Menu

“Башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлык Кыргыз Республикасынын жарандарынын билим алууга конституциялык укугун ишке ашыруу жана башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнү камсыз кылуу, жалпы билим берүү мекемелеринин биринчи класстарына кабыл алынуучу окуучулардын контингентин сарамжалдуу пландаштыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү, окубаган балдарды аныктоо жана алардын билим алуусу боюнча чараларды көрүү максатында иштелип чыккан.

Документтер белгиленгендей, билим берүү ар бир коомдун жана мамлекеттин тарыхында маанилүү ролду ойнойт. Ар бир өлкөнүн келечеги билим берүүнү өнүктүрүүгө байланыштуу болот. Анын деңгээли инсандын жана улуттардын заманбап дүйнөдөгү социалдык статусун аныктайт. Билим берүү коомду модернизациялоонун объектиси гана эмес, анын субъекти, кубаттуу рычагы жана ички ресурсу болуп эсептелет, себеби ал коомдук өнүгүүнүн процессинде улуттун интеллектуалдык жана руханий дараметин топтоонун жана өнүктүрүүнүн негизги фактору болот.

Балалыктын ыңгайлуу чөйрөсү менен чектелген баланы өнүктүрүү үчүн биринчи кезектеги шарт болуп бардык түрдөгү жана формадагы билим берүү, өзгөчө ар бир баланын жашоосундагы эң узак жана жооптуу этап менен тыгыз байланышкан мектептеги билим берүү эсептелет. Терең социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр жүрүп жаткан мезгилде Кыргызстанда балалык үчүн тобокелдиктин факторлору курчуду. Ошол эле учурда мектеп иш жүзүндө балалыкты коргоонун жападан-жалгыз социалдык институту болуп калды. Бирок мектептин, ошондой эле жалпысынан билим берүү системасынын мамлекет жана коом тарабынан өз убагында толукталбаган ресурстук мүмкүнчүлүгүнүн төмөн болушу бул абдан маанилүү социалдык миссияны талаптагыдай деңгээлде аткарууга мүмкүндүк бербей жатат.

Жалпы билим берүү мектептерине барбаган балдардын санынын өсүшү Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын актуалдуу проблемаларынын бири болуп эсептелет. Айылдарда жана шаарлардын райондорунда жашаган мектепке чейинки жана орто мектеп жашындагы көптөгөн балдар мектепке барбайт же дайма барып турбайт. Мектепке таптакыр барбаган же окуусун үзгүлтүккө учураткан, сабактарга катышпаган балдар туш болгон проблемалар азыркы мезгилде кыйла татаал болуп эсептелет жана балдар аларды өздөрү чече албайт.

Алардын айрымдары ата-энесине жардам берүү үчүн иштөөгө аргасыз болсо, айрымдарынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү, ал эми кээ бири начар үй-бүлөдө жашайт. Талаада, жайлоодо ата-энесине жардам берүүгө, тамак табуу үчүн иштөөгө, инилерин, карындаштарын, сиңдилерин кароого тийиш болгон үй-бүлөлөрдө жашаган балдар бар. Ата-энелер өздөрү жашы жеткен балдарын мектепке жиберүүнү каалабаган же аларга билим берүүнү милдеттүү деп эсептебеген учурлар көбөйүп жатат.

Алсак, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча учурдагы окуу жылынын башында 2,5 миңден ашык бала жалпы билим берүү уюмдарына окууга келген эмес. Түзүлгөн кырдаалдын себептери болуп ата-энелердин материалдык кыйынчылыктары (балдарын кароо жана мектепте окутуу үчүн финансылык каражаттарынын жоктугу), ата-энесине жардам берүү жана иштөө зарылчылыгы, ата-энелердин диний себептер боюнча балдарын мектепке жиберүүдөн баш тартуусу, ата-энесинде балага деген документтердин жок болушу, бир туугандарынын балага көңүл бурбоосу (ата-энеси миграцияга кеткен учурда) эсептелет.

Бул проблемага чара көрүү боюнча максаттуу мамлекеттик саясат балдардын ар кандай категорияларына, анын ичинде майып балдарга, аялуу категориядагы үй-бүлөлөрдөгү балдарга билим алуунун жеткиликтүүлүгүн, демек, жалпысынан сапаттуу билим алуунун жеткиликтүүлүгүн көбөйтүүгө тийиш.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын билим алууга болгон конституциялык укугун ишке ашыруу жана башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим берүүнү камсыз кылуу, жалпы билим берүү мекемелериндеги биринчи класска кабыл алынууга тийиш болгон окуучулардын контингентин сарамжалдуу пландоо, окубаган балдарды табуу жана аларды окутуу үчүн чараларды көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27, 46, 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү менен бирдикте эки жумалык мөөнөттө:

– жалпы билим берүү мектептерине киргизилбеген, окууга келбеген же окууну токтоткон мектеп жашындагы балдардын эсебин алсын;

– жалпы билим берүү мектептерине киргизилбеген, окууга келбеген же окууну токтоткон балдарды жалпы билим берүү мектептерине киргизүү боюнча зарыл чараларды көрсүн.

  1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен бирдикте бир айлык мөөнөттө турмуштук оор кырдаалда калган (балдарын кароо жана мектепте окутуу үчүн финансылык каражаттары жок) аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана балдарды тапсын жана зарыл болгон кийимдерди, мектеп формасын жана мектептик окуу-буюмдарын сатып алууда аларга жардам көрсөтсүн.
  2. Ушул Жарлыктын 1, 5-пункттарынын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жүктөлсүн.
  3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:

– эки айлык мөөнөттө баланын башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алуусу үчүн зарыл чараларды көрбөгөн же чектеген ата-энелердин, балдардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин караган мыйзамдын долбоорун иштеп чыксын жана аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизсин;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын

19-июнундагы № 388 “Мектеп курагындагы жана мектепке баруучу курактагы балдарды каттоого алуунун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомунун аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин отчетторун жыл сайын 1-июлга чейин карап турсун;

– ушул Жарлыктан келип чыгуучу финансылык, уюштуруучулук жана башка маселелерди чечсин.

  1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жана жалпы билим берүү мектептеринин директорлору жалпы билим берүү мектептерине балдардын баруусун системалуу түрдө талаптагыдай контролдоону камсыз кылсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарынын камсыз кылынышына жана билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына туруктуу негизде көзөмөл жүргүзсүн.

Жыл сайын 1-июлга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сакталышы жөнүндө маалыматты берип турсун.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: