Menu

“Электр станциялары” ААКнун казакстандык компания Hampton Resources Limited менен келишим түзүшү керек делген Министрлер Кабинетинин жарыяланган тескемесине байланыштуу түшүндүрмө

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатындагы тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында, абага зыяндуу бөлүнүүлөрдүн көлөмүн төмөндөтүү жана борбордогу экологиялык кырдаалды жакшыртуу, ыш (смог) боюнча кырдаалды чечүү, ошондой эле 2021-2022-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилден ийгиликтүү өтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир катар натыйжалуу чараларды көрүүдө.

Маселенин таржымалы тууралуу.

Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары жана Экономика жана финансы министри болуп турганда Экология боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманова менен биргеликте Казакстан Республикасынын Караганда облусунда иш сапары менен болушуп, ал жакта иштеп жаткан көмүр шахталары жана  байытуучу комбинаттардын ишмердүүлүгү менен таанышышкан.

Андан соң борбордук ЖЭБде «КО» маркасындагы 7 миң тонна көмүр концентратынын тажрыйба-өндүрүштүк күйгүзүүсү болуп, анын жыйынтыгы боюнча Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Энергетика жана экономика илимий изилдөө институту  аталган көмүр концентратын күйгүзүүнүн натыйжалуулугу боюнча тийиштүү корутунду берген.

«КО» маркасындагы көмүр концентратынын тажрыйба-өндүрүштүк күйгүзүүсүнүн жыйынтыгы дагы анын экологиялык кырдаалга оң таасир тийгизгенин көрсөттү.

Муну менен төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөр пайда болот:

– электроэнергиясын иштеп чыгууну жылына 1,2 млрд кВт/с 6,0 млрд кВт/с чейин көбөйтүү;

– электроэнергиянын өздүк наркын  кВт/саатына 3,93 сомдон 1,75 сомго чейин жана жылуулукка   1 Гкал/с жылуулук үчүн 900-945 сомго чейин төмөндөтүү;

– Бишкек ЖЭБиндеги 4,5 млрд сом өлчөмүндөгү жылдык чыгымдарды жокко чыгаруу жаан жылына 1,1 млрд сомдон кем эмес киреше алуусун камсыздоо. Мындан сырткары, станцияны өзүн өзү актоого жана өзүн өзү каржылоого чыгарууга мүмкүн болот;

– Бишкек шаарынын ЖЭБинин агрегаттарын жогорку натыйжалуу жабдууларга жаңыртууга инвесторлорду тартуу;

– ыш (смог) көйгөйүн чечүүгө көмөктөшөт, бул экологияга оң таасир этет.

Экономикалык натыйжа тууралуу мисал катары, долбоордук эмес көмүрдүн көрсөткүчтөрү менен салыштырма анализден, отунду даярдоо тилкелеринде билдердин (көмүрдүн майда элементи) аз чыгымдалышынан, тегирмен, керней жана күлшлакты  тазалоонун эсебинен үнөмдөө камсыздалат. Муну менен каражаттын  көп эсе үнөмдөлүшү камсыздалат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: