Menu

Сүйүнбек Касмамбетов президенттин администрация жетекчиси болуп дайындалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович – мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация Жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович 1960-жылдын 8-апрелинде Нарын облусунун Нарын шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1987-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин «тарыхчы» адистигин артыкчылык менен бүтүргөн.

Эмгек жолун 1977-жылы Чолпон-Ата шаарындагы № 54 мамлекеттик асыл тукум жылкы чарбасында жумушчу болуп иштөө менен баштаган. 1979-жылы № 54 мамлекеттик асыл тукум жылкы чарбасынын комсомолдук уюмунун катчысы болуп эмгектенип, 1979-1981-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн.

1987-1989-жылдары — Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу, 1989-1991-жылдары Бишкек шаарынын Ленин райондук компартиясынын идеология бөлүмүнүн инструктору болуп эмгектенген.

1991-1992-жылдары — Кыргыз Республикасынын Экономика боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын жардамчысы.

1992-1993-жылдары — Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин жардамчысы.

1993-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Маалымат, басма сөз, котормо жана жарыялоо бөлүмүнүн биринчи категориядагы адиси болуп иштеген.

1993-1994-жылдары — Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы элчилигинде экинчи катчы кызматын аркалаган.

1995-1996-жылдары — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын жардамчысы.

1996-2000-жылдары — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын Этика, коомчулук менен байланыш жана жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча комитетинин эксперттик тобунун жетекчиси.

2000-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жаштар, спорт, туризм, коомдук уюмдар менен байланыш жана жалпыга маалымдоо каражаттары комитетинин эксперттик тобунун жетекчиси болгон.

2000-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Аппарат жетекчисинин орун басары.

2005-2008-жылдары — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчисинин орун басары.

2008-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси.

2009-2010-жылдары Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчисинин орун басары.

Ал эми 2010-жылы КР Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары жана КР Президентинин Аппарат жетекчисинин орун басары кызматтарын аркалаган.

2010-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчисинин орун басары кызматында иштеген.

2020-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси.

2021-жылдын 7-майында Кыргыз Республикасынын  Президентинин Администрациясынын Жетекчиси болуп дайындалды.

Бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган: 1986-жылы «Ардак белгиси» ордени, 2007-жылы «Даңк» медалы, КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 70 жыл» мааракелик медалы, «Мамлекеттик кызматтын мыктысы» төш белгиси.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын «Содружество» ордени жана ошондой эле 30дан ашуун ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер.

Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: