Чыйырчык эс алуу базасы көп убакыттан бери талашка түшүп келет. Буга чеийн Чыйырчык эс алуу базасы Алай районуна карайт деп айтылып келген. Бирок Чыйырчык эс алуу жайы Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө документтик негизде өткөрүлүп берилген. Бүгүнкү күндө аталган жерди Ак элечек аялдар коомдук фонду ижарага алып иштетип келишет.Бирок Чыйырчык эс алуу базасын белгисиз эле жарандар бир бөлүгүн ээлеп алышкан, алардын айтымында бул жерди Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнөн ижара төлөп алышкан.
Жогоруда айтылгандай Ак элечек аялдар коомдук фонду аталган жерди 49 жылга ижарага алып иштетип жүрүшкөн.Бул маселе райондор аралык сотунда каралуу алдында турат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ