Menu

Президент Садыр Жапаров 2-3-мартта мамлекеттик иш сапары менен Казакстанга барат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2-3-мартта Казакстан Республикасына мамлекеттик иш сапары менен барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев билдирди.

«Казакстан менен кызматташтыгыбыз жогорку деңгээлде жана иш жүзүндө бардык чөйрөлөрдө эки жана көп тараптуу өз ара кызматташуунун оң динамикасы бар. Биз Казакстан Республикасы менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди мындан ары чыңдоо максатын көздөйбүз», — деп белгиледи Дастан Дюшекеев.

Алдыдагы иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара байланыштардын мындан аркы келечегин талкуулайт.

Сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстандын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев, Парламенттин Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин жана Премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушат.

Мындан сырткары, сапардын жүрүшүндө соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанисин эске алып, Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу дагы каралган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: