Menu

2016-жылы дүйнөнү оор сыноолор күтүп турат

Бөлүшүү:

Башка көйгөйлөр менен катар экономикалык кризис да олуттуу маселе жаратат. Ар өлкөлөр быйылкы каатчылыкка каршы камылгаларды көрүүдө. Кыйынчылыктардын күтүлөрүн кыргыз бийлиги да жашырган жок.

Көпчүлүктүн баамында 2015-жыл оңой узаган жок. Көйгөйлөр бул жылы да уланаарын, айрым маселелер мурдагыдан да курч болоорун коңгуроо кылышууда. Террор коркунучу, миграциялык кризис, таасир талашуу, айтор эксперттер көңүл бурган маселелер аз эмес. Айрыкча экономикалык каатчылыктан ондогон өлкөлөр жапа чегээри болжолдонууда.

Дүйнө олуттуу экономикалык көйгөйлөрдү күтүп турганын айткан адистердин катарында канадалык Уильям Уайт дагы бар. Анын буга чейин 2008-жылы болгон каатчылыкка карата болжолдору туура чыккан.  Бул ирет андан да чоң кыйынчылыктар болоорун боолголойт. Ал айрым мамлекеттердин карыздары акыркы сегиз жылда бир топ жогорулаганына өзгөчө көңүл бурат. Кризис өлкөлөрдүн социалдык жана саясий туруктуулугун сыноодон өткөрөт деген пикирде.  Европалык банктардын өнүгүп келе жаткан рынокко жумшаган насыяларын “үмүтсүз” деп мүнөздөйт. Эң негизгиси экономиканын бул көрүнүшүнө дүйнө коомчулугу кандай көз караш менен карайт.

Бир катар өлкөлөр жылдын босогосун улуттук валютасындагы жоготуулар менен аттады. Азербайжан, Казакстан, Орусия, Тажикстан, кайсы бир деңгээлде Кыргызстанда да акча бирдиги долларга карата наркын жоготту. Бул да экономикалык өсүшкө кедергисин тийгизген фактор. Дал ушул жагдайды белгилеген Стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчиси Талант Султанов, Кытайдагы өнүгүү басаңдаганына да маани берет.

Бирок, Султанов жеке Кыргызстанга Кытайдын экономикасындагы өксүктөр эмес, Орусия менен Казастандагы көйгөйлөрдүн таасири көбүрөөк тийип жатат деген ойдо. Мунайды өндүргөн өнөктөш мамлекеттер анын баасынын кескин төмөндөшүнөн жапа чекти. Кара майдын наркы дагы арзандайт деген дүйнөлүк божомолдор бар. Бул бизде бензиндин арзандашына алып келгени менен экономикабыздын жалпы көрүнүшүнө оң натыйжа бербейт. Ал эми өзүбүз үмүт арткан алтындын баасында өзгөрүү байкала элек.

Каатчылыктан чоочулаган Орусияда экономиканы өнүктүрүүнүн башка жолдорун караштыруу демилгеленүүдө. Ресурсту сатып киреше тапкан ыкмага гана артыкчылык берүү кайсы бир учурда кыйынчылыктарды алып келээрин Москванын элитасы моюндай баштагандай. Быйылкы кризис оңой эмес сыноо болоорун Казакстан да сезип жатат. Коңшу өлкөнүн президенти Нурсултан Назарбаевдин бул багытта мындай деген:

Энерго каражаттардын баасынын төмөндөшү шарттаган бир катар өлкөлөрдөгү  экономикалык кризис дүйнөгө, анын ичинде Казакстанга да таасир этет. Бул  жөнөкөй эмес учур өлкөдө көп милдеттерди жаратууда. Дүйнөдө жаңы реалдуулук  башталып жатат. Бул чийки заттын арзан шартында, орто жана чакан ишкерликти  өнүктүрүү менен жашаш керек дегенди билдирет. Мындай татаал учурда ресурстарды  үнөмдөп, жумушчу орундарын сактап калууну түшүнүү зарыл. Бүгүнкү учур биздин  мекенчилдигибизди сынайт. Маселени саясатташтырып, күнөөкөрлөрдү издеген  чагымчылдыкка жол бербешибиз керек. Дагы бир жолу айтам, бул дүйнөлүк процесс,  кризис.

Быйыл оңой жыл эмес экенин кыргыз бийлиги да жашырган жок. Өкмөттүн каатчылыкка каршы өз программасы бар. Экономика министри Арзыбек Кожошев анда камтылган негизги багыттарды атаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: