2016-жылдын 1-январына карата Лейлек районунун калкынын саны 133 349 адамды түзсө, анын ичинен эркектердин саны 67865, ал эми аялдардын саны 65484 түздү. Бул тууралу Лейлек райондук акимчиликтин басма сөз кызматкери Эрмек Бахавадинов билдирди.
Ошондой эле кожолуктун саны 29725 болду. Белгилеп кетүүчү нерсе 2015-жылдын 1-январына карата райондун калкынын саны 131023 адамды түзгөн болсо, өткөн жылга салыштырмалуу быйыл калктын саны 2326 адамга же 1,8% өскөн. Анын ичинен эркектер салыштырмалуу 1110 адамга көбөйсө, аялдар 1216 адамга көп болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ