Menu

Президенттин иш башкармалыгы: Административдик курулуштун жүрүшүндө “Манас айылы” маданий этнографиялык комплексине эч кандай зыян келтирилбейт

Бөлүшүү:

Буга чейин кабыл алынган чечимге ылайык, учурда “Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекстин курулушу башталууда.

“Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин жер тилкеси Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгына караштуу “Кыргызстройсервис” ишканасына таандык.

“Манас айылы” комплекси жайгашкан жердин 5 сотых тилкеси административдик корпустун аймагын тегиздөө үчүн алынып жатат.

Курулуш иштеринин жүргүзүүдөгү тоскоолдукту эске алуу менен “Манас айылы менен административдик корпустун ортосундагы темир тосмолор алынууда.

Курулуштун жүрүшүндө “Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин имараттарына жана объектилерине эч кандай зыян келтирилбейт. Мындан тышкары, келечекте “Манас айылы” маданий-этнографиялык комплексинин аймагын реконструкциялоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү каралууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: