Menu

Кыргызстан менен Өзбекстандын Тышкы иштер министрлери кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулашты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-майда  Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарында «Борбордук Азия –Кытай» тышкы иштер министрлердин 2-кеңешмесинин аянтчасында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловдун эки тараптуу сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалга өзгөчө көңүл бурушту.

Министр Р.Казакбаев маектешин 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги окуялар жана Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы азыркы абал тууралуу маалымдады. Кыргыз тараптын Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде жетишилген келишимдерди сактоо ниетин кармана тургандыгын баса белгиледи.

Тараптар көптөгөн адам курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген чыр-чатак саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечилиши керек деген биридктүү пикирди билдиришти.

Өзбекстандын ТИМ башчысы А.Камилов кыргыз тараптын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча аракеттерин колдоп, өзбек тарап жаңжал аймагындагы абалды андан ары турукташтырууга ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигине ишендирди. Биримдик жана коопсуздук – бул Борбордук Азияда регионалдык туруктуулукту сактоонун фундаменталдык принциптери.

Өз кезегинде Р.Казакбаев өзбек тараптын кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга көңүл бургандыгы жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун алкагында тараптар ошондой эле кыргыз-өзбек эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулап, 2021-жылдын башында уюштурулган жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги иш-сапаралардын жана иш-чаралардын жыйынтыктарын канааттануу менен белгилешти: Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Өзбекстан Республикасына болгон иш-сапары; Кыргыз-өзбек Ишкерлер кеңешинин биринчи жыйыны; эки тараптуу кызматташуу боюнча Кыргыз-Өзбек өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын  9-жыйыны.

Жетишилген келишимдерди андан ары жүзөгө ашыруу жана кыргыз-өзбек мамилелердин динамикасын бекемдөө максатында Министр Р.Казакбаев өзбек кесиптешин Кыргыз Республикасына ага ыңгайлуу убакта расмий иш-сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында конкреттүү долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу жолу менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун башчылары 2021-жылы Кыргызстанда Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусун өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: