Menu

Министр Руслан Казакбаев ТүркПАнын байкоочулар миссиясы менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кечээ, 9-апрелде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин менен Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Режеп Шекер жетектеген Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Эл аралык байкоочулар миссиясы менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндɵ ТИМ Башчысы Р.Казакбаев Кыргыз Республикасындагы референдумду даярдоого жана өткөрүүгө белгиленген кызыкчылык жана байкоого катышуу үчүн боордош түрк тилдүү мамлекеттеринен эл аралык байкоочуларга ыраазычылык билдирип өттү.

Учурдагы жолугушуудан пайдаланып, Министр Р.Казакбаев түрк парламентарийи Р.Шекерге 2021-жылдын 19-мартында Бишкек-Стамбул багыты боюнча учуп бара жаткан каттамда наристенин өмүрүн сактап калуу үчүн убагында көрсөтүлгөн алгачкы медициналык жардам менен ырасталган кесипкөйлүгү, кайраттуулугу жана гуманизми үчүн ыраазычылык билдирди. Кыргызстандагы социалдык тармактардын кыргыз сегментинде кеңири жайылган бул жаңылык жарыялангандан кийин, көптөгөн кыргыз жарандары Р.Шекердин кесипкөйлүгүн жогору баалашкандыгы белгиленди.

Ошол эле учурда, Тышкы иштер министри 2021-жылдын 11-апрелинде боло турган Кыргызстандагы маанилүү саясий окуялар жана өлкө жетекчилиги тарабынан таза жана акыйкат шайлоону камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан аракеттер жөнүндө маалымдады. Эркиндикти сүйгөн кыргыз эли өнүгүүнүн демократиялык жолунан тайбай тургандыгы баса белгиленди.

Ошондой эле Р.Казакбаев 31 мамлекеттин жана 10 эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болгон 183 эл аралык байкоочуну, ошондой эле 25 ММК өкүлдөрүн аккредитацилоо боюнча иш жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалымдады.

Ушуну менен бирге, Министр Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорун даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде, ММКнда жана коомчулукта ачык жана кеңири талкууга коюлган Конституциялык кеңешменин иши жөнүндө маалымат берди. Бул алкакта, Р.Казакбаев ТүркПАнын Миссиясына 15 “макул” жана “каршы” үгүт топтору жөнүндө маалымат берди.

Мындан тышкары, Р.Казакбаев маектештердин Кыргыз Республикасы Венеция комиссиясына жана башка эл аралык эксперттерге Кыргызстандын Конституциясынын долбоору боюнча ачык конструктивдүү талкууларды өткөрүүнү сунуш кылгандыгына көңүлүн бурду.

Өз кезегинде, Миссиянын башчысы Режеп Шекер Кыргызстан элинин келечеги үчүн маанилүү кадамдарды жасап жаткандыгын белгилеп, шайлоону жана референдумду ийгиликтүү өткөрүүнү каалады. Шайлоо процессинин натыйжалары Кыргызстандын мындан аркы өнүгүүсүнө жана гүлдөп-өнүгүшүнө өбөлгө болот деп үмүттөндү.

ТүркПАнын эл аралык байкоочулары шайлоого жана референдумга даярдыктын жогорку деңгээлин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда заманбап технологияларды колдонууда жетишкендиктерди белгилешти.

Маалымат үчүн: Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясы (ТүркПА) – Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия парламентарийлерин бириктирген эл аралык уюм. ТүркПАнын негизги милдети – тарыхый, маданий жана тил биримдигинин негизинде мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы парламенттер аралык диалогду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: