Menu

Нарын облусу боюнча Малайзияга жолдомону 8-класстын окуучусу Уланбек уулу Элназар утту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги жана мекенибиздеги 9 алдынкы ЖМК биргеликте баштап, бүткүл мамлекетибизди кучагына алып, бир ай бою жүргүзүлгөн “Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм” деген аталыштагы дил баяндар сынагы жыйынтыкталды.

Кыргыз жериндеги 9 алдынкы маалымат булагы өлкөбүздүн 7 дубаны жана Ош менен Бишкек шаарларын бөлүп алышып, ар бири өз аймагынан дил баяндарды кабыл алып, жыйынтык чыгарышмак. “Супер-Инфо” гезити сынакты Нарын облусу боюнча жүргүзүп, редакцияга келип түшкөн 106 дил баяндын ичинен 14 жаштагы Уланбек уулу Элназардыкын мыкты деп баалап, аны жеңүүчү деп тапты.

Элназар Нарын шаарындагы Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучусу. Жеңүүчү болгонун укканда кубанып, күлүп да, кыйкырып да алды.

– Элназар, куттуктайбыз! Нарын облусунун окуучулары өзгөчө активдүүлүгүн көрсөтүштү. Ар бир районунан дил баяндар келип жатты. Жүздөн ашык окуучунун арасынан суурулуп чыгам деп күттүң беле?

– Күткөм, ооба, күткөм. Бүгүн сынактын жыйынтыгы жарыялана турган күн эмес беле. Эртеден бери үй-бүлөбүз менен күтүп отурдук эле.

– Жеңүүчү болгондогу сезим кандай экен?

– Жыргап жатам.

– Жыйынтыкты сени менен кошо күтүп отурган дагы кимдер бар, үй-бүлөңдөн башка?

– Таенем, бүт туугандар күткөн болчу. Досторго да сунуштагам, “ушундай сынак жүрүп жатыптыр, катышкыла” деп.

– Кимге сүйүнчүлөдүң?

– Таенемди күтүп жатам. Азыр үйүндө эмес болчу. Ошого сүйүнчүлөйм.

– Дил баянда буга чейин Москвада болгонуңду жазыптырсың. Дагы кайсы чет өлкөдө болгонсуң?

– Орусиядан башка чет өлкөгө чыгып көрө элекмин.

– Жеңүүчү 9 окуучу кышкы каникулда Малайзияга барып эс алып кайтат. Ал өлкө кайсы жакта жайгашканын, эмне болгон өлкө экенин билесиңби?

– Ооба, билем. Индонезия менен чектешкен Түштүк-Чыгыш Азиядагы өлкө. Борбор калаасы Куала-Лумпур шаары.

Элназардын кебин атасы Уланбек улантып, “бүгүн сынактын жыйынтыгы чыга турган күн” деп эртең менен май токоч бышырып, жубайы экөө “уулубуз жеңсе экен” деп тилек кылышканын билдирди.

Нарын облусунан жиберилген дил баяндардын арасында Ат-Башы районунун Дыйкан айылынан Болот Арналиевдин, Нарын районунун Учкун айылынан Алмаз Эшбаевдин, Нарын шаарынан Алишер кызы Нуржанаттын, Жумгал районунун Чаек айылынан Нурхан Буларбековдун дил баяндары да өзгөчө кызыгууну жана талкууну жараткан эмгектер болду.

Эсиңиздерге салсак, дил баяндар сынагына өлкөбүздүн жети дубанынын жана Ош менен Бишкек шаарларынын 12 жаштан 15 жашка чейинки окуучулары катышты.

Жеңүүчү деп табылган дил баянды сунуштайбыз (автордун стилистикалык жазуу өзгөчөлүгү өзгөртүлбөй берилди):

“Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм”

Кыргызстанда азыр жашоо жакшы деп эсептейм: согуш жок, элдин курсагы ток, кийими бүтүн, кафелерде күндө той дегендей. Ошону менен кошо элдин психологиясын, элдин түшүнүгүн, билим деңгээлин, мамлекетке болгон мамилесин да өнүктүрүш керек. Ошондо менин кыргыз элим, менин кыргыз жерим сөзсүз гүлдөп-өнүгөт. Мен ишенем!

Уланбек уулу Элназар, 14 жаштамын.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: