Menu

Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев жер-жерлерде Президенттин жарлыктарынын аткарылышынын жүрүшүнөн кабар алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетовдун тапшырмасы менен өлкөнүн бир катар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши менен таанышып келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Сапардын жүрүшүндө Президенттин Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары Мамлекет башчысынын жарлыктарын ишке ашыруунун жүрүшүнөн кабар алды.

Иш сапардын жүрүшүндө аймакты өнүктүрүү алкагында жер-жерлердеги ишкерчиликти колдоо, инвестиция тартуу багытындагы иш-аракеттер, аз камсыз үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү, дыйкандарды сугат суу менен камсыздоо, сел жана жер көчкүлөрдү алдын алуу жана башка социалдык-экономикалык маселелерге көңүл бурулду.

Мындан сырткары, жергиликтүү тургундардын билим берүү, жол, жайыт, турак жай курууга жер тилкелерин трансформациялоо маселелеринин чечилишинин зарылдыгы белгиленди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: