Бишкекте бүгүн, 3-февралда депутаттардын жана өкмөт мүчөлөрүнүн эски унаа номурлары жок кылынды. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев журналисттерге билдиргендей, бүгүн баш аягы болуп 143 KG үлгүсүндөгү унаа номурлары жок кылынат.
“Бүгүн 23 үч номурлуу жана министрлер колдонгон 120 төрт номурлуу унаалардын номурлары жок кылынды. Андан сырткары, президенттин аппаратынын 20 номуру жок кылынат”,-деди Сарпашев.
Маалыматка ылайык, бардык номурлар жок кылынат.
ММК жетекчиси кошумчалагандай, президенттин унаасынын номуру өлкө символу катары сакталып калат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ