Menu

Канатбек Исаев, “Кыргызстан” фракциясынын лидери: “Кризис улана берсе, Темир Сариевди отставкага кетиребиз”

Бөлүшүү:

Маектешимдин чоң саясаттагы орду өзгөчө. Жөнөкөй тил менен айтканда – үчтүн бири. Баса, Канат мырза 41 жашка жаңы толду! Куттуктайбыз! Эмесе, элдин колдоосуна ээ болгон, келечеги кең саясатчынын баарлашуусу кайдыгер калтырбаса керек…

–Канатбек Кедейканович, “Кыргызстан” фракциясынан чыгарылган Эльмира Жумалиева, Чолпон Эсенаманова, Урмат Ишенбековдун айынан сиздин атыңызга көлөкө түшүп атат да. Бул чыр-чатак боюнча коомчулук ар кандай болжошууда. Сиз конкреттүү түрдө өзүңүздүн аргументтериңизди айтып берсеңиз?

–Буга чейин биз тараптан расмий билдирүүлөр болбогондон улам, ар кандай сөздөр жаралууда. “Булар көп добуш алган, мыйзамсыз кетирип атышат, арыз жазган эмес” деген сыяктуу. Биринчиден, үчөө тең өтө төмөн добуш алышкан. Жумалиева эки миңге жетпеген добуш алса, Ишенбековдуку үч миңге жеткен эмес, ал эми Эсенаманова атасы экөө биригип, төрт миңге чукул добуш камсыздашкан. Мандатка ээ болуу үчүн мындай “ийгиликтер” жетишсиз экенин эскертип коеюн. Негизи беш миңден өйдө добуш алгандар гана депутат боло алышмак. Булардын айынан эл колдоосуна ээ болгондор да мандатка жетпей келишет… Эң башкысы, Кыргызстанда карапайым калктын ишенимине ээ болгон, тиешелүү добуш алган адамдар гана депутат болушу шарт. Ал эми колдоочусу жок туруп эле парламентте отуруп алып, эмне үчүн элдин атынан сүйлөшү керек? Өздөрүнүн региондорунда кадыр-барктары жок болуп, эмгек кылбаган адамдарды кантип жогорку трибунадан бакылдатабыз? Экинчиден, булар өз ыктыярлары менен фракциянын курамынан чыгышкан. Конституциянын 73-беренесине ылайык, өз ыктыяры менен фракциянын курамынан чыкса, автоматтык түрдө мандатынан ажырайт. Ал эми арыздарды үчөө тең өз колдору менен жазганын экспертиза дагы тастыктады. Бул боюнча башкы прокуратура иликтеп, мыйзамдуу түрдө корутундусун чыгарган.

–Негизи ызы-чуу кылбай эле түшүнүшүү жагынан иш кылсаңыздар болот беле?

–Туура, биз деле чыр-чатаксыз келишип алууга аракет кылганбыз. Мисалы, Жумалиевага вице-премьер-министрлик кызматты сунуштаганбыз. Ал эжекебиз болсо, бир гезитте “вице-премьерликти сунуш кылганда барбай койдум” десе, экинчи интервюсунда “кызмат берген эмес” деп айтып атат. А чындыгында, Жумалиевага вице-премьер-министрлик орунду сунуштаганыбызды көпчүлүк коалициянын лидерлери, мүчөлөрү жакшы билишет. Мисалы, Чыныбай Турсунбеков, Өмүрбек Текебаев күбө. Ошондой эле Эсенамановага, Ишенбековго да кызмат жагынан сунуштар болгон, тилекке каршы, алар дагы баш тартышкан.

–Айрымдар “Республика – Ата Журттун” мандат талашуусун сиздердикине салыштырганы кандай?

–“Республика – Ата Журттун” депутаттары фракциядан чыгышып, сот аркылуу мандаттарын сактап калышканын бизге салыштыруу, бир мааниде кароо болбойт. Түп тамырынан маселе эки башка. Анткени, ал партиядан чыккан депутаттардын шайлоого чейинки жазган арызында “мөөнөтүнөн мурда мандаттан баш тартам” деп БШКга жазган каттары бар. Ал жагдай каралганга чейин арыздарын чакыртып алса болот. Бизде болсо маселе такыр башкача, аталган үчөө өз каалоолору менен фракциядан чыгып атышпайбы. Жогоруда айткандай, мындай шартта Конституциянын 73-беренесине ылайык, автоматтык түрдө мандаттарынан ажырашканы мыйзамдуу негиздер менен бекемделип турат.

–Ошол мандаттан ажыраган кечээги коллегаларыңыз моюн беришпей, жетиштүү добуш алышканын айтышууда. Негиздүүбү?

–Жок! Фракциядан чыккан депутаттар каралап, жалган маалымат тарата башташты. Маселен, Ишенбеков Кочкордон да добуш алганын айтып атат. Андай эмес да, ал жактан төрт талапкер чыккан: Макеев, Алжанбаев, Ибраев, Шаршенбаев. Андыктан, Кочкор районуна Ишенбеков Урматтын эч кандай тиешеси болгон эмес. А Эсенаманова атасы экөө: “Жайыл менен Панфиловдун добушун биз алганбыз” дейт. Панфилов районунан Алыбаев Орозбек, Осмонбаев Асан чыкса, Жайылдан Карымшаков Бактияр негизги талапкер болгон. Эсенамановдор болгону Панфиловдогу эки айыл өкмөтү менен иштешкен. Ал эми Жумалиева “Таластагы добуштун баарын мен алдым” деп атат. Жок! Таластан Жумабеков Дастан, Бекмурзаев Доскул, Асейин, Кенжебаев Байгазы деген жигиттер шайлоого аттанышкан. Баарынын добуштары биригип, он миңге жетпей калган. Жумалиева болсо, эки миңге жетпеген добуш алганын баса белгилеп коеюн.

–Негизи шайлоого карата партиянын тизмесин түзгөндө шашылып, катачылыктар кеткен окшойт…

–Ооба, шашылыш болуп калганын моюнга алабыз. Биз кыска аралыкта партияны жандандырып, шайлоого аттанганда “добуш ала албай калсам, тизмеден чыгып кетем” деген жигитче сөз берүүлөр болгон. Тилекке каршы, ошол сөздөрүнө айрымдар турбай, шайлоодон кийин мандаттарына тырмышып отуруп алышты. Баса, кээ бир партиялар шайлоо алдында “Кудай урсун, баламдын жакшылыгын көрбөй калайын” деген анттарды айтышып, аны бузганга барышты. Мындайларды көргөндөн кийин мыйзамдын, Конституциянын астында ант берүүнүн зарылчылыгы барбы? Антты тебелеген адамдарда ыйыктык, баалуулуктар болобу? Элге кантип кызмат кылышат? Эң оболу, ар бир адамдын максаты мандат болбош керек. Бизде шайлоо астында алдыңкы тизмеге туруу үчүн жанталашышат. А партиянын идеологиясын, курамын, тутунган багытын караган киши жок. “Кийин келечекте партиялаштар менен иштешип кете аламбы, көз караштарыбыз туура болобу?” деп да ойлонушпайт. Эптеп эле мандатка илинишсе болду.

“Көч бара-бара түзөлөт” дейт. Азыр биз келечеги кең команда катары түптөлүп, партиябызды бекемдөө иш-аракеттерин жүргүзүп атабыз. Негизи бири-бирибизди көп жылдан бери тааныган, туруктуу адамдар партияны түзгөнбүз. Кыска мөөнөт болсо дагы, ийгиликке жетише алдык. Анткени, көпчүлүгүбүз буга чейин өз округдарыбызда элге жакшылыктарды жаратканбыз. Ишенимге ээ болдук. Ошон үчүн бизди элибиз колдоду. Эске салсак, бизде парламентке экинчи ирет партиялык тизме менен шайлоо болду. Ошондуктан, “Кыргызстан” фракциясында эле эмес, баардык партияларда мүчүлүштөр, ички кемчиликтер бар. Партиялык тартипти бекемдеш үчүн, ички ызы-чуулар болбош үчүн референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү зарыл. Маселен, кечээ эле Феликс Куловдун партиясына кирип, “Ар-Намыстын” акчасы, добушу менен депутат болгондор эки айга жетпей эле лидерин партиядан кетирүү талаптарын чыгарып атышпайбы. Ошол эле депутаттар бүгүн башка фракцияларга кирип алышып, кайрадан эски оорулары менен ичтен иритишип, бузукулук иштерин жасап жүрүшөт. Ошол себептен, партиянын кызыкчылыгы үчүн мандаттарды ажыратууну съездин чечими мененби, айтор, бир жолун табуу керек. Айрымдар айтышы мүмкүн: “Съездин чечими менен мандатты жок кыла береби?” дешип. Андай боло турган болсо, шайлоо астында ким менен идеялаш болуу, пикир келишүү жагын ойлошсун да, негизи партиялаштарына карата ишеними болушу шарт. Партияга кирип атканда мамлекетке, элге кызмат кылуу үчүн бекем позиция керек. А бизде убактылуу кызыкчылык үчүн саясый күчтөрдүн атын жамынып жүргөндөр арбын. Андыктан, биз партиялык тартипти референдум аркылуу мыйзамдаштырып, бекемдөө жагын карайбыз.

–Канатбек мырза, фракцияңызда мандат чуусу чыкканда, сиз чет өлкөдө болуп калдыңыз, ошондо Өмүрбек Бабановго караштуу маалымат булактары сизди каралоого өткөнү кандай? Же Бабанов сизди таасирдүү оппонент катары көрүп, чоочулап, мүдүрүлтүү аракетине өткөнүбү?

–Кыргыз элинде көп жакшы сапаттар бар, ошого катар начар сапаттар дагы арбын, бирок, ошонун ичинен көралбастык жагын айтпай коюу болбойт. Бирөөнүн кичинекей кемчилиги байкалса, ошого сүйүнүп, табаламай жагынан да куру калбагандар арабызда жүрөт. Ичкүйдүлүк менен жашагандарга таңгаласың. “Республика – Ата Журт” фракциясы айрым депутаттарынын мандаттарынан ажыратуу маселесинде сотко уттуруп коюшкан. А биздин партия мыйзамдуу жеңишке жетүүдө. Саясатта Бабанов экөөбүз тең жашпыз. Эми анын ичинде кандай бузукулук бар экенин жоруп отургум келбейт…

–Шайлоо астында “Кыргызстан” партиясы негизинен эки чоң убаданы бергени эсимде. Ушул жагын чечмелей кетсеңиз?

–Биздин партия жаңыдан телчигип келатат. Курамы да негизинен жаштардан турат. “Кыргызстан” менен биринчи шайлоого катыштык, Кудай буюрса,  ийгиликтер алдыда. Бизде саясый амбиция бар, келечекте дагы шайлоолорго катышабыз. Өткөн парламенттик шайлоодо биз аткарыла турган эки убада бергенбиз. Башкалардай болуп, “жол салабыз, мектеп курабыз, пенсия, айлыкты көбөйтөбүз” деп алдаган эмеспиз. Эң негизги ишибиз, буга чейинки партиялаштар түптөгөн элүү ири ишкана бар экен. Мына ушул жагын жүзгө жеткизүү үчүн убада кылганбыз. Парламентке келгенибизге аз гана убакыт болду, буюрса, быйыл жети-сегиз чоң ишканаларды ачып, элди жумуш орундары менен камсыздаганы турабыз. Келечекте, беш жылды күтүп отурбай деле жогоруда айткан элүү ишканабызды ачып берүүгө көзүбүз жетет. Мунун өзү миңдеген жумуш орундары, миллиондогон салыктар да. Экономиканын эң башкы локомотиви өндүрүш эмеспи. Партиянын негизги максаты да Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү, элди жумуш орундары менен камсыздоо. Эми экинчи убадабызга келели. Кыргыз элинин санын көбөйтүү планы менен башталат. Биринчи байлыгыбыз алтын, көмүр же күйүүчү май эмес, байлыгыбыз – эл! Качан элибиздин саны арбып, инсандык ресурстар көбөйсө, мамлекетибизде жашоо жакшырат. Бул жагынан көп балалуу үй-бүлөлөрдү, энелерди колдоо иретинде сүйүнчү пул берүүнү партиянын программасына киргизгенбиз. Ар бир жаңы төрөлгөн балага 50 миң сомдон берүүнү ойлогонбуз.

–Бул боюнча мыйзам жазасыздарбы?

–Мыйзамдын долбоору азыр даяр. Коалициялык өкмөт куралып атканда, Темир Сариев суранды, “быйыл бюджетте 20 миллиард сом дефицит болуп атат, кийинки жылы алыскы тоолуу райондордон, оор шартта жашаган үй-бүлөлөрдөн баштасак” деп. Биз өкмөттүн аянычтуу абалын көрүп, макул болдук. Бул идеябыз менен ички миграцияны токтотконго да жакшы жөрөлгө түзүлөт. Ошентип, кийинки жылы жаңы төрөлгөн наристелерге 30 же 40 миң сомдон сүйүнчү пулду бере баштасак болот. Анан акырындап, айткан убадабызды толук кандуу аткарууга жетишебиз.

–Депутаттык 5 жылдык мөөнөт бүткүчө жетишесиздерби ошондо?

–Буюрса. Анүчүн мен жогоруда айткандай, өндүрүштү өнүктүрсөк, салыктар көбөйөт, ошону менен катар биздин көтөргөн идеяны мамлекет ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алат.

–Коомчулук ичинде өкмөткө нааразычылык күчөп баратат. Баардык тармактар кризиске кептелип атканын сиз деле көрүп атсаңыз керек?..

–Темир Сариев өкмөт башчы болгондон бери биз пайдалуу демилгелерди көтөрүүдөбүз, тилекке каршы, аткарылбай келатат. Эң негизгиси, биздин партиянын максатын ишке ашыруу үчүн өндүрүшкө өзгөчө көңүл буруш керек. Качан гана өндүрүш өнүгүү жолуна түшкөндө, мамлекет айыл-чарбасын да колдоого мүмкүнчүлүк алат. Соода жана тейлөө тармагы жакшырат. Мисалы, Россияда канча деген миллиард доллары фонддо туруп, анан мунайдын баасы түшүп кеткенде, ошол резервдеги акчасын пайдаланып атышат. Казакстанда да ошондой, мунайдын баасы түшкөндөн кийин, улуттук валютасынын наркы түшүүдө. Буларда экономикасы түздөн-түз күйүүчү майга байланыштуу болгондуктан, өндүрүш жагын алсак, жетиштүү деңгээлде эмес эле. Андыктан, Кыргызстанда да өндүрүштү бутка тургузмайын, эч кандай экономикабыз көтөрүлбөйт. А өкмөт биздин айтканыбызды аткара албай келатат. Эң башкысы, ички дүң продукциянын көлөмүн көбөйтүп, элди жумуш менен камсыз кыла турган ишканаларды жандандырып, салык саясатын ырааттуу кылсак, экономикабыз алдыга жылмак. Мына, бүгүнкү күндө көрүп атабыз, айыл-чарба продукциясы сыртка чыкпай калды. Учурда бирден-бир программабызды ишке ашыруу – атамекендик ишканаларды колдоо иретинде, унга, буудайга НДСти алып салуу үчүн өкмөткө тапшырма берип, мыйзамдуу түрдө өткөрдүк. Ушундан улам өзүбүздөгү ун чыгара турган ишканалар Казакстандыкы менен атаандаштык шартта иштегенге мүмкүнчүлүк пайда болду. Мындай шартты баардык тармактарга түзүп беришибиз керек. Бизнес кылгандарга жеңилдетилген кредиттерди берип, ошол эле кезде сырттан келе турган инвесторлорго шарт түзүп беришибиз зарыл. Мына, эгемендүүлүк алганыбызга 25 жыл болгону турат. Америкадан, Япониядан, Германия, Франциядан инвесторлор келдиби? Көрүп атабыз, инвесторлор негизинен Кытайдан келүүдө. А өнүккөн, заманбап технологияларга ээ болгон батыш өлкөлөрүнөн бир да ири инвестор келген жок. Мамлекеттин өндүрүшүнө керектүү акча салууга өзүбүздүн ички мүмкүнчүлүгүбүз жетишсиз. Ошон үчүн биз сырттан келе турган инвесторлорго жакшы шарт түзүп берүүгө милдеттүүбүз. Дал ушул бүгүнкү күндөгү оор абалда өкмөт кризистик программа катары сунуштарды да кылган жок.

–Буга чейин көрбөдүкпү, Бажы биримдигине даярдыксыз кирип алып, эт жана айыл-чарба продукциясы сыртка чыкпай калды. Лабораториялар алигүнчө курула элек экени эмнеден кабар берет?

–Туура, Бажы биримдигине киргенге чейин баардык шарттарды даярдап коюш керек болчу. Учурда эт, сүт жана башка айыл-чарба продукциялары кошуна мамлекеттерге же алыскы Араб өлкөлөрүнө чыга албай атат. Ошол лаборатория, идентификация болбогону айыл-чарба тармагына бөгөт коюлду. Өкмөттүн чабал, ыраатсыз саясатынан ушундай болууда. Мындай көйгөйлөр эчак эле жолго салынышы керек эле.

–Буга чейин өкмөттүн антикризистик программасы жок экени боюнча сындалып келген. Мындай темп менен кете берсе, жакын арада айлык, пенсияны бере албай калбайбы? 

–Бүгүнкү күндө деле айлыктары убагында берилбеген тармактар бар экен. Бюджетти кабыл алууда мен өкмөттү катуу сынга алдым. Анткени, быйылкы жылга 22 миллиард сом дефицит болуп атса, 2017-жылга да божомол менен 20 миллиард сомдон кем эмес дефицит экен. Эки жылда 42 миллиард сом менен дефицит болууда. Бул жарым миллиард доллардан ашык акча да. Туура, карыз алса болот, бирок, аны реалдуу түрдөгү өндүрүшкө жумшасак, анан салыгын төлөп, жумуш орундары менен камсыздап, ички дүң продукцияга кошкон салымы менен экономикабызга пайда апкелсек гана ийгиликтүү иш болот да. Эгерде өкмөт карыз акча менен жол, мектеп, спорт зал куруп, айлык акыларды жаба берсе, аягы эмне болот? Кайра андай курулуштарды тейлеп, оңдоп, эмгек жамаатка маяна төлөш керек да. Ошол эле учурда сырткы карызыбызды тейлөө жагы эле кыйынчылык жаратат, алган карыздын проценти жыл сайын өсө берет. Учурда сырткы карызыбыз ички дүң продукциябыздын көлөмүнө салыштырганда 60 пайызга келип калды. Бул өтө чоң сумма. Эгерде алган карызды өндүрүшкө сала турган болсок, анда бул жагынан өсүү болмок. А азыркыдай эле популизм менен карыз акчага жол, көпүрө, же башка курулуш иштерине жумшай берсек, келечегибиз татаалдаша берет.

–Ошентип, образдуу айтканда, өкмөт сазга батып эле кете береби? 

–Ушундай кризис убагында страхования маселесин, казино, тоолуу райондордогу жеңилдетилген шарттарды алып салуу сунуштарын кылышты. Менимче, Темир Сариев карапайым калктын кыйналып жашап атканын билбегенин көрсөттү. Мындай тескери кадамга Жогорку Кеңеш жол берген жок. Барган сайын күнүмдүк көйгөйлөр көбөйүп баратат. Эгерде өкмөт отчетун бергени келгенде кризистен чыгып кетүү жагын көрсөтө албаса, анда коалициялык көпчүлүк, парламент чечкиндүү кадамдарга баруу менен отставкага кетирүү жагын көтөрөт. Анткени, бизден дагы эл сурап атат. Доллардын курсу көтөрүлүп атса, курулуш иштери солгундап, айыл-чарба продукциясынын жана малдын баасы төмөндөсө, эл кыйналып отура береби? Биз оор учурда эл менен иштеп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп атабыз. Ошол эле учурда өкмөт чечкиндүү кадамдарын көрсөтө албаса, парламент өзүнүн баасын бериш керек да.

–Өкмөттүн ишмердүүлүгү жаныңызга баткан окшойт?

–Албетте. Тартип жагынан дагы өкмөттүн иштөө багыты жок, ыраатсыз. Маселен, Темир Сариевге фракция жетекчилери, депутаттар кат жазса, убагында жооп болбойт. Фракция лидерлерине, депутаттарга мындай кайдыгер мамиле кылып атса, а карапайым элди ойлойбу? Жер-жерлерде акимдердин, мэрлердин мыйзам бузган фактылары көп, эгерде өкмөт, жергиликтүү бийликтин башчылары үлгү боло тургандын ордуна, тескери кетип атышса, а эл эмне дейт? Биринчиден мамлекеттик кызматкерлер үлгү көрсөтпөйбү? Дагы бир көйгөй, сырткы инвесторлор келсе, бизде электр энергиясы жетишсиз. “Электр кубаттуулугун бере албайбыз, жетишсиз” дейт. Анда кантип инвестор чакырабыз? Мындай кырдаалдан чыгуу үчүн ички инвесторлорду таптык, алар чакан ГЭС курууга даяр турушат, бул жагдайда өкмөткө кат жазгам. Эки айдан бери жооп жок. Мамлекеттин жерин сатып алып, 1-1,5 жылда электр энергиясын чыгарууга бел байлап атышса, ошону чечип бербейт. Мындай көрүнүштөн соң, анан кантип чоң долбоорлор жүзөгө ашмак эле?

Баса, билесиңер, мен Аккула, Каракол ат майдандары мыйзамсыз сатылып кеткени боюнча маселе көтөргөм. Каракол ат майданын мамлекетке кайтардык. Ал эми Аккуланы мамлекетке алуу үчүн сот процесси уланууда. Бир жылдан бери өкмөт токтом чыгарып бериш керек болчу, тилекке каршы, кайдыгерлигин көрсөттү. Ушул маселенин эмне болуп атканын сурап, кызыгып да койбойт. Биз чуркап жүрөбүз. Дал ушундай элдин чоң мүлкүнө кайдыгер болсо, улутташтырылган ишканалардын ахвалы аянычтуу болсо, мамлекет өзүнүн менчигине көңүл кош караса, анан кантип экономикабыз өссүн? Темир Сариев бюджеттин акчасын кризисти жеңе турган өндүрүштүк багыттарга жумшабай, утурумдук пиар үчүн ар кандай курулуш иштерине пайдаланганын кандайча түшүнөбүз?..

Асланбек САРТБАЕВ    

         

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: