Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовго атасынын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.
«Атаңыз Мяликгулы Бердымухамедовичтин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгы тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана боордош Түркмөнстан элине көңүл айтуу менен орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын кайрылуусунда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ