Menu

Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов алгачкы жумушчу кеңешме өткөрдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрүнүн катышуусунда алгачкы жумушчу кеңешмесин өткөрдү, анда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы Кыргыз Республикасынын калкына кайрылуусун ишке ашырууга байланыштуу маселелер талкууланды.  Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Улукбек Марипов белгилегендей, татаал экономикалык абал токтоосуз чечкиндүү аракеттерге өтүү зарылдыгын шарттап турат.

Президент Минстрлер кабинетинин алдына бир катар антикризистик милдеттерди койду, алар аткарылышы тийиш. Бул, биринчи кезекте, бизнести жүргүзүү шарттарын максималдуу жакшыртуу. Дал ушул максатта Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо министрлиги түзүлгөн. Ошондой эле жеке менчикти коргоо, сот реформасы алкагында бейтарап сотту өнүктүрүү боюнча ишти күчтөндүрүү милдети турат. Мындан тышкары, тышкы сооданы жана экспорттук потенциалды өнүктүрүү маанилүүлүгүн кеңейтүү маанилүү. Бул жана башка маанилүү милдеттерди аткаруубуз зарыл. Мунун бардыгы калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган. Күнү-түнү өзгөчө кырдаалдар абалында иш алып барабыз», – деди Улукбек Марипов.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, экономикалык стабилдүүлүктү камсыздоого, инвестицияларды тартууга жана коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүгө, анын ичинде калкты вакцинациялоо боюнча кеңири масштабдагы ишти жүргүзүүгө басым жасоо менен мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун күчтөндүрүү зарыл.

«Бүгүн биз аткаруу бийлик бутагынын органдарынын тарыхында жаңы баракты ачуудабыз. Министрлер кабинетинин жаңы курамы бекитилди, анын ишинен республикабыздын келечеги көзкаранды. Бизге чоң жоопкерчилик жүктөлгөн, сөздөн ишке өтүүгө убакыт келип жетти», – деп белгиледи  Министрлер кабинетинин төрагасы.

Кеңешменин жыйынтыгы болюнча Улукбек Марипов ыкчам чечимдерди талап кылган бир катар тапшырмаларды берди жана алар өз мөөнөтүндө аткарылышы керектигин жана ар бир мамлекеттик ведомствонун жетекчиси ал үчүн жеке жоопкерчилик алаарын белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − 41 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: