УКМК: Илмиянов тергөө органдары менен активдүү кызматташууда, анын $150 миң алгандыгы боюнча жетишерлик далилдер бар

КСДП партиясы тарабынан таратылган И.Илмияновго карата кат алышуу жана билдирүүлөрүнө байланыштуу КР УКМК төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Азыркы учурда мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө уланууда. Тергөө иштери ар тараптуу жана объективдүү жүргүзүлүүдө. Көрсөтүлгөн акча каражаттарынын келип чыгышы жана сарпталышы боюнча бардык жагдайлар такталып жатат.

Белгилей кетүүчү нерсе, тергөөдө И.Илмияновдун акча каражатын алгандыгы боюнча жетишерлик далилдер бар.

Учурда И.Илмиянов тергөө органдары менен активдүү кызматташууда.

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *