Menu

Республикалык ыкчам штаб жарандарга Бишкек жана Ош шаарларына, Чүй жана Ош облустарына барууну чектөөсүн сунуштайт

Бөлүшүү:

Өлкө аймагына COVID-19 коронавирус инфекциясынын кирүүсүнүн алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб татаал эпидемиологиялык абал байкалып жаткан Кыргыз Республикасынын аймактарына жарандардын баруусун минималдаштырууну сунуштайт. Бул тууралу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Атап айтканда, акыркы мезгилде коронавирус инфекциясы көп катталып жаткан Бишкек жана Ош шаарларына, Чүй жана Ош облустарына барууну чектөө сунушталат.

Республикалык ыкчам штаб башка региондордо жашаган жарандарга эпидемиологиялык абал турукташканга чейин аталган аймактарга барууну чектөөнү сунуштоодо.

Ошондой эле жарандарды медициналык беткаптарды тагынуу, колду дезинфекциялоо, социалдык аралыкты сактоо сыяктуу санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана эрежелерди сактоого чакырабыз. Мындан тышкары, ар кыл массалык иш-чараларга катышуудан жана адамдар көп чогулган коомдук тамактануу жайларына баруудан кармануу сунушталат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: