Кытайдын тургуну Чжан Кемин ушул жылдын башында 100 жылдык мааракесин белгиледи. Ал ушул убакка чейин тамеки чегет жана спирт ичимдиктерин ичип келет. 100 жашка чыкканына карабастан ал дагы деле улантууда. Бул тууралуу “Lad Bible” басылмасы жазып чыкты.
Ал 100 жылдык мааракесин 27-июнда белгиледи. Чжан дагы деле болсо күнүнө бир куту тамеки тартаарын айтты.
100 жаштагы карыя дагы деле болсо көчөгө чыгып, сейилдегенди жакшы көрөт. Аба ырайынын начар шарттарында ал үйдө отуруп, сыналгы көрөт. Бул жашка карабастан, карыя бир гана көйгөйүн айтты. Анын айтымында, кулак угуусу начарлаган.
Чжан Кемин 15 жашында үйүнөн чыгып, дүкөндө шакирт болуп иштей баштаганын ачыктады. Үйлөнгөндөн кийин дыйканчылык тармагында эмгектенген. Андан кийин эсепчиликке өткөн.
Анын уулу атасына өз курагындагы адамдарга керек болгон камкордук талап кылынбайт деди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ