Жалал-Абадда окуутучулар арасындагы шахматтык мелдеште жеңүүчүлөр аныкталды

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы арасында “Ден-соолук – 2018” аталышындагы спартакиаданын алкагында шахмат боюнча мелдештер өтүп, чыгарылды. Ага жалпысынан эркектерден 18, аялдардан 16 шахматчы катышты.

Таймаштын жыйынтыгында эркектер арасында биринчиликти окуу жайынын ректораты багындырды. Алар — шахматчылар Кеңешбек Усенов жана Жеңиш Куваков. Экинчиликти Жалал-Абад колледжи ээледи: шахматчылар Марип Бекешов жана Идирис Абдуллаев.  Ал эми үчүнчү орунду медицина факултети багындырды: шахматчылар Жунус Ташболотов жана Тайтокур Жусубалиев.

Ошондой эле аялдар арасында биринчи орунга Жалал-Абад колледжи жетти: шахматчылар Күмүшай Мырзабаева, Бермет Темиркулова. Экинчи орунду педагогикалык факултети алды: шахматчылар оюнчулар Аширхан Мырзабаева, Махабат Бекназарова. Үчүнчү орунду медицина колледжи ээледи: шахматчы Гүлзада Акматова.

Эскерте кетсек, мелдеш айлампа түрүндө жүргүзүлүп, эркектерден 9 команданын, аялдардан 8 команданын ортосунда таймаш болду.

 

 

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *