпайт. Же маселенин түпкү жагдайларын калчоого алсыздык кылышат.

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы ордо«

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *