Menu

Фото – Президент Садыр Жапаров Лейлек районундагы аскер шаарчасынын курулушунун пайдубалына капсула салды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Баткен облусунун Лейлек районундагы аскер шаарчасынын курулушунун пайдубалына капсула салды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошол эле жерде Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, аларга мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процессинин жүрүшү тууралуу айтып берди.

Садыр Жапаров чек ара маселелери анын ишиндеги эң артыкчылыктуу маселелердин бири экенин, анткени мамлекеттин коопсуздугу чек аралардан башталарын баса белгиледи.

Президент окуяда жабыркагандарга колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө айтып жатып, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон, жабыркагандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин кенемте төлөнөрүн, ал эми үйлөрү кыйрагандардын баарынын турак жайлары бекер калыбына келтирилерин белгиледи.

Мамлекет башчысынын айтымында, ишке тартылган бардык мамлекеттик түзүмдөргө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз убагында тапшырмалар берилип жатат, алардын ишин координациялоону Президент жеке өзү көзөмөлдөйт.

Өз кезегинде жергиликтүү тургундар Баткен облусуна дагы деле болсо жардамын улантып жаткан бардык кыргызстандыктарга ыраазычылыктарын айтышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: