Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде Марипов Улукбек Асамидинович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле, Новиков Артем Эдуардович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ