Menu

Айбек Турганбаев, Ош облусунун прокурору, генерал-майор: “Мен бура сүйлөгөн, тамашага жакын адаммын”

Бөлүшүү:

Биз сөз кылуучу генерал-майор көп жылдардан бери укук коргоо органдарында иштеп келе жатат. Кезегинде аскер прокурору, МЖАК (мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматы), Бишкек шаарынын прокурору сындуу күч органдарындагы “көзүрлүк” кызматтарды аркалаган жайы бар. Ток этери, укук коргоо жаатын ичтен билген, бул тармактын “коен жатагына” чейин өздөштүргөн профессионал адис. Тамашалай сүйлөсө, жанына киши чыдай албайт. Чоң куудул. Элдик оозеки чыгармачылыкты жандай көргөн, көркөм сөздү баалай билет. Мындай талантка эгедер инсанды кантип кепке тартпайсың?..

–Айбек мырза, силер эле эмес, учурда коомчулук “Ислам мамлекетине” каршы топ менен күрөшүп жатпайбы? Бул топ алакандай өлкөбүздүн баардык региондоруна канат-бутагын жайса, анын ичинде Ош облусунда да тамырлап кеткендигин жокко чыгарууга болбойт. Алгач, бул жааттагы конкреттүү аткарып жаткан ишиңизге токтолсоңуз?

–“Ислам Мамлекети”, өзүң айтмакчы, балакет топ эл аралык террористтик уюм болуп жатпайбы? Бул уюм биздин гана мамлекетке баш ооруну жаратып жаткан жери жок. Дүйнөгө тынчтык бербей, эл аралык коомчулукту тынчсыздандырууда. Бул топтун ичинен да бөлүкчөлөр бөлүнүп чыккан. Тагыраагы, “Катибат аль Имам аль Бухари”, “Фронтан-Нусра” же “Джабхат-ан-Нусра”, “Жаннат Ошиклары”, “Джамаат ать-Таухид валь-Джихад” деген эл аралык террористтик уюмдар. Мына ушундай террористтик уюмдарды биз жок кылыш үчүн, жалпы Кыргызстан боюнча булардын негизги тутунган идеологиясын, жүргүзгөн ишмердүүлүгүнө жол бербөө максатында жергиликтүү сотко арыз менен кайрылдык. Жогорудагы мен атаган “Ислам мамлекетин” курмакчы болушкандардан бөлүнүп чыгышкан 4 топтун өкүлдөрү Кыргызстандын аймагынан биринчи ирет бизден кармалып жаткандан кийин, алгач өзүбүз жалпы мамлекеттин коопсуздугу үчүн биз сотко бердик. Ошондой эле жогорудагы топтордун өкүлдөрүн мыйзам чегинде, укуктук талаада жоопкерчиликке тартыш үчүн, алардын өздөрүнүн идеологиясын мындан ары жайылтпоо максатын көздөп, фемида өкүлдөрүнө, УКМК менен ИИМге да булар тууралуу кулак кагыш кылып, жалпы комплекстүү иштерди аткаруу максатында биргелешкен аракеттерди көрүп жатабыз. Булардын деле сасык ойлору “Халифатты, теократиялык мамлекетти орнотуу” болуп саналат. Болгондо да куралдуу күчтөр менен конституциялык түзүлүшкө каршы сокку уруп, согуш ачуу. Андыктан, алардын арам максаттарын алдын-алып, биздин облустун аймагындагы эң алгач 16 өкүлүн кармап, аларга кылмыш ишин козгоп, жоопкерчиликке тартканбыз. Булардын алды күчөтүлгөн режимде 12 жылдык жаза мөөнөтүн өтөөгө кириптер болушту. Ушул тапта булар боюнча облустук ИИМ менен УКМК өкүлдөрүндө козголгон кылмыш иштери бар. Өткөндө Кара-Суу районунда бир жараныбызды дал ушул мен атаган экстремисттик топтун өкүлдөрү атып кетишип, кайгылуу окуя катталды. Аталган кылмышка шектүү 14 жаран кармалып (арасында башка мамлекеттердин да жарандары бар), алар тергөө амалдарынын натыйжасында жогоруда мен атаган “Ислам мамлекети” тобунан бөлүнүп чыгышкан топтордун өкүлдөрү экендиги, Кыргызстанга атайын бир арам багыт менен келишип, “таттуу тилектерин” ишке ашыруу максаттары такталды. Биз алардын мындан аркы ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында андайларды кармап, жоопко тартканы турабыз. Жогорудагы аталган террористтик уюмдар факт жүзүндө Исламга жамынып алышып, джихадисттердин жана вахабисттердин идеологиясын жүргүзүп жатышат. Белгилүү да, вахабисттердин негизги идеологиясы бул “халифат куруу” болуп саналат. Бул болсо, интифада жолу, башкача айтканда, күч колдонуу аркылуу ишке ашырылат. Ал конституциялык түзүлүштөгү бийликтерди кулатууга багытталган. Булар Исламдын маңызын бурмалашып, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарына пайдаланышат. Андыктан, бул иштерге саясый боек сүртүп, “адам укугу” деген ураан же шылтоо менен аларды коргогон тап-такыр туура эмес. А буларды өз учурунда кармабасак, дагы далайдын убалына калышпаарына ким кепилдик бермек эле? Кыскасы, биздин жергиликтүү укук коргоо органдарындагы бул жааттагы аткарган иш-аракеттерибиз токтогон жок. Алдын-алуу иштери күчөтүлгөн ыргакта жүргүзүлүүдө.

–Сиз убагында мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматын да башкарып кетпедиңиз беле? Бүгүн жаза аткаруу системасы ичтен “ирип-чирип” бүткөндүгүн соңку ирет күзүндө катталган ири кайгылуу окуя дагы бир ирет бекемдеди. Ушул күндөрү мамлекет жетекчилигинин жаза аткаруу системасына көрүлүп жаткан “камкордугу” канчалык деңгээлде? Тармакты реформалаш үчүн сөзсүз эле адам өлүмүн күтүш керекпи?

–Мамлекеттик жаза аткаруу тутумундагы акыркы кездеги кадрдык өзгөрүүлөр, аталган тармакты каржылоо маселеси, системаны тыңгылыктуу реформалоо багыттары көтөрүлүп жатат. Эгерде ушул изги иштер ишке ашып кетсе, жаза аткаруу тутумунда буга чейин кайталанып келген кайгылуу окуяларга, кайсы бир жат көрүнүштөргө мындан ары бөгөт коюлат да. Жаза аткаруу тармагына алгачкы реформа аталган кызматты юстиция министрлигинин алдынан өзүнчө бөлүп, өз алдынча кызмат кылып түзгөндө башталган. Бул реформага жол ачкан алгачкы кадам болчу. Экинчи кадам, бул тармакта көптөгөн абройлуу эл аралык уюмдар менен иштешүү жагына жол ачылып, ички чарбаны, өндүрүштү өнүктүрүү сыяктуу жазага кириптер болгон жарандарыбызды эмгек менен камсыз кылуу жолго коюлган. Ар кайсы этаптардагы программа, жол-жоболор аталган тармактын алдына коюлуп, ошолор ишке ашып, шарттар түзүлгөндөн кийин гана иш оң жолго коюлат. Эгерде азыр мүмкүнчүлүк болсо, мамлекет жаза аткаруу тутумунда ички чарбалык өндүрүштү жолго койсо, өндүрүлгөн продукция сыртка базарга сатыкка чыгышы зарыл. Ошондо гана жазага кириптер болгондор эмгек менен алаксып, алардын маяна-пулдары сырттагы үй-бүлөсүнүн бюджетине таканчык болуп, үй-бүлө менен жазасын өтөп жаткан жарандын мындан ары толук кандуу тынччылыкта жашашына жагдай түзүлмөк. Ошондой эле бул системадагы тарбиялык маселелерди жогору көтөрүшүбүз зарыл.

–Сиздин кичи мекениңиз касиеттүү Ысык-Көл аймагы эмеспи. Бүгүн Ысык-Көл кланынан чыккан Байтемир Ибраев, айтылуу Кубанычбек Мамакеев, Нарын облусунун күпүлдөгөн прокурору Жаныбек Салиев, Токмок шаарынын экс-прокурору Марсбек Кыдыкбаевге окшогон жердеш кесиптештериңиз менен мамилеңиз барбы?

–Албетте, бир кемеде, бир кайыкта жүргөндөн кийин бири-бирибизди таанып, билебиз да. Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев экөөбүз курсташпыз. Мындан тышкары, жакын достук да мамилебиз бар. Ал эми береги Кубанычбек Мамакеев, Жаныбек Салиев сындуу жердеш-кесиптештерим деле мага жат эмес. Бирок, ортобузда ушул күнгө чейин кызматтык этиканын, ишмердүүлүктүн гана чегинде адамкерчилик мамилебиз бар. Андан бөлөк ашкере деле ынактыгыбыз жок. Ал эми Марсбек Кыдыкбаев жердеш үкам экенин укканым менен жакындан тааныбайт экенмин. Менин угушума караганда, жаш жигит экен. Кийинки жаштарды анчейин деле тааныбай калдык да. Мурда-кийин иштешпеген соң.

–Тар чөйрөдө, саясатчылар арасында сизди чоң куудулдук өнөргө бай сапатыңызды баса белгилеп айтып калышат. Айтыңызчы, мындай өнөр сизге кимден жуккан? Кийин пенсияга чыкканда, элге ушул өнөрүңүздүн чет-бучкагын эле көрсөтсөңүз, жылдызыңыз ой-да бир жанат эле ээ?

–Эми алар мага карата “Айбек куудул” деп өздөрүнчө жөн эле атап алышкан го? Менин андай деле ашкере куудулданып жибермей сапаттарым жок. Кээде гана жакын достор менен кезигише калганда, “бура сүйлөгөн күлгөнгө жакшы” дегендей тамашалашып калабыз. Ара-чолодо “чымчып”, куйкум сөздү сөз арасына кошуп жибергенимден улам айтышса, айтышкандыр. Бул эми көркөм адабиятты көп окуп, элдик оозеки чыгармачылыкка жакындыгымдан улам го. Кудай буюрса, пенсияга чыгышты Жараткан насип этсе, сен айткандай куудулданбай эле абышкалык доорду сүрөбүз го…

Калыгул Бейшекеев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: