Жусуп Абдрахмановдун 115 жылдыгына арналган “Кыргыздын чыгаан уулу, эл сыймыгы” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылат

Эртең, 21-декабрда саат 1100 Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын “Кытай билим берүү жана маданият борбору” бөлүмүндө Тарых жана маданият жылынын алкагында мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун 115 жылдыгына арналган “Кыргыздын чыгаан уулу, эл сыймыгы” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана тегерек үстөлдүн ачылышы болот.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Алыкул осмонов атындагы Улуттук китепканасы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фонду тарабынан уюштурулган.

Белгилүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахманов алгач Сазановка кыштагындагы орус-тузем мектебин, 1914-жылы Караколдогу шаардык окуу жайынан окуган.

1919-жылдан     баштап партиянын Талды-Коргон, Алматы комитеттеринде, 1921-1924-жылдарда Каракол шаардык комитетинин жооптуу катчысы, Бишкек шаардык, Жети-Суу облустук комитеттеринин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 1924-жылы ноябрда Кыргыз облустук партиялык уюму түзүлгөндө экинчи катчылыгына дайындалат. 1925-1926-жылдарда Москва РКП(б) БКнын аппаратында инструктор, 1926-жылы кайра Кыргызстанга келип, областкомдун терагасынын орун басары, 1927-1933-жылга чейин Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар советинин төрагалык милдетин аткарган.

Ж. Абдрахманов кыргыз элинин өз алдынча мамлекет болушуна катуу кам көрүп, ошондой эле кыргыз тилинин мамлекеттик статус алышына коп аракет жумшаган. Кыргыз элинин сабаттуу болушун эңсеп, калк арасындагы билимдүү жаштарга ар дайым колдоо көрсөткөн.

1933-жылы ага каршы уюшулган куугунтуктоонун кесепетинен кызматынан бошоп, Россияга кетүүгө аргасыз болот. Самара жана Оренбург шаарларында айыл чарба тармагында жооптуу кызматтарда иштеген.

Өзү да билимдүүлүгү, маданияттуулугу менен башкалардан айырмаланган. Республиканын экономикасын көтөрүүдө, маданиятын өнүктүрүүдө жигердүү иштеп, кадрларды тандоодо, аларды даярдоо маселесинде да өтө дыкаттыгы байкалат.

1937-жылы “Совет бийлигине каршы иш жүргүзгөн”, “контрреволюциячыл Алаш-Ордо уюмунун катышуучусу” деген жалган жалаа менен камакка алынып, 1938-жылы 5-ноябрда Чоң-Таш коругундагы атылган 137 адам менен кошо көмүлгөн. 1991-жылы бул жерде көмүлгөндөрдүн сөөгү алынып “Ата-Бейит” көрүстөнүнө коюлган.

Ал 1958-жылы 17-апрелдеги СССР Жогорку сотунун аскердик коллегиясынын чечими менен акталган. 1989-жылы партиялуулугу калыбына келтирилген. Ж.Абдрахмановдун ысмы менен Таштак айылынын кеңешине жана борбор калаабыздын бир көчөсү аталган. Каракол, Бишкек шаарларында эстелиги орнотулган.

Ж.Абдрахманов жөнүндөгү маалыматтар көргөзмөдө китептер, газета-журналдык публикациялар, макалалар, эскерүүлөр орун алган.

Көргөзмөгө мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, тарыхчылар, студенттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, жердештери катышышат.

    

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *